Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Алтын: Талкууга айланган сүрөт, түрк ишканасынын жообу


Президенттин агасы Сабыр Жапаров (оңдо) белгисиз бир киши менен турат. (Сүрөт качан тартылганы так белгисиз)
Президенттин агасы Сабыр Жапаров (оңдо) белгисиз бир киши менен турат. (Сүрөт качан тартылганы так белгисиз)

Социалдык медиага тараган президент Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровдун чет элдик ишкананын ичинде алтын кармап түшкөн сүрөтү талкууга айланды.

"Азаттык" түркиялык компания менен байланышканда алтын аффинаж тармагында иштерин ырастап, ал эми чуулгандуу сүрөт боюнча маалымат бере албасын билдирди.

7-сентябрда социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровдун бир тууган агасы Сабыр Жапаровго түспөлдөш кишинин колуна алтын куймаларын кармап түшкөн сүрөтү таркап, кызуу талкууга жем таштады.

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев алгач "сүрөт эски, 2016-2017-жылдары тартылган, азыркы иштерге тиешеси жок" деп жазды. Бирок көп өтпөй "бул сүрөт эски, бул анык. Бирок, жылы боюнча туура эмес жазып алыпмын. Сүрөттүн таржымалы боюнча кененирээк маалымат берилет" деп социалдык медиадагы посттордун биринин алдына жазды.

Ошол эле күнү "ПолитКлиника" медиасы сүрөт Түркиядагы алтын иштеткен компанияда тартылганын аныктаган. Иликтөөчү журналист Ырысбү Кылычбек кызы түркиялык Ahlatcı Metal компаниясынын алтын иштетүүчү заводун тапкан.

"Артында "Анкара" деген жазуу турбайбы? Ошону карап, Анкаранын жанындагы алтынга байланыштуу компанияларды карап көрдүк. Арасынан "Ахлатчи" деген компания чыкты. Эн белгисин, жумушчуларын, имараттын ичин салыштырып көрсөк окшош чыкты. Ошондон улам, компаниянын заводунда тартылган сүрөт го деп жыйынтык чыгардык. Пандемиядан кийин тартылган деп боолголодук".

Садыр Жапаров 8-сентябрда "Кабар" маалымат агенттиги аркылуу чуулгандуу сүрөткө түшүндүрмө берди. Өлкө башчы агасы алтын иштери боюнча Түркияга барганын тастыктап, мындан чуу жаратуунун зарылдыгын көрбөй турганын билдирди.

"Сүрөт боюнча мен тактадым. Түркияда түшкөн сүрөт экен. Эсиңиздерде болсо, былтыр эл аралык алтын сатууну уюштурган Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) Кыргызстандын алтынын дүйнөлүк биржада сатууга чек коюп койгон. Ошол мезгилде түрк туугандар мага жана мамлекеттик чиновниктердин кабылдамасына кире албай, агама чыгышкан экен. "Биз сатып алалы. Бизге келип, алтын эриткен цехибизди көрүп кеткиле. Биздин алтын сатып алууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар" деп кайрылышыптыр. Ошол жерге барып, алтын кармап сүрөткө түшкөн экен. Эми муну трагедия кылыштын кереги жок го дейм".

Садыр Жапаров чет өлкөдөн келген коноктор же инвесторлор президенттин жакындарына байланышка чыга беришерин, мындай иштер буга чейин да болуп келгенин кошумчалаган:

"Мага жана менин бир туугандарыма бир грамм алтындын кереги жок. Алтынсыз эле жашап келгенбиз, алтынсыз деле жашай беребиз. Тескерисинче, бир туугандарым мамлекетке кандай жардам берсек экен деп ойлонушат. Менин иштеримде кандайдыр бир кыйынчылыктар болсо, бир туугандарым “мурдагы президенттердин катасын кайталабасак экен, президенттик мөөнөтү бүткөндө элдин жүзүн ачык карап жүрсөк экен” дешип, сарсанаа боло башташат. Былтыр ошол мезгилде, LBMA биздин алтын сатуубузду чектеп койгондо, баары сарсанаа болгону эсимде. Ошол мезгилде, “балким жардамым тийип калабы” деп Түркияга барган экен. Мамлекет тараптан кимдир бирөө суранган эмес. “Кумтөрдүн” алтынын сатыш үчүн эмес, жалпы эле Кыргызстандан өндүрүлгөн жеке жактардын алтынын канчадан сатып алып жаткандарын билиш үчүн барган экен. Бирок абдан эле төмөн болгондуктан, бир грамм алтын сатылган эмес", - деди президент.

Ahlatcı Metal Rafineri компаниясы

"Азаттык" түркиялык компания менен байланышканда ишкана алтын аффинаж тармагында иш алып барарын ырастап, бирок интернетке тараган сүрөт боюнча маалымат бере албасын билдирди.

"Бизге бир топ өлкөлөрдөн келишет, документтерге кол койгондор болот. Тилекке каршы, анын баарын эстей албайбыз. Аларды билсек да, кайсы бир маалыматты ачыкка чыгара албайбыз. Кандайдыр бир документ же адам жөнүндө маалыматты ачык бере албайбыз", - деп билдирди компаниянын өкүлү.

Ahlatci Metal Refinery компаниясы 2011-жылы түзүлгөн, Түркиядагы эң бай ишкерлердин бири Ахмет Ахлатчынын Ahlatci Holding компаниясынын курамына кирет. Компаниянын расмий сайтындагы маалыматка караганда, алтын аффинаждоочу заводу Түркиядагы Анадолу дубанындагы Чорум районунда жайгашкан. Завод 220 миң чарчы метр ачык, 15 миң жабык аянтты ээлейт.

Компания Түркияда алтын иштетүү боюнча үчүнчү, экспорттоодо экинчи орунда турат. Жылына 470 тонна алтын, 626 тонна күмүш иштетүү мүмкүнчүлүгү бар.

2019-жылы компаниянын ээси Ахмет Ахлатчы түркиялык dunya.com сайтына курган маегинде "Биз 26 мамлекетке алтын сатабыз. Чет жактагы эң чоң базар - Дубай. 2018-жылы бул өлкөгө 441 миллион долларлык экспорт болду. Андан кийин 53 миллион доллар менен Ирак, 9 миллион доллар менен Израил турат. Мындан тышкары Панама, Америка, Ливия жана Кыргызстан да биздин ири базарларыбыздын бири. Биз Америкага нике шакектерин көп экспорттойбуз" деп айткан. Ал Кыргызстанга экспорттолгон алтындын көлөмүн айткан эмес.

2019-жылы Венесуэла эл аралык санкцияларга кабылганда Түркия Каракастан 900 млн. долларлык алтынды чыгарып кетүүгө кол кабыш кылганын дүйнөлүк медиалар жазган. Анда Эрдоган менен Мадуронун деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр жана венесуэлалык жогорку даражалуу аткаминердин Ahlatcı Metal Rafineri заводу менен келишими тууралуу маалыматтар берилген.

2021-жылдын 17-сентябрында Лондондогу баалуу металлдар рыногунун катышуучуларынын ассоциациясы «Кыргызалтын» акционердик коомун ишеничтүү жеткирүүчүлөрдүн тизмесинен чыгарып койгон. Буга Кыргызстандын алтынды жоопкерчиликтүү жеткирүү талаптарын сактабагандыгы себеп болгон. Мындан улам Кыргызстан өз алтынын эл аралык биржада сата албай калган. Арадан жети жарым ай өткөндөн кийин, 2022-жылдын 4-майында макам кайра калыбына келтирилген.

Оппозициянын сунушу

Жарандык активист Атай Бейшенбек президенттин агасынын алтын кармап түшкөн сүрөтү соңку бир айдан бери Кумтөр кенинин айланасында кызуу жүрүп жаткан талкууларды ого бетер күчөттү деп эсептейт:

Атай Бейшенбек
Атай Бейшенбек

"Акыркы бир айда Кумтөрдүн айланасында, андан чыккан алтын, Улуттук банктан сатылган алтын тууралуу коомдо өтө көп суроо-талап болуп атканда бул сүрөттүн пайда болушу ошол күмөн санаткан ойлорду дагы бекемдеп жатат".

19-августта "Азаттык" Кыргызстандын алтын экспорту боюнча макала жарыялаган. Анда өлкөнүн 19,2 тонна алтыны ""белгисиз өлкөгө" сатылганы көрсөтүлгөн. Улуттук банк сөз болуп жаткан алтын мекеменин алтын-валюталык резервине таандык экенин билдирген.

Президент Жапаров 27-августта "Кабар" маалыматы агенттиги менен болгон маегинде коопсуздук маселесинене улам Кыргызстан алтынын кайсы убакта кайсы өлкөгө алып барып сатып жатканы тууралуу маалыматты ачык жарыялабай турганын айткан.

Оппозициялык бириккен демократиялык кыймылдын мүчөсү Равшан Жээнбеков бийликти алтын маселеси боюнча комиссия түзүүгө, аны жетектөөнү оппозицияга ыйгарууга чакырды:

Равшан Жеенбеков
Равшан Жеенбеков

"Президент өзүнүн маегинде агасы алтын иштерине кийлигишип жатканын, анын Түркияга алтын маселеси боюнча барып келгенин, агасына чет элдик инвесторлор чыгып, ал мамлекеттик инвестициялык маселелерге, ишкердик маселелерине кийлигишип атканын өзү моюнуна алганы жакшы көрүнүш деп ойлойм. Бирок, андан ары дагы эмне болгонун аягына чейин айтышы керек" - деди оппозиционер "Азаттыкка".

Кумтөрдүн келечеги кандай?
please wait

No media source currently available

0:00 0:56:15 0:00

58 жаштагы Сабыр Жапаров эч бир мамлекеттик кызматты ээлебейт. Коммерциялык уюмдарда расмий кызматта турбайт. Бейформал маалыматка караганда, ал мурда Ысык-Көлдөгү Жыргалаң шахтасын кытайлыктар менен бирге иштетип келген.

2020-жылы жазында абактагы иниси Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен митинг уюштуруп жүргөн. Ошол эле жылы күзүндөгү парламенттик шайлоого "Мекенчил" партиясынын тизмеси менен катышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG