Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:15

Орусия: 31-январдагы нааразылык жыйынынын катышуучуларына иш козголду


Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды бошотууну талап кылган нааразылык жыйындардын бири. Москва. 2021-жылдын 31-январы.
Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды бошотууну талап кылган нааразылык жыйындардын бири. Москва. 2021-жылдын 31-январы.

Жекшембиде, 31-январда, Орусиянын ондогон шаарларында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды боштондукка чыгаруу, жемкорлукка чыныгы күрөш жүргүзүү тууралуу талаптарды койгон нааразылык жыйындары өттү. Анын жүрүшүндө жана андан кийин айрым катышуучуларга бир нече кылмыш иши козголду.

Санкт-Петербургда, маселен, бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөттү деген доо боюнча кылмыш иши ачылды. Нааразылык жыйынынын бир катышуучусу атайын полиция кошуунунун бир жоокерин эки жолу башка муштаган. Шектүүнү полиция кармап кетти, бирок анын ысымы ачык айтыла элек.

Андан тышкары Санкт-Петербург полициясы автоунааларды же жолдорду бузгандарга каршы кылмыш ишин козгогону кабарланды. Бирок бул иш 23-январдагы окуяга карата 31-январда ачылган. Бул ишке байланыштуу жекшембиде таңга маал тогуз жерде тинтүү жүрдү. Үйү тинтилгендердин арасында жергиликтүү кеңештин депутаттары Владимир Волохонский менен Василий Кунин, айрым жарандык активисттер да бар.

Челябинск шаарында жолду мыйзамсыз тороду деген доо боюнча кылмыш иши ачылды. Бул окуяны тергөөгө байланыштуу 23 киши кармалып, суракка алынууда.

Санкт-Петербургдагы нааразылык жыйындарынын бири. 2021-жылдын 31-январы.
Санкт-Петербургдагы нааразылык жыйындарынын бири. 2021-жылдын 31-январы.

Москва шаарында коронавируска каршы санитардык чектөөлөрдү бузду, автоунааларды жана жолдорду жараксыз кылды деген доолор боюнча иштер ачылды. Саясатчылар Илья Яшин менен Андрей Пивоваров – кармалып кетип, суракка алынып жаткандардын арасында экени кабарланды.

Борбор шаарда «Росгвардия» кошуунуна таандык кызматтык автоунааны өрттөдү жана бийлик өкүлүнө зомбулук аракет кылды деген доолор боюнча да кылмыш иштери ачылган. Атайын полиция кошуунунун өкүлүн бейсбол таягы менен чабууга далалат кылды деп шек саналган кишини коопсуздук кызматкерлери кармап кеткени маалымдалды.

31-январдагы бир нече ондогон шаарларда өткөн нааразылык чараларына катышкандардын ичинен 5 миңден ашуун өкүл кармалганы кабарланууда. Бул Орусиянын соңку жаңы тарыхында бир эле күнү кармалгандардын саны жагынан рекорд жаңырткан көрсөткүч болду. Алардын ичинен 1,5 миңи москвалыктар болуп чыкты.

«Amnesty International» уюмунун маалыматы боюнча, Москвадагы убактылуу камак жайларында таптакыр орун калбай калды. Ошондуктан айрым кармалгандарды депортацияланчулар кармала турган имараттарга алып келишти.

Алексей Навальныйдын штабы кезектеги нааразылык жыйындары 2-февралга белгиленип жатканын жарыялады. Дал ушул күнү Москва соту абактагы Навальныйды колонияга жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алышы ыктымал. (TT)

XS
SM
MD
LG