Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:10

Активист Жоробеков милициядан кийин УКМКга кирип чыкты


Афтандил Жоробеков.
Афтандил Жоробеков.

Жарандык активист Афтандил Жоробеков Атайын кызматка сурак берип чыкты. Бул тууралуу активист "Азаттык" радиосуна өзү билдирди.

Жоробековдун айтымында, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгында тууну өзгөртүүгө каршы Бишкектин Максим Горький атындагы гүлбагында 9-декабрда өтөт делип жаткан акцияга байланыштуу бир сааттык баарлашуу болгон.

"9-декабрда өтө турган митингге байланыштуу чакырышты. Оюман кайтпай турганымды айттым", - деди Жоробеков.

Мындан бир аз мурдараак активистти Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан сурактан чыккандан кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына алып кетишкени белгилүү болгон

Бул тууралуу активист өзүнүн Фейсбук баракчасына жазууга үлгүргөн.

Активист ага чейин милиция өзүн 3-декабрга болжолдонгон "Туудан колуңду тарт" акциясына байланыштуу үч сааттык сүйлөшүүгө чакырганын жазган. Бул күнү автожүрүш өткөрүү болжолдонгон.

Милиция дагы, УКМК дагы Афтандил Жоробековдун суракка чакырылышына байланыштуу маалымат бере элек.

Мэриянын басма сөз кызматы шаар бийлигине 3-декабрда мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы автожүрүш өтөрү тууралуу маалымдама келип түшпөгөнүн билдирди.

Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында желекти өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Документке 66 депутат “макул”, сегиз эл өкүлү “каршы” добуш берген. Президент Садыр Жапаров буга чейин “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирген.

Социалдык тармактын колдонуучулары мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбооруна каршы флешмоб өткөрүп, “Желегимди жерибе”, “Желекке тийбе”, "Туудан колуңду тарт" деген постторду жарыялап, президент Садыр Жапаровдун Фейсбуктагы расмий баракчасынын алдына да пикирлерин жазышууда.

  • Инстаграмдагы bespredelkg30 баракчасынын түзүүчүсү Афтандил Жоробеков быйыл март айында да Октябрь райондук милициясына чакырылган. Милиция аны Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси, тактап айтканда, "Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты араздашууну козутуу" боюнча күбө катары суракка алган.
  • Ага чейин, 2019-жылы УКМК жарандык активистти "Аймак аралык кастыкты козутту" деген шек менен камаган. Атайын кызмат ага "Интернетке чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды жайылтып, жапырт нааразылык акцияларын уюштурууга үндөгөн" деген айып койгон. Жарандык коом активистти бошотууну бийликтен талап кылган. Жоробеков көп өтпөй камактан бошотулуп, иши токтотулган. (ST)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG