Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:31

Дональд Лунун Бишкек сапары: жаңы келишим, санкциялар жана сөз эркиндиги


Президент Садыр Жапаров АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысы Дональд Луну кабыл алган учуру. Апрель, 2023-жыл. Бишкек
Президент Садыр Жапаров АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысы Дональд Луну кабыл алган учуру. Апрель, 2023-жыл. Бишкек

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча орун басары Дональд Лу Кыргызстанга келип, бир катар жолугушууларды өткөрдү. Ал президент Садыр Жапаров менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулап, жергиликтүү блогерлер менен да кездешти.

Лунун сапары Украинадагы согуш күчөп, Батыш Орусияга каршы санкцияларга катуу көңүл буруп жаткан маалга дал келди.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий маалыматында Дональд Лунун Кыргызстан менен Тажикстандагы сапары 22-27-апрель күндөрү өтөрү жазылган.

Бишкектеги сапарынын алкагында АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча орун басары жергиликтүү чыгармачыл адамдар, блогерлер менен бейрасмий жолугушуу өткөргөн.

Борбор калаадагы кафелердин биринде өткөн кездешүүгө катышкан блогер Азирет Осмонов Дональд Лу “креативдүү экономиканы колдоого ачык экенин” айтканын билдирди. Анын айтымында, 24-апрелдеги иш-чарага АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери да барган.

Aziret Osmonov
Aziret Osmonov

"Жолугушуу шаңдуу, жакшы маанайда өттү. Ал жерге креативдүү индустриянын айланасындагы адамдар чакырылды: блогер, ырчы, режиссерлор. Дональд Лу өз сөзүндө президент менен жолугуп келгенин айтты. Биздин өлкө башчы менен сүйлөшүүлөрдө көп эле пикир келишпестиктер барын белгилеп, бирок "креативдүү экономиканы колдоо боюнча оюбуз бирдей экен" деп айтты".

Креативдүү индустриянын өкүлдөрү менен жолугушууга чейин Дональд Луну президент Садыр Жапаров кабыл алган. Өлкө башчынын расмий сайтында кыргыз-америка кызматташтыгы талкууланганы жазылган.

“Президент өкмөт башчы Акылбек Жапаров жакында Вашингтонго барып, Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун жыйындарына катышып келгенин, анда жетишилген макулдашуулар жана “жашыл экономикага” инвестиция тартуу тууралуу пландалган кызматташтык өз мөөнөтүндө ишке ашарына үмүттөнөрүн айтты. Кыргызстан чет өлкөлүк инвестициялар үчүн, алдыңкы технологиялар менен заманбап өндүрүшкө таянып иштеген компаниялар үчүн ачык экенин белгиледи”, - деп жазылат расмий маалыматта.

Өз кезегинде Дональд Лу АКШ Кыргызстан менен экономикалык кызматташтыкты, санарип экономиканы өнүктүрүүгө кызыкдар экенин, башка багыттар боюнча да мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгууга даярдык бардыгын айткан. Эки тараптуу сүйлөшүүдө алака-катыш жөнүндөгү макулдашуу боюнча сөз болгону же болбогону расмий айтылган жок.

Кыргызстан АКШ менен кызматташтык жөнүндө макулдашуудан сегиз жыл мурда чыгып кеткен. Жаңы келишим кабыл алынары айтылганы менен азырынча жүзөгө аша элек.


2022-жылдын май айында Лу Бишкекке келгенде кыргыз бийлиги менен эки тараптуу кызматташтык жөнүндө жаңы келишимди талкуулаганын "Азаттыкка" айткан:

"Биз келишимди даярдадык жана ага болушунча тез арада кол коюуну чыдамсыздык менен күтүп жатабыз", - деген ал.

Саясат талдоочу Алмаз Тажыбай АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча орун басарынын акыркы сапарында да бул келишим боюнча сөз болду деген пикирде.

“Орусия, Кытай бизди автократиялык режимге тартып жатат. ЖМКларды, бейрасмий уюмдарды тескеген мыйзам долбоорлор, тынч митингдерге тыюу салган чечимдердин баары Кремлден келген демилгелер да. Мисалы, Садыр Жапаров 9-майда Москвадагы парадга барганы турат. Бул бир чети айла жоктон кабыл алынган чечим. Анткени биздин колубуз Орусия менен байланып калган, экономикалык жактан көз карандыбыз. Бул жакта коопсуздук маселелери да бар. Мисалы, башка багытты ыктап кетсек, Орусия Тажикстанды тукуруп, чек арадагы кырдаал кайра курчушу мүмкүн. Ушундай шартта биздин бийликте альтернатива жок болуп жатат. Товарды, айыл-чарба продукциясын Европага саталы десек алыс, деңиз жолдорубуз жок. Ошол эле АКШ менен келишимге да Орусиянын таасири менен кол коюлбай жаткандай. Тышкы саясатты өз алдынча алып барсак жакшы болмок, бирок так альтернатива жок болуп атпайбы”.

Дональд Луну улай ушул аптада Кыргызстанга АКШнын финансы министринин жардамчысы Элизабет Розенберг келет. Мындан тышкары Евробиримдиктин санкциялар боюнча өкүлү Дэвид О’Салливан кайрадан Борбор Азияга бет алып, ушул күндөрү Астанада расмий жолугушууларды өткөрүүдө. Украинадагы согушка туш келген бул сапарлар Орусияга карша санкцияларды күчөтүүгө багытталганын орус басылмалары жазып чыгышты.

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров Батыш чиновниктери Борбор Азия өлкөлөрүнө согушта колдонулуучу товарды Орусияга өткөрүп, “агрессорго” санкцияларды аттап өтүүгө көмөктөшпөгүлө деген эскертүү бериши мүмкүн деп эсептейт.

Элдар Абакиров
Элдар Абакиров

"Буга чейин Орусия менен Европанын көп эле аласа-бересеси бар болчу. Мындан улам бизге келип, “Орусия менен кызматташпагыла” дегенге алардын моралдык укугу жок эле. Бирок согуш башталганы Орусияга көптөгөн санкциялар салынды, Батыш бул өлкө менен кызматташуусун дээрлик жокко чыгаргандай. “Эгер биз менен экономикалык мамилени күчөткүңөр келсе, анда Орусияга санкцияларды аттап өтүүгө жардам бербегиле, согушка көмөктөшчү товарды алып өтүүгө курал болбогула же санкциялар силерге да тийиштүү болот” деген маанидеги эскертүүлөр берилип жатышы мүмкүн. Албетте, Орусия менен Борбор Азиянын экономикалык байланышы өтө тыгыз экенин Батыш жакшы түшүнөт. Мисалы, кир жуугуч машиненин ичиндеги техника дронго колдонулары айтылууда. Ушул өңдүү эки максатта иштетилген товарлар тууралуу эскертүүлөр берилип жатат окшойт", - деп болжолдоду Элдар Абакиров.

2023-жылдын 30-мартында Дональд Лу Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев менен Вашингтондо жолуккан болчу.

Расмий маалымат боюнча, анда делегациялар саясат, коопсуздук, экономиканы диверсификациялоо жана мыйзам үстөмдүгү жаатындагы эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG