Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:30

"Ихсандын" иши: Камакка алынган эсептеги 17,5 млн сом кимдерге берилди?


"Ихсан" кооперативинин мүчөлөрү. 19-март, 2024.
"Ихсан" кооперативинин мүчөлөрү. 19-март, 2024.

“Ихсан” кооперативи аркылуу батир алууга акча салган жарандар бийликке кайрылып, алардын көйгөйүнө көңүл бурууну суранды. Алар кооперативдин банк эсебиндеги акчанын бир бөлүгү чыгарылып кеткенин, жабыркагандарга бирдей мамиле жасалбай жатканын айтып даттанууда.

Ал арада мамлекет да аларга жардам бериле турганын кыйытты.

“Ихсан” турак жай кооперативинен батир алам деп акчасын салган жарандар 19-мартта чогулуп, бийликке кайрылуу жолдошту. Алар учурда сот иштери жүрүп жаткан кооперативдин банктык эсептери камакка алынганына карабай, андан акча каражаты чыгарылып, башка жабырлануучуларга төлөнүп кеткенин айтып нааразы болууда.

Кооперативдин мүчөсү Гүлнара Акылбек кызы мындай маалыматты "Бакай банктан" расмий кат аркылуу алышканын билдирди:

“Кооперативдин мурдагы жетекчиси Эрмат Абылкасымов соттолсо да, бир эле күндүн ичинде негизги эсептен 17 миллион 555 миң сом чыгып кетиптир. Биз ушул суммага ишенип отурганбыз. Эми бул сумма кеткенден кийин артта турган кишилерге эч нерсе калбай жатат. Муну ким көзөмөлдөп берет бизге?”

Бишкектин Биринчи май райондук соту “Ихсан” кооперативинин жетекчилери боюнча 16-февралда чечим чыгарган. Ага ылайык, кооперативдин башчысы Акинай Бекмурзаева 12 жылга кесилип, жабырлануучулардын чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттендирилген. Кызматкер Эрмат Абылкасымов 11 жылга эркиндиктен ажыратылган.

Жалпы чыгым 701 миллион сомдон ашык деп бааланган. Бирок Бекмурзаеванын жактоочулары кийинки инстанцияга даттангандыктан, райондук соттун чечими күчүнө кире элек.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы соттолгондордун жактоочулары чечимге макул болбой, шаардык сотко даттанганын "Азаттыкка" билдирди.

17,5 млн сом жарандык иште уткандарга кеттиби?

Кооперативге нааразы болгон мүчөлөр "Ихсан" менен эки түрдүү соттошууда. Алгач жеке арыз менен кайрылып, аны сот жарандык иш катары караган. Кийин бул маселе тереңдеген соң кылмыш иши козголуп, калгандары ушунун негизинде доогер болушкан.

Жогоруда сөз болгон 17,5 миллион сом акчаны сот аткаруучулар жарандык иш менен соттон уткан 50 үлүшчүгө алып бергенин кооперативдин башка мүчөлөрү “Бакай банктан” алынган расмий маалыматка таянып айтышты. Банк алар жалпы 113 адам экенин билдирген.

Бул тууралуу "Бакай банктан" расмий жооп алууга мүмкүн болгон жок.

"Ихсандын" дагы бир мүчөсү Назирахан Мырзабаева укук коргоо органдары бул жагдайга кайдыгер мамиле жасап жатат деген ойдо:

“Соттолгондор апелляциялык арыз жазганы үчүн райондук соттун чечими күчүнө кирбей турат. Биз Жогорку Сотко барып арыз жазып келдик. Ал жакка барсаң, УКМКга бар дейт. Алар ИИМге жөнөтөт. Биз ортодо топтой эле болуп калдык. Биздин көйгөйүбүздү ким угат? Президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, ушуга көңүл буруусун суранабыз”.

Сот департаментинин жообу

Сот департаменти 20-мартта бул тууралуу түшүндүрмө берип, жарандык иште соттун чечими менен утуп алган жарандардын чыгымдары кайтарылып жатканын билдирди. Түшүндүрмөдө бул үчүн тиешелүү документтер бар экени белгиленген.

"2024-жылдын 5-февралындагы токтом менен аталган аткаруу барактары Бишкек шаарынын Биринчи май районунун сот аткаруучунун кызматтык бөлүмүнүн (САКБ) депозиттик эсебине акча каражаттарын которуу үчүн "БАКАЙ БАНК" ААКсына жөнөтүлгөн. Азыркы учурда Бишкек шаарынын Биринчи май районунун САКБнын депозиттик эсебине аткаруу барактарына ылайык акча каражаттары келип түшүүдө. Акча каражаттарын которуу жөнүндө төлөм тапшырмасын берген өндүрүп алуучулар өндүрүү суммасын алардын алыш-бериш эсептерине которууну суранган арыздар менен кайрылышат. Мунун негизинде жана КР Конституциясынын 101-беренесин аткаруу үчүн акча каражаттары өндүрүп алуучуларга которулат", - деп айтылат маалыматта.

Сот департаментинин түшүндүрмөсүндө өндүрүлгөн акча каражатынын суммасы тууралуу айтылбайт.

Ал арада “Ихсандын” жетекчилиги иш уланып жатканын айтууда. “Ихсандын” Оштогу өкүлчүлүгүнүн башчысы Бекболсун Малаканов Бишкектеги кеңсеге да кол кабыш кыла турганын билдирди:

“Мага ишеним кат менен бул жакта иштөө укугун беришти. Мага эки адамды бергиле. Мен аларга иштин жүрүшү боюнча дайыма маалымат берип турайын. Баарыңар чогула берсеңер, маселе чечилбейт”.

"Ихсандагы" көйгөйдүн ачыкка чыгышы

“Ихсан” кооперативине турак жай алуу үчүн акча салып, кийин мүлк да ала албай, каражатын да кайтара албай калган жүздөгөн жарандар мындан эки жыл мурун Бишкекте жана Ошто митингге чыга баштаган. Ошондо ИИМ бул кооперативге 2021-жылы “алдамчылык” боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатканын маалымдаган. Кийин ишке аталган кодекстин 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) боюнча айып кошулган.

2022-жылы июлда кооперативдин жетекчиси Акинай Бекмурзаева камакка алынган. Кийин кооперативдин бир жооптуу кызматкерине издөө жарыяланган.

Узакка созулган соттук процесс аягына чыгып, чечимде чыгымдар толук жабылышы керектиги жазылганы менен, кооперативдин мүчөлөрү мунун ишке ашарына анчейин ишенбей турушат. Анткени аларда “Ихсандын” банк эсептери жана анда канча каражат бар экени тууралуу маалымат жок.

Жабыркагандарга өкмөт жардам береби?

Ал арада өкмөт “Ихсандын” жабырлануучуларына жардам көрсөтүлүшү мүмкүн экенин кыйытууда.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов буларды айтты:

“Ихсан маселеси боюнча президенттин кабары бар. Буга мамлекет да жардам берет. Балким, бул жардам Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу чечилет”.

Кыргызстанда мындан башка да турак жай кооперативдерине нааразылык билдирип, бир нече акциялар өткөн. Алар да уюмдарга миллиондогон акча салып, соңунда үй же башка мүлктөрдү ала албай калышканына даттанышкан. Милиция алардын көпчүлүгү боюнча кылмыш ишин козгогон. Мындан улам өкмөт кооперативдердин ишин көзөмөлдөөнү күчөтө турган мыйзам долбоорун иштеп чыгып, кабыл алынган.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG