Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:41

"Чет элдик өкүл" мыйзамы: Жарандык коомдун кооптонуусу, президенттин жүйөсү


Президент Садыр Жапаров талаштуу "Чет өлкөлүк өкүл" боюнча мыйзамга кол койду. Муну менен өлкөдө жарандык коомго сокку урчу документ күчүнө кирмей болду.

Эл аралык коомчулук жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү “бул мыйзам өлкөдөгү бейөкмөт уюмдарды чектеп, талаптарды күчөтөт” деген негизде каршы чыгып, президентти вето коюуга чакырган эле. Бирок президент талаштуу мыйзам Кыргызстанга пайдалуу болот деп эсептейт.

Президенттин жүйөсү

Мыйзам расмий түрдө “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү” деп аталат. Президент Садыр Жапаров 2-апрелде Фейсбуктагы баракчасы аркылуу берген түшүндүрмөсүндө мыйзам бейөкмөт уюмдардын ачык-айкын иштешине негиз түзөрүн айткан. Муну менен катар, жергиликтүү бейөкмөт уюмдар эл аралык донорлоруна жалган маалымат жеткирип, алдап жатышканын белгилеген.

“Бизге куугунтук болот. Бизди чет өлкөнүн агенти деп камашат” деген сыяктуу жалган маалыматтарды жеткирип жатышат. Алар ишенип алышкан. Ошол үчүн бул мыйзамга кол коюудан баш тартышымды суранып жатышат. Отуз жылдан бери бирөөсүн дагы чет өлкөлүк донорлор менен иштештиңер, баланча суммадагы акча алдыңар деп куугунтуктабаган, эми куугунтуктамак белек? Мамлекет башчысы катары кепилдик берем. Эч кандай куугунтук болбойт. Ядролук өлкө эмеспиз. Азырынча космоско учалы деп жаткан жокпуз. Биздин мамлекетте силерден жана силердин донорлордон жашыра турган жашыруун сырларыбыз жок. Бизде бардык маалыматтарды ачык булактардан эле тапса болот”.

Садыр Жапаров “Эмне үчүн ошол эле өнүккөн батыш өлкөлөрүндө өкмөттүк эмес уюмдар Юстиция министрлигине катталып, банктан эсеп ачып, салык кызматына каттоого туруп иштешет дагы, бизге келгенде эле болбойт? Же эмне биз экинчи сорттогу мамлекетпизби?” деген суроону да коёт.

Ошентип, Садыр Жапаров бир канча убакыттан бери талкуунун бутасында калып, Орусиянын жолоюна түштү деген мыйзамга кол койду. Эми ал расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жогорку Кеңеш өткөн айда кабыл алган мыйзамга ылайык, чет өлкөдөн каржыланган жана Кыргызстанда саясий ишмердик менен алектенген жергиликтүү бейөкмөт уюмдар “чет элдик өкүлдүн ишин аткаруучу” деп таанылат жана тиешелүү реестрге катталат.

“Мамлекеттик органдардын чечимине таасир этүүнү”, ал органдар жүргүзгөн “мамлекеттик саясатты өзгөртүүнү” жана бул багытта “коомдук пикирди түзүүнү” көздөгөн саясий акцияларды уюштурган жана аларды каржылаган уюмдар саясий ишмердикке катышкан болуп таанылат.

“Чет элдик өкүл” деп таанылган уюмдардан кошумча отчеттор талап кылынат. Маселен, алар сырттан алган акча кандай максатта колдонулганы тууралуу тиешелүү мамлекеттик мекемелерге квартал чайын, ал эми жалпы ишмердиги жана башкаруучулары тууралуу жарым жыл сайын отчет берип турушу керек.

Мындан тышкары, реестрдеги бейөкмөт уюмдар пландалбаган текшерүүлөргө да туш болушу ыктымал. Кезексиз текшерүүгө кайсы бир мамлекеттик органдын арызы негиз бериши мүмкүн.

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков өткөн аптада “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүнө катышкан учурда мыйзамдын иштөө тартибин төмөнкүчө түшүндүрүп берген:

“Мыйзам кабыл алынып, кол коюлгандан кийин Министрлер кабинети өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жоболорду, мыйзам астындагы актыларды бекитет. Ошонун эле учурда Юстиция министрлиги дагы ыйгарым укуктуу орган катары чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын жүргүзүүчү юридикалык жактардын реестрин жүргүзөт. Каттоо процедурасы күчүнө киргенден кийин алгач Министрлер кабинетинин тийиштүү токтому же өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарынын негизинде болсо, Юстиция министрлиги өзүнүн жоболорун бекитет. Реестрлерди кабыл алат дагы, мыйзам күчүнө киргенден баштап аны аткаруу талабы ишке аша баштайт. Анан, деталдаштырылган, жол-жоболоштурулган жөнгө салуулар болсо, анда мыйзам астындагы актылар менен дагы деталдуу жазылып, жөнгө салынат”.

Бийликке каршы чыккандар "чет элдик өкүл" болуп калабы?

Кабыл алынган мыйзам боюнча, реестрге киргизилген бейөкмөт уюмдар тарабынан, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же интернет тармагын пайдалануу менен өндүрүлүүчү жана таратылуучу материалдарда алардын “чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюм тарабынан өндүрүлгөнүн, таратылгандыгын жана жөнөтүлгөндүгүн көрсөтүү менен коштолууга тийиш”. Мындан тышкары, реестрге киргизилген уюм “жыл сайын ыйгарым укуктуу органга көз карандысыз аудитордук корутундуну берип турууга” милдеттенет. Мындай талаптарды бузган учурда бейөкмөт уюмдун ишмердиги алты айга токтотулуп турат. Эгерде ал мөөнөттүн ичинде да талаптар аткарылбаса, анда уюмду жоюу процесси ишке кирет.

Юрист Таттуубүбү Эргешбаева жаңы мыйзам бейөкмөт уюмдарды бөлүп-жарып, ишмердигине олуттуу чектөөлөрдү жаратат деп эсептейт.

“Эл аралык арена үчүн бул кооптуу норма. Анткени, бүгүнкү күндө бардык бейөкмөт уюмдарды “бул социалдык, бул саясий” деп бөлүп коюп жатышат. Саясатта кимде-ким дебатка чыкса, президентке кайрылуу жасаса, кандайдыр бир мыйзамга каршы позициясын көрсөтсө, автоматтык түрдө “чет өлкөлүк өкүл” деген наамга таандык болуп калат”.

"Бейөкмөт уюмдар мурда деле каттоодон өтүп келген"

Ал тапта президенттин Кыргызстанда “30 жылдан бери өкмөттүк эмес уюмдар эч жерге катталбай, эч кимге отчёт бербей келгендиги, жөн гана банктардан эсеп ачып эле чет өлкөлүк донорлорунан акча алып, каалаган нерселерине, анын ичинде жеке үй-бүлөлүк кызыкчылыктарына да иштетип келишкени” тууралуу пикири коомдо кызуу талкууну жаратты.

Садыр Жапаровдун билдирүүсүнөн кийин социалдык тармактарда Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, Салык кызматына талап кылынган отчетторду берип келерин, мындай ачыктык грант берген донорлордун талаптарынын бири экенин жазып жатышат.

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев президенттин чөйрөсү ага бейөкмөт уюмдар жана жарандык коом тууралуу акыйкат маалыматты жеткирбей жатат деген пикирин билдирди.

“Албетте, Кыргызстанда жашаган, ушул коомдо басып, иштеп жүргөн ар бир жаран билет – уюм катары катталбасаң уюм эмессиң. Катталбагандан кийин банктык эсебиң ачылбайт. Уюм катары бир жерден акча алып атсаң, сөзсүз отчет бересиң. Отчет бербесең сенин артыңдан бат эле Салык кызматы келет, буга чейин Финпол дегени болчу. Кудайга шүгүр дейбизби же тилекке каршыбы, өкмөттө көзөмөлдөөчү органдар толтура. Мындай кырдаалда, президент айткандай “катталбаптыр, отчет бербейт экен, алган каражатын ар жактарга коротот экен” деген – бул чындыкка коошпогон сөз. Донорлого багыштап айтыптыр, “силерди булар алдап жатат” деп. Өз жарандарын, өз жарандык коомун чет элдик өнөктөштөрүнүн алдында “булар жалганчы, буларга ишенбегиле” деп айтканы, албетте президентке анчейин жарашкан жок".

Президенттин администрациясынын жообу

Президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына жана президенттин билдирүүсүнө айтылган 2-апрелдин кечинде сындарга жооп берди. Ал Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар мыйзамдын кабыл алынышы менен мамлекет тараптан көзөмөл күчөп, аларга келген гранттардын кайсы жакка жумшалып жатканы “ачыкка чыгып кетишинен чочулап жатышат” деген пикирин айтты.

Укушов мыйзам боюнча Евробиримдик, БУУнун Өнүктүрүү программасы, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму, ЮСАИД жана бир катар өлкөнүн элчиликтери, донорлордун тынчсыздануусуна жооп берип, “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясы "демократиялык стандарттарды сактаган өлкөлөрдөн алынганын" белгиледи.

“Социалдык тармактарда коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү президент Садыр Жапаровдун “Биздин өлкөдө иш алып барган бейөкмөт уюмдар 30 жыл бою эч жерге каттоого турган эмес” деген сөзүн сынга алып жатышат. Президенттин билдирүүсү чет өлкөлүк өкүлдүн милдетин аткарган коммерциялык эмес уюмдарга байланыштуу мыйзам боюнча болгону үчүн муну кеп чет өлкөлүк өкүл катары иш алып барып, бирок ушул макамда каттоого алынбагандар жөнүндө болууда деп түшүнүү керек. Мыйзам күчүнө киргенден кийин Юстиция министрлиги чет өлкөлүк өкүлдүн милдетин аткарган коммерциялык эмес уюмдарды каттай баштайт жана бул боюнча реестр болот”, - деген Укушов.

Ал мыйзамдын максаты бейөкмөт уюмдардын ишмердигин ачык-айкын кылуу экенин, андагы нормалар алардын ишин чектебей турганын, каржылык колдоо алууга жолтоо болбой турганын кошумчалаган.

14-мартта “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” же "Чет элдик өкүл" деп таанылган талаштуу мыйзам долбоору парламентте үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынган. Ага ылайык:
Чет өлкөдөн каржыланган жана Кыргызстанда саясий ишмердик менен алектенген жергиликтүү бейөкмөт уюмдар “чет элдик өкүлдүн ишин аткаруучу” деп таанылат жана тиешелүү реестрге катталат. “Чет элдик өкүл” катары каттоодон өтпөгөн уюмдардын ишмердиги алты айга чейин токтотулат.
“Мамлекеттик органдардын чечимине таасир этүүнү”, ал органдар жүргүзгөн “мамлекеттик саясатты өзгөртүүнү” жана бул багытта “коомдук пикирди түзүүнү” көздөгөн саясий акцияларды уюштурган жана аларды каржылаган уюмдар саясий ишмердикке катышкан болуп таанылат.
Илим, маданият, искусство, саламаттык сактоо, жарандарды социалдык колдоо, спорт, экология жана кайрымдуулук багытында иш алып барган уюмдар саясатка аралашты деп эсептелбейт.
“Чет элдик өкүл” деп таанылган уюмдардан кошумча отчёттор талап кылынат. Маселен, алар сырттан алган акча кандай максатта колдонулганы тууралуу тиешелүү мамлекеттик мекемелерге квартал сайын, ал эми жалпы ишмердиги жана башкаруучулары тууралуу жарым жыл сайын отчёт берип турушу керек.
Мыйзам долбоору кабыл алынса, бейөкмөт уюмдар пландалбаган текшерүүлөргө да туш болушу ыктымал. Кезексиз текшерүүгө кайсы бир мамлекеттик органдын арызы негиз бериши мүмкүн.
Башында Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу берилип, “Коммерциялык эмес уюм мыйзамсыз иш-аракет жүргүзгөн” деп табылып, шектүүнүн күнөөсү далилденсе, беш жылдан 10 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган. Кийин ал үч жылдан беш жылга чейин кыскартылган, 20-февралда кылмыш жоопкерчилиги толук алынып салынган.

Буга чейин “Адилет” укуктук клиникасы мыйзам долбоорун талдап, анын Орусиянын “чет элдик өкүл жөнүндө” мыйзамына 98% окшоштугун аныктап чыккан. “Мемориал” уюмунун төрагасы, коомдук ишмер Ян Рачинский Орусияда бейөкмөт уюмдардын каржыланышынын ачыктыгын камсыздоо үчүн кабыл алынган мыйзам жыйынтыгында репрессиялоо үчүн иштеп жатканын белгилеген.

Адам укугу, сөз эркиндиги жаатындагы эл аралык уюмдар, бир катар өлкөлөрдөн 30дан ашуун жарандык бейөкмөт уюмдар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылып, мыйзамга кол койбоого чакырган. АКШ баштаган Европа өлкөлөрүнүн элчиликтери тынчсыздануусун билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG