Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

"Акмарал" бий ансамблинде "чоңсунуу" барбы?


"Акмарал" мамлекеттик бий ансамбли. Архивдик сүрөт.
"Акмарал" мамлекеттик бий ансамбли. Архивдик сүрөт.

“Акмарал” мамлекеттик бий ансамблиндеги айрым жаш бийчилер тарбиячыларынан (репетитор) катаал мамиле көрүп жатканын айтып жатышат. Алар жамаатта акча чогулткан көрүнүштөр, чоңсунуу бар экенин билдирип чыгышты.

Бийчилер буга чейин тарбиячыларынын терс мамилесине даттанып, жетекчиликке арызданганы менен маселе чечилбегенин, ошондон кийин аларга басым көрсөтүү кайра күчөгөнүн белгилешкен.

Топтун жетекчилиги жана филармониянын директору бул айтылгандар менен макул эмес.

"Тамак алып келип беребиз, кредитин төлөйбүз"

“Азаттыкка” “Акмаралдын” 17 бийчисинин колу коюлган жамааттык даттануу каты келди. Алар бул катты быйыл март айында эле Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын директору Кыргызбай Осмоновго жолдошкон. Анда мамлекеттик бий ансамблинин жаш бийчилери өздөрүн тарбиялаган эки репетиторун иштен кетирүүнү өтүнгөн.

Катта ансамблдин башкы репетиторлору - Акбермет Күреңкеева (А.К.) жана Энкебаева Гүлнуранын (Э.Г.) аты жазылган. Айрыкча Күреңкееванын аты көп кайталанып, анын мамилесин “Акмаралдын” бизге кайрылган бийчилери “чоңсунуу” катары баалаган. Биз алардын өз өтүнүчүн эске алып, аты-жөнүн жашырдык. Себеби бийчи кыздар ысымдарын ачык атаса, "Акмаралда" азыркы иштеп жаткандарга да кысым болот деп чочулашат. Алардын кайрылуусунун айрым жерлерин өзгөртпөй берүүнү эп көрдүк.

Бийчилердин филармониянын жетекчилигине жазган каты.
Бийчилердин филармониянын жетекчилигине жазган каты.

“Көп жылдар бою кыз-келиндер коллективинде “дедовщина”, иштиктүү этикеттин таптакыр жоктугу жана жаш артисттерди сыйлабаган мамиле уланып келет. Репетиторлордун түшүнүгү боюнча биз алардын биздин иш милдеттерибизге кирбеген өтүнүчтөрүн кынтыксыз аткарышыбыз керек. Мисалы, алар пайдаланган идиштерди жууп, термоско суу алып келүү бизге милдеттендирилет. Идиш-аяк көптөн бери туруп калса, “идиштерди бизге таштап кеттиңби?” деген сыяктуу сөздөрдү угабыз. Дайыма 5-кабаттан 1-кабаттагы ашканадан тамак алып келүү үчүн жөнөтөт. Мунун баары көп учурда өтүнүч катары эмес, талап кылынган жана демейки эле нерсе сыяктуу болуп калды”.

Даттануу катынын андан аркы мазмунунда репетиторлор топтун жаш өкүлдөрүн жеке жумуштарына жумшаганы да баяндалат.

“Иш учурунда банкка барып, кредитин төлөйбүз, жумушка кийбеген эле бут кийимдерин бут кийим оңдоочу жайларга алып барабыз. Айымдарга тиешелүү жеке гигиеналык каражаттарын да алып келебиз, мындан сырткары дүкөнгө, терминалга акча салганга да биз барабыз. Ошондой эле бир нече ай мурун бизге душ жана туалет салынган. Гигиеналык эреже боюнча даараткананы таза кармоо шарт. Эски дааратканада артисттер душтун жоктугунан буттарын раковинага жуушчу. Акбермет Куренкеева жаңы ажаткана ачылгандан бери раковинага бут жууганга тыюу салынганын билдирди. Бирок ал жерде өзү бутун жууп жатат. Биз ошол эле раковинага идиш жууйбуз”.

Бийчилердин жетекчиликке жазган каты.
Бийчилердин жетекчиликке жазган каты.

Кат ээлери репетиторлор бир ирет алкогол ичимдиктерди кечинде дүкөндөн ташытып, аны куйдуртуп отурганы айрыкча басмырлоо болду деп жазган.

“2022-жылы Астанага гастролго барганбыз. Кечинде майрамдык үстөл даярдалды. Кечинде баары өз бөлмөсүндө эс алышы керек эле. Бир канча артист отурган жерде аракты жаш кыздар куюп тейлеп жүрүштү. Акбермет бул ишти жаштар жасашы керектигин айтты. Саат түнкү 23:00дөрдө бизди дүкөндөн ичимдик алып келүүгө мажбурлашты. Жаштар түн ичинде Астана ичинде спирт ичимдиктерин издеп кетишкен. Көптөр ошол түнү абдан таң калып, басынышты. Бул адамдын ар-намысын басмырлоонун эң ачык көрүнүшү”.

"Акмарал" бий ансамблинин бийчилери жиберген сүрөт.
"Акмарал" бий ансамблинин бийчилери жиберген сүрөт.
"Акмарал" бий ансамблинин бийчилери жиберген сүрөт.
"Акмарал" бий ансамблинин бийчилери жиберген сүрөт.

Бул катта көтөрүлгөн маселе тууралуу жети бийчи кыз "Азаттыкка" айтып жатат. Алардын маалыматында, быйыл жаздан бери он чакты жаш бийчи жумуштан кеткен. Алардын көбү жумуштагы пикир келишпестиктен улам өз каалоосу менен арыз жазып кетсе, кээ биринин эмгек келишими аяктаган. Ал эми азыр топто эмгектенип жаткан айрым бийчилер мартта директорго даттанып кат жазган 17 кыздын тизмесинде болгонун, учурда ансамблде иштеп жатканын жана азыр жогорудагыдай терс мамиле август айынан бери бир кыйла оңолгонун билдирүүдө.

"Өздөрү күнөөлүү"

“Азаттык” бийчилер нааразы болгон тараптын да оюн укту. Жогоруда аты аталган Акбермет Куренкеева өз дарегине айтылган кептер боюнча буларга токтолду:

"Менин оюмча, кыздар даттанган нерселер "дедовщина" эмес. Улуулар кичүүлөрдү, кичүүлөр улууларды сыйласын деген эле тарбия. Алар окуяларды ашыкча эле апыртып жазышкан. Анысы туура эмес. Кыздарды жумшоо тууралуу айтсам, майрамдык иш-чараларда баарыбыз эле чогуу отуруп калчу элек. Анан идиштерди жаштар жууп койчу, болгону ошол. Бул нааразылыктар боюнча апрель айында сүйлөшкөнүбүз чын. Топтун кыздары жетекчилик, филармония директору болуп сүйлөшүп, баарын чечип алганбыз. Ансамблде азыр баары жакшы, иштеп жүрөбүз. Күндө концерт менен алпурушуп жүрөбүз. Интригага убакыт жок. Эми алдыда деле жамаат ичинде нааразылыктар болбойт деген ойдомун. Алар катта айткандай өтүк оңдотуп келүүгө, идиш жуудурууга деле жумшабай калдык. Жарым жылдан бери майрамдык иш-чаралар, олтуруштар деле болбой калды".

Сүрөттө солдон-оңго: репетиторлор Акбермет Куренкеева, Гульнура Энкебаева, ансамблдин көркөм жетекчиси Aнара Нургалиева жана топтун бийчи кыздары.
Сүрөттө солдон-оңго: репетиторлор Акбермет Куренкеева, Гульнура Энкебаева, ансамблдин көркөм жетекчиси Aнара Нургалиева жана топтун бийчи кыздары.

Катта аты аталган дагы бир репетитор Гульнура Энкебаева учурда жамаат ичиндеги маанай жакшы жакка өзгөрдү деп ишендирүүдө:

"Марттагы бир аз түшүнбөстүктөрдөн кийин абал өзгөргөн. Азыр бизде баары жакшы. Жогорку, орто жана кичүү муундун өкүлдөрүнүн ортосундагы мамиледе эч кандай көйгөй жок. Бизде ансыз да бош убакыт жок, жумуш көп. Кечээ эле Нарындан гастролдон келдик. Эртең кайра башка иш-чарага катышабыз. Менимче, кат жазуу, даттануу менен алектенгендер убактысы кенен жана өз кесибинин адамдары эмес болот окшойт. Эми канткен менен бул учур да өтүп, алдыда баары жакшы болот деген ойдомун. Адам болгондон кийин түшүнбөстүк, каталык боло берет. Дегеле биздин жамаат бири-бирибизге көнүшүп, ысык-суукту бирге көрүп, бир үй-бүлөдөй эле болуп калабыз".

Куренкеева менен Энкебаева "Акмаралда" бери дегенде 20 жылдан бери эмгектенет. Алгач башында топто бийчи болуп келсе, учурда жаш муунду тарбиялаган репетиторлор.

Бий ансамблинин көркөм жетекчиси Анара Нургалиева нааразычылыктар жана топтун солисттери тууралуу буларды билдирди:

Анара Нургалиева.
Анара Нургалиева.

"Репетиторлор профессионал болгон үчүн кызматында калды. Булар кетсе, ордуна кайра башкаларды даярдаш үчүн далай жыл тер төгүш керек, убакыт керек. Ал эми кыздардын арызы тууралуу айтсам, булар деген бой жеткен эле адамдар да. Ошондуктан алар өз жоопкерчилигин өздөрү алат. Алар бул жерге иштеш үчүн келди. Жумшаган жерге каалоосу болсо барсын, болбосо барбасын. Алар эмнеге тил алып, кайсы жумушту аткарган болсо, демек өздөрү күнөөлүү. Баарын жасап коюп анан арыз жазышпай, барбай эле койбойбу. Мунун баарын эми мен аңдып жүрбөйм да. Өздөрүнө өздөрү тың болуп, жакшы иштесе, мындай нааразылыктар болмок эмес. Жаш кыздар азыртан ушундай интрига менен алек болсо, билбейм, келечеги кандай болот. Буларга көбүрөөк акча төлөп башка ишке чакырса, ансамблди деле таштап кете беришет. Андай окуя көп болгон. Ошондуктан 20 жылдап иштеген бийчилерди сыйлашыбыз керек".

Бийчи кыздар жамаат ичинде репетиторлордун айканын укпай койгон учурда кандай жагдай жараларын жогорудагы катта мындай кеп жазышат:

"Бизде жалпы кофе, чай, кант, сүт жана гигиеналык буюмдарга акча чогултуу салтка айланган, бирок бардык эле артисттер муну каалабайт, анткени алардын көбү 549-бөлмөгө киришпейт деле. Cатып алынган нерселердин баары ошол жерде турат. Акча чогултууга кимдир бирөө каршы болсо бий залында Акбермет тарабынан эмне күтүп турганын билет. Алар өзүн бий тобунан четтеген адамдай сезет. Ошондуктан биз эркибизге каршы, каалабаган нерселерди жасоого аргасызбыз".

"Акмарал" бий ансамблинин бийчилери далил деп жиберген сүрөт.
"Акмарал" бий ансамблинин бийчилери далил деп жиберген сүрөт.

"Акмарал" бий ансамблинин бийчилери далил деп жиберген сүрөт.
"Акмарал" бий ансамблинин бийчилери далил деп жиберген сүрөт.

"Акы төлөнбөгөнүн айтышты"

“Акмарал” мамлекеттик бий ансамбли - улуттук филармониядагы жападан жалгыз профессионалдуу элдик бий тобу. Топтун көркөм жетекчисинин маалыматына караганда, учурда ансамблде 30дан ашык бийчи эмгектенет. Алардын - он чактысы эркек, жыйырмадан ашууну кыз-келиндер.

Адатта ансамбль мамлекеттик иш-чараларда, жогорку деңгээлде уюштурулган салтанаттарда улуттук бийдин күзгүсү катары өнөр тартуулайт. Бул үчүн топтун солисттери айлык алышат. "Ак маралга" жаңы кабыл алынган бийчилердин айлыгы 17 миң сомдон башталып, иш тажрыйбасы жогорулар 28 миңге чейин аларын айтышты.

Бирок бийчилер айрым учурда өзүнчө акы төлөнүүчү иш-чараларга бийлешерин, гонорары сүйлөшкөнгө жараша болорун, бирок кээ учурда бийчилер бул нерселерден кабарсыз калышарын сөз башындагы катта төмөнкүчө баяндашкан:

“Жумушбузда кээде айлыктан сырткары акы төлөнүүчү да бийлер болот. Бирок улук репетиторлор бул маалыматты жашырып акы төлөнбөй турганын айтышкан. Бирок 2023-жылы жаңы жыл алдында филармония директору алты артисттин көзүнчө жогорудагы бийге акча төлөнөрүн айтканын анык укканбыз. Бирок репетиторлорго барып сураганыбызда алар эч кандай акча төлөнбөгөндүгүн айтышты. Акча өз ара бөлүштүрүлүп, ошол иш-чарада башка катышуучуларга жетпей калган”.

Бийчилердин жетекчиликке жазган каты.
Бийчилердин жетекчиликке жазган каты.

"Чара көрөбүз"

Жети бетке жазылган каттын негизги өзөгүн ушул өңдүү толгон-токой нааразылык түзөт. Бул катты филармониянын директору Кыргызбай Осмонов март айында өз колуна алганын, учурунда бул маселе ич ара чечилгенин кеп кылды.

Кыргызбай Осмонов
Кыргызбай Осмонов

"Ошол учурда жаш бийчилер кат менен кайрылып, мага киришкени ырас. Ич ара нааразылыктары болгон экен. Бул маселе боюнча ошондо эле алар менен сүйлөшүп, кээ бир дооматтарын угуп, өтүнүчтөрүн орундатканбыз. Бизде буга чейинки бийчи болуп эмгектенип жүргөндөр репетитор болуп иштеп жатат, мындан сырткары костюмерлерди алмаштырганбыз. Анткени кээде жарым ставка костюмер болуп, анан бийчи болуп да жүрө бергендер болгон да. Анан аларды жаштардын өздөрүнүн ичинен тандап койгонбуз. Айтор, маселелери чечилген. Ич ара келишип, жакшы эле иштеп келе жатышкан".

Ал эми "Акмаралдын" "Азаттыкка" кайрылган айрым бийчилери катта аты аталган репетитор иштен четтетилбегенине, тескерисинче бул арада моралдык кысым күчөп, кээ бир бийчилер жумуштан кеткенин айтышкан.

Ансамблдин репетиторлору жана жетекчилиги мындай дооматтарды четке кагууда. Кыргызбай Осмонов "Андай болбошу керек. Моралдык кысым болуп жатканы чын болсо, мен тарбиячыларын чакырып кайра сүйлөшөм, эскертип, чара көрөм" - деди "Азаттыкка" берген комментарийинде.

"Каршы сүйлөсөң, бийге кошпойт"

Биз “Акмаралдан” кысымдан улам кеткени айтылган бийчилердин айрымдары менен да байланыштык. Алар да аты-жөнүн айтпоону суранышты.

“Көп кыздардын ортосунда жарака кетти. Акбермет Куренкеева жогорку муундагы кесиптештерди бизге каршы коюп койду. "Дедовщина" кылчу. Акчасын өзү бергени менен репетиция учурунда ар жакка жеке жумуштары менен бизди жумшаганы ырас. Эгерде ал жумшаган жерге барбай, тапшырган иште аткарбай же каршы сүйлөп койсоң, бийлерге да кошпой койчу. Мына ушул себептерден улам жумуштан кеттим.

Анан да “Акмаралда” улуу муундагылардын үй-бүлө, бала-чакасы бар, ошондуктан аларга көбүрөөк гонорар бериш керек деген түшүнүк бар. "Силер жашсыңар, силерге аз берсек деле болот" дешет. Же болбосо үй-бүлөсү, бала-бакырасы жок болгон улуу муундагылардын стажы, тажрыйбасы шылтоо болуп, бизден көбүрөөк гонорар алышчу. Бир нерсе десек,"силер жашсыңар" деген кепти укчубуз”.

Топтон арыз жазып кеткен дагы бир бийчи кыз да ушундай эле жүйөнү кеп кылууда:

“Жети жашымдан бери бийледим. Бой жеткенде “Акмарал” бий ансамблин угуп атайын келгем. Топко кошулганда жакшы эле аракет кылып бийлеп жүргөм. Жарым ставка менен иштедим. Бирок профессионал эмес болчумун, башында бийди бат жаттап кете албай кыйналдым. Ошол эле маалда репетиторлор тарабынан моралдык басым болду. Сен муну кыла албайсың, аны кыла албайсың дегендей. Ошондон улам арызымды жазып “Акмаралдан” кетип калдым. Азыр эч жерде иштебей эле жүрөм".

"Акмаралдын" бийчилери топ жетекчиси менен.
"Акмаралдын" бийчилери топ жетекчиси менен.

"Көп жыл иштегендерге көбүрөөк төлөнөт"

Гонорарга байланыштуу даттанууларга ансамблдин көркөм жетекчиси жана башкы балетмейстери Анара Нургалиева мындайча жооп берди:

"Гонорарга келгенде мен, албетте, топто көп жылдан бери иштеген кыздарга көбүрөөк тыйын берем. Анткени кечээ жакында жумушка келгендер менен он жылдап иштегендердин тажрыйбасында айырма бар. Балдарга бирдей бөлсөм дагы, кыздарга көбүрөөк бөлөм. Мен иштегенге чейин топко акча деле түшчү эмес чынында. Азыр мен бизге кайрылгандарга дайыма айтам, артисттердин эмгегин сыйлагыла, гонорар төлөгүлө деп".

Нурдин Түгөлов атындагы мамлекеттик “Акмарал” бий ансамблинин тарыхына токтолсок, 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосунун 1-декадасына карата балетмейстерлер Н. С. Холфин, В. В. Козловдун жетекчилиги менен уюштурулган. Бирок декададан кийин ал өз ишин токтоткон.

1957-1960-жылдары 20 бийчиден турган элдик бий ансамбли орус, украин ж. б. элдердин бийлеринен концерттик программа түзүшкөн. 1966-жылы Түгөловдун көркөм жетекчилиги менен ансамбль кайрадан уюштурулат.

1977-1983-жылдары ансамблдин көркөм жетекчиси жана башкы балетмейстери Кыргыз Республикасынын эл артисти Күлбүбү Мадемилова болсо, 1983-жылдан 2014-жылга чейин Кыргыз Республикасынын эл артисти, балетмейстер Мелис Асылбашев жетектеген. Ансамблге 1991-жылы эл артисти Нурдин Түгөловдун ысымы берилген.

Чыгармачыл жамааттын концерттик программаларын кыргыз, казак, башкыр, татар, түркмөн, өзбек, азербайжан эл бийлери түзөт.

Ошондой эле "Тамаша", "Ак куу", "Ак тамак, көк тамак", "Миң кыял", "Эл достугу" бий сюитасы, "Сары-Өзөн баяны", "Саринжи-Бөкөй", "Беш ыргай", "Тогуз кайрык", "Маш ботой" жана башка бийлер туруктуу репертуарга айланган. Учурда эмгек жамааты ансамблдин репертуары жыл сайын жаңы бийлер менен байып жатканын айтат.

"Акмарал" Түркия, Германия, Франция, Малайзия, Индия, Кытай жана башка өлкөлөрдө гастролдо болгон.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG