Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Москва: "Ихсанга" салган 1,5 млн акчамды эстегенде жүрөгүм зырылдайт


"Ихсанга" акча төккөн мигрант аялдар
"Ихсанга" акча төккөн мигрант аялдар

"Ихсан" кооперативинен жабыркаган мигранттар нааразылык билдирип жатышат. Алар сот "Ихсандан" чыгымды өндүрсө, мигранттар төлөгөн акча да кайтарылабы же жокпу деп  тынчсызданууда. 

"Үй алып, эки айдан кийин мекениме кайтам деп сүйүнгөм"

Гүлсүнай 10 жылдан ашык убакыттан бери Орусияда жүрөт. Дүкөндө 14 саат бою тикесинен тик туруп, товар тизген аял эс алуусуз иштейт. Ал 2021-жылы тапкан акчасын чогултуп, үй алып, мекенине эртерээк кайтууну кыялданганын айтты:

"20-декабрь, 2021-жылы акчамды Сбербанктан алдым. Таңгактап, 5 миңдиктерди салып, “Новые Черёмушки” метросуна барып, 3 млн сомдук келишим ["Ихсан" менен] түздүм. 1,5 млн рубль бердим. Эки айдан кийин, 20-февралда үй тиет деди. Эки айдан кийин [Кыргызстанга] кетет экенмин деп иштегилерге, орустарга айтып сүйүнгөнүмчү.

Гүлсүнай (орто)
Гүлсүнай (орто)

Эки айдан кийин бардым. Мен барганда “Ихсанда” тополоң болуп жаткан экен. [Үйдү] берет деп ишендим. “Ихсан” деген аты бар, [...] кантип бербесин. Ажылар жарнама кылган, берет деген ой менен аларды карап-карап, келе бердим".

“Ихсан” компаниясына ишенген аял же үйдөн жок, же акчадан жок ара жолдо калды. Алтургай мурда өзү барган “Ихсандын” Москвадагы кеңсесин да таппай калган. Эки жылдан бери ал акчасын кайтара албай убара тартып жүргөнүн билдирди.

"Эч ким менен байланыш жок, караңгы жерде калдык. Эки-үч ай мурда кеңсесине бардым. Бир барганымда башка метрого жылыптыр. Кийинкисинде бөлөк метрого көчүптүр. Азыр кайсы жерде экени белгисиз. 1,5 млн акчамды эстегенде жүрөгүм зырылдайт. Менин жебей-ичпей, “Роллтон” жеп топтогон акчам болчу".

Мигранттардын бийликке кайрылуусу

“Ихсан” кооперативинен жабыркаган башка мигранттар да бар. Гүлсүнай отурган Ватсапп группада 200дөй мигрант күн сайын кабарлашып турат. Алар жарнамаларга ишенип, кооператив компанияга салган акчаларын кайтара албай жатканын айтып, кыргыз бийлигине жардам сурап кайрылууда. Алардын бири Махабат Кыргызстандагы сот иштерине да катыша албай жатканын билдирди:

"Орусиядагы мигранттардын атынан биздин өкмөткө, президент Садыр Жапаровго, Камчыбек Ташиевге кайрылабыз. Биз “Ихсанга” акча төккөндөн бери акчабыз жок же үйүбүз жок талаалап жүрөбүз. Бизге жардам көрсөтөбү деген ой менен ушул мигранттар чогулдук. Алыста жүргөндүктөн, Кыргызстандагы сотко катыша албай же кеңсеге барып, оюбузду билдире албай жатабыз".

Кыргызстандын Москвадагы элчилигине, ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө бараткан мигранттар
Кыргызстандын Москвадагы элчилигине, ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө бараткан мигранттар

Москвада чогулган 17 адам жабыркагандардын тизмесин түзгөн. Алар 16 млн акчага күйгөнүн эсептеп чыкканын айтып жатышат. Чогулгандар көйгөйүн айтып Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине, Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө да барышкан.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Назгүл Жусубакунова кайрылгандарга кеңеш берилгенин маалымдады:

“Бул маселе боюнча элчиликке кайрылган жарандарга тиешелүү кеңеш берилди. "Ихсан" кооперативинен жабыркагандардын арызынын негизинде тиешелүү жактарга кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын эске алуу менен Кыргызстандын компетенттүү органдарына кайрылуу сунушталды. Мындан сырткары, алардын арызы ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө тапшырылды”.

Гүлсүнай тийиштүү органдарга кайрылганы менен, бир топ түйшүк жараларын айтып кабатыр. Анткени Бишкектеги сот иштерине катышуу шарты ал үчүн кыйынчылык жаратат экен:

“Кечээ ИИМдин өкүлчүлүгүнө, элчиликке бардык. ИИМ [Кыргызстандан] ишенимдүү өкүл тапкыла деди. Ошонун атына ишеним кат жибергиле деди. Анан келип арыз жазгыла, биз кабыл алабыз деди. Бир-эки мигранттын [Кыргызстанда] өкүлү бар экен. Мага окшогондор эмне кылышты билбей, кайра келе бердик. Арыз жазгандан кийин [бизди, өкүлдү] сотко чакырышы керек экен. Кыргызстанда эч кимибиз, өкүлүбүз жок. Эмне кылабыз? Азыр мен үчүн ошол маселе. Бишкекте эч кимим жок. Карыган ата-энем бар. Алар Аксыдан Бишкекке келип-кеткенче канча убакыт кетет? “- деп Гүлсүнай аргасы калбай калганын айтып турду.

Кыргызстандын ИИМнин маалымат кызматы болсо мигранттар Орусиядагы өкүлчүлүккө арыз жазса токтоосуз кабыл алынарын билдирип, ишенимдүү өкүл тергөө иштеринде мигранттын кызыкчылыгын коргоо үчүн гана керек деген маалымат берди.

Кооперативдерге козголгон кылмыш иштер

Мигранттар “Ихсан” кооперативине салган акчасын алабы-жокпу - азырынча беймаалым. Анткени “Ихсан” кооперативинин иши боюнча тергөө, сот уланууда. Бул боюнча "Алдамчылык", "Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу" беренелери менен кылмыш иши козголгон. Жетекчиси Акинай Бекмурзаева 2022-жылдын июлунан бери тергөө абагында отурат. Ал арада “Ихсан” кооперативи келтирген жалпы чыгым 701 миллион сом деп бааланды.

Кыргызстанда башка да турак жай кооперативдерине нааразы болгон бир нече акциялар өткөн. Алар да уюмдарга миллиондогон акча салып, соңунда үй же башка мүлктөрдү ала албай калышканына даттанган.

ИИМ 2023-жылдын сентябрь айына карата Кыргызстанда жалпы 12 турак жай кооперативинин ишине байланыштуу 954 кылмыш иши тергелгенин, анын 604ү соттук кароого жөнөтүлүп, 168и токтотулганын билдирген.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 162 коммерциялык эмес турак жай-курулуш кооперативи катталган.

  • 16x9 Image

    Гүлжан Эшбаева

    Гүлжан Эшбаева "Азаттыктын" миграция темасын чагылдырган журналисти. ОшМУнун кыргыз филология жана журналистика факультетин аяктаган.  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG