Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:25

АКШ жарандарын Кыргызстанга барбоого чакырды


Нью-Йорк, 12-май, 2021-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Нью-Йорк, 12-май, 2021-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын бийлиги коронавирустан улам өз жарандарын Испания, Португалия, Кипр жана Кыргызстанга барбай турууга чакырды.

АКШнын Мамлекеттик департаменти менен Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору (CDC) америкалыктарды COVID-19 вирус жайылып жаткан Испания, Португалия, Кипр жана Кыргызстан сыяктуу өлкөлөргө саякаттап барбай турууну эскертти. Борбор тизмедеги өлкөлөр төртүнчү тобокелчилик тобундагы “кызыл зонада” экенин билдирүүдө.

Ошондой эле АКШнын мамлекеттик органы COVID-19 илдети кескин жайылып жаткан өлкөлөргө Арменияны дагы кошуп, бул өлкө үчүнчү тобокелчилик тобунда экенин, ошондуктан эмделбегендер ал жакка баруудан этият болушу керектигин эскертти.

Мындан сырткары Мамлекеттик департамент өз жарандарын Венгрияга баруудан убактылуу баш тартууга чакырса, Украинада өтө сак болууну белгилеген.

АКШнын Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору (CDC) июнь айында 110 өлкөгө сапарга чыгууга болорун айтып, сунуштамасын жарыялаган.

Бирок соңку мезгилде коронавирустун дельта-вариантынын жайылышы күчөгөндөн кийин борбор 26-июлда жаңыдан эскертүү менен чыкты.

Кошмо Штаттардын коронавирустун улам “кара тизмесине” илинген Кыргызстанда соңку апталарда эпидемологиялык абал курч бойдон калууда.

Кыргызстандагы Коронавируска каршы республикалык штаб акыркы күндөрү оорунун көрсөткүчтөрү төмөндөгөнү менен кырдаал оор экенин билдирди. Саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалиддин Рахматуллаев дал ушундай пикирди “Азаттыкка” кайталап, эмдөөнү күчөтүүгө аракеттер көрүлүп жатканын белгилейт.

"Андай деле тынчсызданууга негиз жок. Жуктургандардын саны төмөндөп жатпайбы, көрүп жатасыңар го. Ооруканадагы орундар да бош болуп жатат. Күнүнө 700гө жакын бош орун бар. Биз жарандарды бардык эрежелерди так сактоого, массалык, маданий иш-чараларды өткөрбөй турууга чакырып жатабыз. Анын үстүнө вакцинация жакшы жүрүп жатат",-деди Рахматуллаев.

Саламаттык сактоо министрлиги 27-июлга карата вирус 969 адамдан табылганын, 14 адам көз жумгананын кабарлады. Соңку бир нече айдан бери өлкөдө күн сайын 10 чакты киши пандемиянын кесепетинен каза таап жатат.

АКШнын Ардагерлер иши боюнча министрлиги карамагындагы медициналык кызматкерлерди вируска каршы вакцина алууну талап кылды. Бул Кошмо Штаттардагы вакцинацияны милдеттүү кылган алгачкы федералдык агенттик болуп калды. Министерлик 115 миңден ашык медкызматкерди сегиз жуманын ичинде эмдөөдөн өтүшүн талап кылды. Дарыгерлер бул талапты аткаруудан баш тартса кандай чара көрүлөрү белгисиз.

АКШда жарандарды жапырт эмдөөдөн өтүүгө милдеттендирген мыйзам же эрежелер жок. Буга чейин айрым кызматкерлер вируска каршы вакциналар Тамак-аш жана дары-дармектердин сапатына санитардык көзөмөл боюнча башкармалыктын толук уруксатын алган эмес деген жүйө менен аны алуудан баш тартып келишкен.

Буга чейин Калифорния жана Нью-Йорк штанын бийлиги мамлекеттик жана медициналык кызматкерлерден же вакцина алганы жөнүндө документти же күн сайын вирусту аныктоочу тесттин жыйынтыгын көрсөтүүнү талап кыларын жарыялаган.

Учурда Кошмо Штаттардагы бир нече штатта вирус жуктургандардын саны көбөйүүдө. Айрыкча буга чейин вакцина албаган көп болгон штаттарда илдет тездик менен жайылып жатат.

Калифорниянын губернатору Гевин Ньюсом вирустун дельта-варианты жайылып жаткандыктан жаңы эрежелер зарыл экенин билдирди. Учурда бул штаттагы вирус жуктургандардын 80 пайызы дельта штаммы экени белгилүү болду.

Ал тапта Европанын бир катар өлкөлөрүндө да СOVID-19 вирусунун жаңы түрлөрү жайылууда. Буга чейин Испания, Италия жаңы чектөөлөрдү киргизген.

Бирок Евробиримдик вакцинация өнөктүгүн тездик менен жүргүзүп жатканын жарыялады. 26-июлда Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен:

“Евробиримдик өз убадасына туруп, милдеттемелерди аткарды. Биз июль айында биримдик ичиндеги жашы жеткен адамдардын 70 пайызын вакцинанын бир дозасын алышы керек деген максат койгонбуз. Бүгүн бул максатка жеттик жана биримдиктеги чоң адамдардын 57 пайызы толугу менен эмдөөдөн өттү”, деп айтты.

Борбор Азиядагы Казакстан жана Өзбекстанда дагы коронавирус жуктургандар көбөйүүдө. 27-июлда Казакстанда 6700дөн ашык адамдан, ал эми Өзбекстанда болсо 789 адамдан вирус аныкталды

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG