Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:38

Олег Навальный менен Любовь Соболь үй камагына алынды


Адвокат Любовь Соболь айымды кармап кетүү учуру. Москва. 2021-жылдын 23-январы.
Адвокат Любовь Соболь айымды кармап кетүү учуру. Москва. 2021-жылдын 23-январы.

Орусияда жекшембиге белгиленген нааразылык жыйынынын ирегесинде оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын айрым жөкөрлөрүнө кысым күчөдү.

29-январда Москвадагы Тверской соту “санитардык иш” делген окуя боюнча кармалгандардын бардыгын үй камагына кесип, тергөөчүлөрдүн талабын канааттандырды. Бул иш 23-январдагы өлкөдөгү Навальныйды колдогон массалык нааразылык жыйындардан соң ачылган.


Жемкорлукту изилдөө максатында Навальный негиздеген кордун юристи Любовь Соболь, оппозициячыл саясатчынын бир тууганы Олег Навальный, Москвадагы штабдын координатору Олег Степанов, “Pussy Riot” кыймылынын өкүлү Мария Алехина, “Дарыгерлер альянсы” кесиптик кошуунунун башчысы Анастасия Васильева 23-мартка чейин үй камагына өкүм кылынышты. Аларга электрондук билерик тагылды. Аларга 23-январда коронавируска каршы киргизилген санитардык-эпидемиологиялык чектөөлөрдү бузду, деген айып коюлган.

Тасма. А.Навальныйдын Москвадагы тарапташтарынын үйлөрүн тинтүү.

Сот имаратынын жанына чогулган кабарчыларга коронавируска каршы киргизилген чектөөлөргө байланыштуу сот залына кирүүгө уруксат берилген жок.

Навальный жана аны шериктери 31-январда жалпы өлкө боюнча нааразылык жыйындарын кайталоону көздөп жатышат.


23-январдагы жыйындар маалында полиция дээрлик 4 миңдей кишини кармады. Бир нече шаарлардагы көчөлөргө жалпысынан 250 миңдей киши чыккандыгы маалымдалган.

28-январда өзүнүн убактылуу абакта (15-февралга чейин) кармалышына каршы жазган доо арызы сот тарабынан четке кагылган соң, Навальный орусиялыктарды Владимир Путиндин бийлигине каршы тайманбастан нааразылык иш-чараларга чыгууга кайрадан үндөдү. (TT)

XS
SM
MD
LG