Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Сатылган алтындын дайыны, өкмөт Бөлтүрүктөн отчет сурады


Кыргыз өкмөтү Кумтөрдү сырттан башкаруу тартибин жокко чыгарып, кенди буга чейин башкарып келген Теңгиз Бөлтүрүктөн отчет талап кылды. Ал эми Кумтөрдө былтыр өндүрүлгөн 14 тоннадан ашык алтын кайда сакталганы боюнча суроого так жооп жок болууда.

Министрлер кабинети Бөлтүрүктөн отчет сурады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Кумтөр Голд Компани" ишканасын сырттан башкарууну тартибин жокко чыгарган буйрукка кол койду. Бул тууралуу аталган компаниянын басма сөз кызматы кабарлады.

Документте "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдинги жана анын жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк эки апта ичинде Кумтөрдө аткарылган иштер боюнча отчет бериши керектиги көрсөтүлгөн.

Мындай жол менен былтыр апрелде кендин башына келген Бөлтүрүк бир жарым жылдагы ишинин эсебин бериши керек. Мунун алдында, 23-августта өкмөт жетекчилиги Бөлтүрүк менен ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогуловду кызматтан четтеткен эле. Мындай чечим Эсеп палатасы Кумтөрдү текшерип, анда финансылык мыйзам бузуулар болгонун, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш, тетиктер жогорку баада сатып алынганын аныктаган соң кабыл алынган.

Мындан сырткары Кумтөрдүн ишин учурда Башкы прокуратура да текшерип жатканы белгилүү болду.

Акылбек Жапаров Кумтөрдүн жаңы жетекчисин дайындап жатат
Акылбек Жапаров Кумтөрдүн жаңы жетекчисин дайындап жатат

Ири кендин жаңы жетекчилерин тааныштыруу маалында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөрдүн ишмердигине көзөмөл катуу болорун эскертти.

"Президентибиз, урматтуу Садыр Нургожоевич башында келгенде эле "100% алгандан кийин биздин балдар өзү иштетет" деп айткан. Эми ушул келди, мындан ары кыргыз эли үчүн иштетишибиз керек. Бизде тартип болуш керек, бири-бириңерди угушуңар, колдошуңар керек. Ошону менен бирге тартипти унутпаш керек. Карьер бир секунда да токтобош керек. Башкысы коррупциядан алыс болуңуздар".

Ушул аптанын башына "Кумтөр Голд компанинин" президенттигине Алмаз Барыктабасов, ал эми ишкананын Директорлор кеңешинин төрагасы болуп Болот Идрисов дайындалган эле.

Министрлер кабинети Кумтөр Кыргызстанга өткөндөгү ишинин эсебин жетекчилерден сураганы менен кенде былтыр өндүрүлгөн 14,5 тонна алтындын кайда экени боюнча так маалымат берилбей жатат. Бул маселе түшүнүктүү болушу үчүн кеп кезеги башынан болсун.

Улуттук статистикалык комитеттин февралда жарыялаган алдын ала маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2021-жылы алтын экспорту 308 миллион долларга бааланып, 5,6 тоннаны гана түзгөн. Мурдагы жылдары Кыргызстан дайыма 15-18 тонна баалуу металлды чет өлкөгө сатып, 1 миллиард долларга жакын киреше алып келген.

Ал учурда алтын экспортунун үч эсеге азайышына эч ким тынчсызданган эмес. Анткени былтыр Кумтөргө сырттан башкаруу киргизилген соң кендеги өндүрүлгөн алтын бүт бойдон Кыргызстанда калаары айтылган.

Бирок июль айында Улуттук статистикалык комитет 2021-жылдагы тышкы соода боюнча такталган маалыматтарды жарыялады. Алтын экспорту азайбай эле рекорддук чекке көтөрүлүп, көлөмү 24,8 тоннага жеткени белгилүү болгон.

Жаңыланган маалыматка ылайык, Кыргызстандан Улуу Британияга 4 тонна, Швейцарияга 1 тонна алтын, ошондой эле Орусияга, Кытайга, Италияга жана Түркияга да аз-аздан алтын экспорттолгон.

Алтындын негизги бөлүгү, баасы 1,1 миллиард долларды түзгөн 19,2 тоннасы “белгисиз өлкөгө” сатылганы маалым болгон.

Өкмөт өлкөнүн жалпы экспортунун 40% түзгөн рекорддук көлөмдөгү алтынды Кыргызстан кимге сатканын купуя сыр кылып койгон.


Ал учурда "Азаттык" бул боюнча чакан иликтөө жүргүзүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылган. Анда "Кумтөр Голд Компани", "Кыргызалтын" ишканалары алтынды экспорттоо алардын милдетине кирбей турганын түшүндүрүшкөн.

"Кумтөрдүн" маалымат катчысы Назира Ахмедова:

"Биз алтынды өндүрүп, аны “Кыргызалтынга” беребиз, ал андан ары иштетет. Биз эмес, алар жооп бериши керек. Биз экспорт менен алектенбейбиз, алтынды гана өндүрөбүз, бүттү. Ал эми “Кыргызалтын” экспорт менен алектенет. Алтын Кара-Балтадагы аффинажга, андан ары экспортко кетет. Бул маселени “Кыргызалтын” ААК жөнгө салат",-деп түшүндүргөн эле.

Улуттук банк: "Банк баалуу металлдар менен, анын ичинде алтынды сатып алуу жана сатуу боюнча, ошондой эле баалуу металлдарды өлкөгө ташып келүү жана экспорттоо боюнча операцияларды жүргүзөт. Алтын-валюта корун толуктоо саясатынын алкагында Улуттук банк жергиликтүү өндүрүүчүлөр сунуштаган алтынды үзгүлтүксүз сатып алууда. Бул операциялар алтын өндүрүүчүлөр менен Улуттук банктын ортосунда алтынды сатып алуу-сатуу боюнча түзүлгөн башкы келишимдердин алкагында гана ишке ашырылат", – деп үстүрт жооп берген болчу.

Бирок "Азаттыктын" макаласы жарыялангандан бир апта өткөн соң 19 тоннадан ашык алтынды 1,1 миллиард долларга дал ушул орган сатканын жарыялады. Башкы валюталык регулятордун маалыматы боюнча, 2021-жылы өлкөгө накталай доллар керек болгондуктан эл аралык резервдерде сакталып турган алтынды сатуу чечими кабыл алынган.

Бул каражат Улуттук банктын эсебине келип түшкөн. Анын ичинен 735 миллион доллар валюталык интервенцияларга коротулган, 200 миллион доллар өлкөнүн тышкы карызын төлөөгө жумшалган. Калган каражат алтын-валюталык резервде сакталып турат.

Мындай жол менен Улуттук банк буга чейинки жылдарда топтолгон алтынды сатканын билдирүүдө. Бул мекеме "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып, Кумтөр былтыр өндүргөн алтынды сатууга тиешеси жок экенин кезектеги жолу түшүндүрдү.

Ошол эле учурда президент Садыр Жапаровдун Кумтөрдүн алтыны Улуттук банк аркылуу сыртка сатылып жатат деген билдирүүсүн комментарийлөөдөн баш тартышты.

Анда Кумтөрдүн алтыны кайда?

"Азаттык" Улуттук банктын отчетторун изилдеп, банк 2021-жылы чынында эле өз резервинде сакталып турган чоң көлөмдөгү алтынды сатканын аныктады. Бирок ал 19 тоннаны түзбөйт.

Маселен, былтыр апрелде Улуттук банктын алтын резерви 662,2 миң унция же 20,6 тоннаны түзгөн. Бул акыркы жылдардагы эң көп көлөм болуп саналат. Андан кийинки эки айда Улуттук банк 13 тонна алтынды сатып, резервдин көлөмү 245,2 миң унция же 7,6 тоннаны түзгөн.

Сентябрь айында башкы банкта сакталган алтындын көлөмү бир аз көбөйүп, бирок октябрь-ноябрда 1,4 тонна алтын кайрадан сатылган.

Мындай жол менен 2021-жылы Улуттук банк жалпысынан 14,4 тонна алтынды саткан.


Улуттук банк көрсөткүчтөрдөгү айырма боюнча маалымат купуялуулугуна таянып, комментарий берүүдөн баш тартты.

"Улуттук банктын операция боюнча маалымат чектелүү мүнөздө экенин эскертебиз. Мындай практика көптөгөн башкы финансылык-кредиттик мекемелерде болгондой эле, мындай ишмердик ар кандай тобокелчиликтер болгону жана коопсуздук сактоо аракети менен түшүндүрүлөт",-деп айтылат маалыматта.

Бирок эмне себептен Улуттук банктын резервинен сатылган алтын өлкөнүн жалпы экспортуна кошулган деген суроого Улуттук статистикалык комитет жооп бере элек.

Экономист Денис Бердаковдун айтымында, Улуттук банк саткан алтын деле жалпы экспорттун эсебине жазылат.

"Улуттук банктын резервинен сатылган алтын экспорт деп эсептелет. Анткени бул орган алгач ички рыноктон сатып алып, саткан",-деп түшүндүрдү эксперт.

Ошентип Кумтөрдүн былтыр казган алтыны кайда деген суроого так жооп жок болуп турат.

Буга чейин өлкө жетекчилигинин бул жааттагы маалыматтары эки ача болуп келген. Президент Садыр Жапаров апрелдин аягында “Кабар” мамлекеттик маалымат агенттигине курган маегинде, Кыргызстан “Кумтөрдүн” продукциясын Улуттук банк аркылуу экспорттоп жатканын билдирген.

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров болсо “Кумтөрдүн” продукциясы Кыргызстанда каларын айткан болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG