Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:50

“Артымдан бир жыл аңдып жүрүшкөн”


“Артымдан бир жыл аңдып жүрүшкөн”
please wait

No media source currently available

0:00 0:45:14 0:00

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу коомдук ишмер, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев болду. Ал коммунисттерге кантип кошулганы, дин комиссиясынын жетектеп калышынын себеби, Убактылуу өкмөттүн түзүлүшү, Отунбаеванын президенттик мөөнөтү, Медет Садыркулов жөнүндө китеп жазышы, Атамбаевдин президент болушу жана башка суроолорго жооп берди.

- Эмилбек мырза, 2010-жылы 7-апрелдеги окуядан кийин Бакиевдин бийлиги кулап, Убактылуу өкмөт түзүлгөн. Сиз дагы ага мүчөсү болгонсуз. Эмне үчүн Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн саны 14 болгон же бул кокустукпу?

- Ал санды эч ким тандаган эмес, кокустук эле. Өзү негизи саны 15 болмок. Башында тизмеде Сооронбай Жээнбеков бар болчу. Ал Ошто губернатор болуп калгандыктан, калганы мүчө болуп, 14кө токтолуп калганбыз.

- Убактылуу өкмөттүн башына келген Роза Отунбаеванын башкаруу мөөнөтү эмне үчүн бир жарым жыл болуп калган? "Ошол кишини эле расмий түрдө президент кылап шайлап алсак болбой беле" деген пикирлерге эмне дейсиз?

- Бул маселе абдан талкууланган, "ким кандай статуста болот, кандай ыйгарым укуктары болот" деген суроолорду түнкү саат 12ге чейин сүйлөшчүбүз. Бир жарым жыл мөөнөттү дагы көп талкуулаганбыз, ар ким ар кандай сунуштарды айтышкан. Үч жыл убактылуу башкарсын деген сунуш айтылган, ага көпчүлүгү каршы болушкан. Акыры бир жарым жылга токтогонбуз. Бул мөөнөттүн аралыгында Конституцияны кабыл алып, Жогорку Кеңештин, президенттин шайлоосун өткөрүп, бийликтин легитимдүүлүгүнө жетишүүбүз керек деген милдетти койгонбуз.

- Ошол легитимдүү бийликти түзүү үчүн, тажрыйбасын арттырып иштеп калган Роза Отунбаеванын өзүн эле расмий түрдө президенттикке талапкер катары көрсөтсөңүздөр болбойт беле?

- Болбойт эле. Анткени биз башында түзгөн документте кимдин сунушу экени эсимде жок, Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева кийинки президенттик шайлоого катыша албайт деген жобо жактырылып, атайын пункт жазылып калган. Анын себеби эмнеде эле? 2005-жылы Бакиев бийликке келип, бардык күчтөрдү пайдаланып, шайланып алып, өзү гана башкарып отуруп албадыбы. Мына ошондой жыйынтыктан сактануу, сабак алыш үчүн ушундай кадам жасалган. Убактылуу бийликте турган адамдын мүмкүнчүлүгү көп болот, бийликтин азгыры да чоң болгондугунан пайдаланып, шайланып кетүү коркунучу бар эле.

- Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Алмазбек Атамбаевди президенттикке сүрөдүңүздөр. Аны кайсы артыкчылыгы үчүн же кандай критерий менен тандадыңыздар эле?

- Өлкөдө ошол кездеги бийликке оппозиция болуп жүргөн саясатчылардын ичинен Атамбаевдин, ал башкарган Социал-демокарттар партиясынын салмагы, аброю күчтүү болчу. Андан кийинки орундарда Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев жана башкалар турчу. Атамбаев Отунбаеванын биринчи орун басары катары да иштеп калды. Мына ушундай себептер менен аны сүрөгөнбүз.

- Эмилбек мырза, ошентип Атамбаев президент болуп шайланды. Бирок көп өтпөй үзөңгүлөш болуп жүргөн Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен анын мамилеси бузулду. “Ала-Тоо” аянтында Роза Отунбаевага катуу айткан сөзү да элдин эсинде. Атамбаев менен сиздердин мамилеңиздердин бузулушунун негизги себеби эмнеде?

- Мен жогоруда айткандай, Атамбаев президент болгондо бийлик таттуу көрүнүп, бир топ азгырууларга барды окшойт. Тарыхта мындай учурлар көп болгон. Мисалы, Ленин өлгөндөн кийин Сталин бийликке келгенде революцияны чогуу жасаган санаалаштары, шакирттеринин баарын куугунтуктап, керек болсо “эл душманы” деп аттырып жиберген, калганы чет өлкөлөргө качышкан. Атамбаев дагы бийликке келгенде күкүктөй болуп, балапандарынын баарын уядан ыргыта баштаган, ошондой "ооруга" чалдыккан. Революциялардын баарын “өзүм жасадым” деп Орусиянын президенти Путинге дагы мактанып жүрбөдүбү. “Мындан ары революция болбойт, кааласам жасайм, каалабасам болбойт” деп эле күпүлдөгөнүн көп уктук.

- Бирок Атамбаев Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрүнө кызмат бербесе да, сизди 2013-жылы Ысык-Көл облусунун жетектөөгө жиберди го. Ал кандайча болду эле?

- Мен кийин көп ойлонуп, акыл калчап көрсөм, мени Атамбаев жакшы көргөнүнөн жөнөтпөптүр. Ошол учурда Ысык-Көлдө “Кумтөргө” байланыштуу абал курчуп, Жети-Өгүз районунда эл толкуп, кырдаал оор эле. Мен ушундай шартта кызматка бардым. Атамбаев мени “барсын, абалды жөндөп кетсе кетер, кетпесе “өз жериңе барып, иштей албай койду” деп мени сындырыш үчүн деле жасагандай сезилет. Мен мындай ойго эмне үчүн келдим? Мени Атамбаевдин УКМКдагы кишилери бир жыл артыман аңдып, иштетишкен жок. “Бизге Каптагаевди Ысык-Көлдөн таза кетирбеш керек, бир илинчек табышыбыз керек деген буйрук болгон” деп УКМК, Каржы полициясынын жигиттери кийин айтышпадыбы. Ошондон улам мен премьер-министр Темир Сариевге арыз жазып, губернаторлук кызматымдан өз каалоом менен кете бергем.

- Сиз облустук жетектеп турганда азыркы президент Садыр Жапаровдун тарапташтары тарабынан барымтага алынып, кийин ал соттук иштердин негизги көрүнүштөрүнөн болгон. “Ал окуяга Садыр Жапаровдун тиешеси жок” деп келдиңиз, азыр деле ошондой пикирдесизби?

- Ооба, азыр да ошондой пикирдемин. Анда ал окуяга тиешеси бары-жогун деле соттоп жатышты. Тиешеси жокторун ошондо эле коргоп чыккам, чырылдап жүрүп бир тобун куткаргам. Тергөөдө мага байланыштуу Садыр Жапаровдун тикелей тиешеси бар экендигин далилдей алышкан эмес.

- Ошол учурдагы бийлик сизге Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө бер деп талап кылды беле?

- Жок, андай болгон эмес.

- Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн 2010-жылдын 7-апрелинен кийин мамлекеттик мүлктөрдү менчиктештирип алууга күнөөлөгөндөр болгон. Сизди Ысык-Көлдөгү “Витязь” деген эс алуу жайын ээлеп алды дешти эле. Аны эмне кылгансыз?

- Балким, дагы эле ээлеп отурсам керек (күлүп). “Витязь” пансионаты Президенттин иш башкармалыгына карайт, мамлекеттин менчигинде. Бул пансионатка байланыштуу айтылган кептердин баары ушак, жалган жалаа. Эгер ошол “Витязга” менин байланышым, тиешем болсо Атамбаев ошондо эле камап коймок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG