Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:05

Парламентте "Чет элдик өкүл" мыйзамы үчүнчү окуудан талкуусуз өттү


"Чет элдик өкүл" деп таанылган мыйзам долбоорунун автору депутат Надира Нарматова.
"Чет элдик өкүл" деп таанылган мыйзам долбоорунун автору депутат Надира Нарматова.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” же "Чет элдик өкүл" деп таанылган талаштуу мыйзам долбоору парламентте үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынды.

14-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына катышкан 66 депутат мыйзам долбооруна “макул”, беш депутат “каршы” добуш берди. Каршы добуш бергендер: Чыңгыз Айдарбеков, Сеидбек Атамбаев, Дастан Бекешев, Элвира Сурабалдиева жана Эмил Токтошев.

АКШ баштаган Европа өлкөлөрүнүн элчиликтери президент Садыр Жапаровду жана Жогорку Кеңешти өлкө ичиндеги жана сыртындагы башка тынчсызданууларды эске алып, бул мыйзамды кайра карап чыгууга чакырды.

Бирок кыргыз бийлиги "Чет элдик өкүл" тууралуу мыйзам жарандык коомдун ишмердигине коркунуч жаратпай турганын кайталап келет. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 14-мартта өткөн онлайн брифингде бул турумду кайталады.

"Жарандык активисттер жана бейөкмөт уюмдар биздин демократиялык жашообуздун бир бөлүгү. Эч ким чечимдерди кабыл алуудагы конституциялык укугунан ажыратылбайт. Алардан талап кылган бир гана нерсе - каржы булактарын так, даана көрсөтүүсү керек. Мындай маалыматты алардын донорлору деле талап кылышат".

Документ эми президентке кол коюу үчүн жөнөтүлөт.

  • Үчүнчү окуудан өткөн долбоорго ылайык, чет өлкөдөн каржыланган жана Кыргызстанда саясий ишмердик менен алектенген жергиликтүү бейөкмөт уюмдар “чет элдик өкүлдүн ишин аткаруучу” деп таанылат жана тиешелүү реестрге катталат. “Чет элдик өкүл” катары каттоодон өтпөгөн уюмдардын ишмердиги алты айга чейин токтотулат.
  • “Мамлекеттик органдардын чечимине таасир этүүнү”, ал органдар жүргүзгөн “мамлекеттик саясатты өзгөртүүнү” жана бул багытта “коомдук пикирди түзүүнү” көздөгөн саясий акцияларды уюштурган жана аларды каржылаган уюмдар саясий ишмердикке катышкан болуп таанылат.
  • Илим, маданият, искусство, саламаттык сактоо, жарандарды социалдык колдоо, спорт, экология жана кайрымдуулук багытында иш алып барган уюмдар саясатка аралашты деп эсептелбейт.
  • “Чет элдик өкүл” деп таанылган уюмдардан кошумча отчёттор талап кылынат. Маселен, алар сырттан алган акча кандай максатта колдонулганы тууралуу тиешелүү мамлекеттик мекемелерге квартал сайын, ал эми жалпы ишмердиги жана башкаруучулары тууралуу жарым жыл сайын отчёт берип турушу керек.
  • Мыйзам долбоору кабыл алынса, бейөкмөт уюмдар пландалбаган текшерүүлөргө да туш болушу ыктымал. Кезексиз текшерүүгө кайсы бир мамлекеттик органдын арызы негиз бериши мүмкүн.
  • Башында Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу берилип, “Коммерциялык эмес уюм мыйзамсыз иш-аракет жүргүзгөн” деп табылып, шектүүнүн күнөөсү далилденсе, беш жылдан 10 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган. Кийин үч жылдан беш жылга чейин кыскартылып, 20-февралда кылмыш жоопкерчилиги толук алынып салынган.

Жогорку Кеңеште “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору 2023-жылы 25-октябрда биринчи окууда кабыл алынган. Автору Надира Нарматова “бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт” деп айтып келет.

Парламент талаштуу мыйзам долбоорун быйыл 22-февралда экинчи окууда колдогон. Парламентте долбоор кабыл алынса билим берүү, гендердик теңчилик жана социалдык маселелерди чечүү боюнча иштеген уюмдарга кедергисин тийгизе турганы айтылган.

Айрым депутаттар Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдар ансыз деле Салык кызматына каражаты тууралуу отчёт берип жатканын, документ алардын ишин көзөмөлдөп, жабууга чейин жеткирерин белгилешкен.

Эл аралык коомчулуктун реакциясы

Мыйзам кабыл алынары менен Евробиримдиктин, Канаданын, Франциянын, Германиянын, Британиянын жана АКШнын Бишкектеги элчиликтери биргелешкен билдирүү таратып, тынчсыздануусун билдирди.

Мыйзамдагы жоболор бейөкмөт уюмдардын ишмердигин чектей турганы жана андагы талаптар эл аралык нормаларга каршы келери жазылган.

“Мыйзамга азыркы түрүндө кол коюлса, коммерциялык эмес уюмдар жана бейөкмөт уюмдар камсыз кылган тамак-аш, саламаттыкты сактоо жана билим берүү сыяктуу маанилүү кызматтарга таянган калктын аялуу катмарына зыян келтирилиши мүмкүн. Коммерциялык эмес уюмдар жана бейөкмөт уюмдар мамлекеттин каршылаштары эмес – алар демократиялык, адилеттүү жана гүлдөп өнүккөн Кыргыз Республикасын куруудагы алмаштырылгыс өнөктөштөр”, - деп жазылган биргелешкен билдирүүдө.

Алар президент Жапаровго кайрылып, бул мыйзам долбоорун артка чакыртууну сунуштаган.

Мунун алдында 11-мартта “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылы Бишкекте Азия өнүктүрүү банкы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банктын адистерине кат тапшырган. Укук коргоочулар эл аралык каржы уюмдарынан "Чет элдик өкүл" мыйзам долбооруна тынчсыздануу билдирүүнү өтүнгөн.

Ушул эле күнү АКШнын Бишкектеги элчиси Лесли Вигери жергиликтүү Tazabek сайтына эки өлкө ортосундагы экономикалык алака, кызматташуу жана санкциялар жөнүндө маек куруп, анда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долборунун кесепеттерине дагы токтолгон.

Вигери мыйзам долбоору кабыл алынса, АКШнын Кыргызстанга ар тараптан жардам берүүсүн чектей турганын белгилеген.

Лесли Вигери.
Лесли Вигери.

“АКШ мурункудай эле кыргыз элинин пайдасына жардам берүүнү жактайт. Бул биздин базалык принцип. Бирок аталган мыйзам биздин жардам берүүдөгү мүмкүнчүлүктөрдү чектеши мүмкүн экенин белгилеп кетпесем болбойт. Акыры бул мыйзамдын кандай версиясы кабыл алынарынан көз карады. Азыр дагы деле парламенттин кароосунда турат. Кошма Штаттар жардамын Кыргызстанга бейөкмөт уюмдар аркылуу жеткирет. Алар - өнөктөш, аткаруучулар. Эгерде бейөкмөт уюмдар иштей албаса, анда биз кыргызстандыктарга жардам бере албайбыз”, - деген элчи.

Вигери мектептеги ысык тамак, окуу китептери, кооптуу ооруларды дарылоого медициналык жардам, фермерлерди көбөйтүү сыяктуу АКШнын жардамдарына аталган мыйзам жолтоо болуп калышы мүмкүн экенин белгилеген.

CIVICUS Monitor уюму Кыргызстанды жарандардын эркиндиги кескин төмөндөп жаткан өлкөлөрдүн тизмесине киргизди.

"Улуттук коопсуздукту камсыздоого багытталганы айтылып жаткан "Чет элдик өкүл тууралуу" мыйзам адатта авторитардык режимге кирүүнүн куралы болуп саналат. Анткени бул мыйзам кабыл алынган бардык аймактарда бейөкмөт уюмдар жабылган. Мыйзамдын кесепеттерин карап чыкканда, демилгечилердин чыныгы максаты - эркин жарандык коомду жоюп, сынчыл добуштарды ооздуктоо экенин көрүүгө болот", - деген уюмдун Европа жана Борбор Азия аймагы боюнча иликтөөчүсү Тара Петрович.

Аталган уюдун жаңы көзөмөл тизмеси Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары кеңешинин 55-сессиясын утурлай жарыяланган. Ал тизмеге адам эркиндиги көрүнөө начарлап бараткан беш өлкө: Кыргызстан, Пакистан, Сенегал жана Венесуэла киргизилген.

Ал эми Европадагы коопсуздук жана кызматташык уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун директору Маттео Мекаччи “Азаттыкка” маегинде кыргыз парламентин “чет элдик өкүл” деген ат менен таанымал талаштуу мыйзам долбоорун четке кагууга чакырган.

"Мыйзам долбоору азыркы формасында адам укуктары жаатындагы эл аралык стандарттарга шайкеш келбейт. Мындан улам ал бейөкмөт уюмдарга жана эркин журналисттерге терс таасирин тийгизип, коомдун өнүгүшү үчүн жасап жаткан иштерине жолтоо болот. Бул ошол эле кезде Кыргызстандын эл аралык кызматташтыгына да зыянын тийгизет", - деген Мекаччи.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 17-январда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кат жолдоп, коомчулукта "Чет элдик өкүл" деген ат менен аталып жаткан мыйзам кабыл алынса, өлкөдөгү бейөкмөт уюмдардын ишмердигине терс таасирин тийгизип, кесепети оор болорун белгилеген.

Президент Садыр Жапаров бул катка көп узабай эле жооп берип, АКШнын башкы дипломатынын катында Кыргызстандын "ички иштерине кийлигишүүнүн белгилери бар экенин" жазган. Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын ишин мамлекет көзөмөлдөшү керектигине токтолгон.

"Мыйзам долбоорунун максаты – Кыргызстанда иштеген өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын ишин ачык-айкын кылуу жана тартипке келтирүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө он миңдеген мындай уюмдар бар, алар Кыргызстанда мурда мамлекет тарабынан чечилбей, каралбай калып келген көптөгөн проблемаларды чечүүгө умтулуп, ийгиликтүү иштеп жатышат. Ошол эле учурда алардын айрымдары чет мамлекеттерден, анын ичинде АКШдан жана Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдөн гана эмес, башка өлкөлөрдөн да каржыланууда. Албетте, чет мамлекеттер каржылаган же чет өлкөлөр катышкан жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишине канчалык деңгээлде мамлекеттик контроль болушу керек деген кыргыз мамлекетинин мыйзамдуу кызыкчылыктарынан келип чыккан көйгөй бар. Сөз кыргыз мамлекети өзүнүн статусуна ылайык ушул уюмдарга акча каражаттары кайдан келип жатканын, аларды ким жана кайсыл максаттарга жумшап жаткандыгын көзөмөлгө алууга умтулгандыгы жөнүндө жүрүп жатат", - деген Жапаров.

Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (СPJ) Жогорку Кеңешти Орусиянын репрессивдүү мыйзамынын нугунда жазылган талаштуу мыйзам долбоорун кабыл албоого үндөгөн. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм бул документ Орусиядагыдай эле “бир катар бейөкмөт уюмдардын жабылышына” түртөрүн эскерткен.

Орусиядан көчүрүлгөн мыйзам, Москванын кысымы

Буга чейин “Адилет” укуктук клиникасы Надира Нарматова автор болгон документти иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган.

Февраль айында Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Борбор Азиядагы бейөкмөт уюмдар Орусияга каршы "пропаганданы күчөткөнүн, аларга каршы чара көрүлүп жатканын" билдирген.

"Региондо 100дөн ашуун ири батышчыл бейөкмөт уюмдар иш алып барат. Алардын 16 миңден көп өкүлчүлүктөрү менен филиалдары бар. Атайын аскердик операциянын (Орусия кошуна Украинага ачкан согушту ушинтип атайт) фонунда ошол уюмдар Борбор Азия өлкөлөрүнүн Орусия Федерациясы менен аскердик-техникалык, экономикалык жана маданий кызматташтыгын алсыратуу максатында Орусияга каршы ишмердигин кескин күчөтүштү. Биз алдын алуучу чараларды көрүп жатабыз”, - деген Шойгу.

Норвегиянын Хельсинки комитетинин улук кеңешчиси Ивар Дале укук коргоочуларды "террористтер менен бир топко кошуу күлкү келтирерлик иш" экенин жана Орусиянын жолоюна түшүү жакшы жышаан эместигин белгилеген.

“Биринчиден, Шойгу айтып жаткан уюмдар Орусияга каршы эмес, адам укуктарын камсыздоо үчүн иш алып барат. Орусия Федерациясы адам укуктарын көбүрөөк бузган сайын ал өлкө укук коргоочу уюмдардын чордонунда болууда. Бул табигый көрүнүш. Норвегиянын Хельсинки комитети жакында чыгарган докладында Батыштын санкцияларын кыйгап өтүп, тыюу салынган продукцияны Казакстан, Кыргызстан, Армения жана башка өлкөлөр аркылуу Орусияга жеткирип турганын анализдеген", - деген Дале.

  • "Чет элдик агенттер" тууралуу мыйзам Орусияда 2012-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, Юстиция министрлиги чет жактан каржыланган жана саясий ишмердик менен алектенген коммерциялык эмес уюмдарды "чет өлкөлүк агент" деп тааный алат.
  • "Чет элдик агент" деген термин орус мыйзамдарында 2012-жылдын жазындагы каршылык акцияларынан кийин пайда болгон. Ал кезде саясий ишмердик менен алектенип, чет мамлекеттен, чет өлкөлүк уюмдардан жана жарандардан, эл аралык уюмдардан каржыланган бейөкмөт уюмдардын баары "чет элдик агент" деп жарыяланган.
  • Мындай бейөкмөт уюмдар Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, каржылануусу жана чыгымдары тууралуу отчёт тапшырып турушу керек эле.
  • Андан тышкары алар аудитордук отчёт тапшырып, өздөрүнүн макала-баяндарын интернетте жана бардык жактарда "бул материал чет элдик агенттин функциясын аткарып жаткан уюм тарабынан жарыяланууда" деген эскертүү менен чыгарууга милдеттендирилген.
  • Буга баш ийбеген уюмдардын жетекчилерине 300 миң рублга чейин айып пул салуу, коомдук жумушка тартуу, алтургай эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
  • Мындан улам "чет элдик тыңчы" катары таанылган маалымат каражатынын материалдарын бөлүшкөн социалдык тармактардын ар бир колдонуучусу коркунучка кептелди.

Орусия Украинага жапырт кол салып, репрессивдүү мыйзамдарын күчөткөндөн бери "чет элдик тыңчылардын" тизмеси болуп көрбөгөндөй тездик менен толуктала баштады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG