Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:46

Орусия жикчил Приднестровьени эмне максатта кармап турат?


Жикчил Приднестровье Орусиядан колдоо издейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:33 0:00

Жикчил Приднестровье Орусиядан колдоо издейт

Жикчил Приднестровье аймагынын бийлиги Молдованын кысымынан коргоону сурап Орусияга кайрылды. Кишинев Тирасполдун билдирүүсүн “пропагандачыл” деп айыптады. Украинадагы согуш башталгандан бери Москва регионду түштүк-батышта жаңы фронт ачуу үчүн пайдаланышы мүмкүн деген кооптонуу айтылып келатат.

28-февралда Тираспол шаарына чогулган жергиликтүү депутаттар Молдова аймакты "экономикалык блокадага алып, басым-кысым көрсөтүп келатат" деп Москвага даттанып, жардам сурашты. Кишинев анын алдында эле курултайды “афера” деп атаган.

Буга чейин маалымат каражаттары депутаттардын жыйынында регионду Орусиянын курамына кабыл алуу жөнүндө кайрылуу жасаларын жазышкан. Бирок жергиликтүү бийлик ал имиштерди төгүндөгөн.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги буга дароо жооп кылып, кайрылуу каралат деп убада берди. “Интерфакс” агенттиги мекеме өкүлүнүн бул сөздөрүн келтирет: “Приднестровье жашоочуларынын, журтташтарыбыздын кызыкчылыктарын коргоо – биздин приоритеттердин бири”.

Молдованын президенти Майя Санду Приднестровье Орусиядан жардам сураган күнү Албанияда Батыш Балкан лидерлеринин жыйынына катышып, украин президенти Владимир Зеленский менен кездешкен.

Албаниядагы "Украина - Түштүк-Чыгыш Европа" саммитине катышкан лидерлер, Тирана, 28-февраль, 2024-жыл.
Албаниядагы "Украина - Түштүк-Чыгыш Европа" саммитине катышкан лидерлер, Тирана, 28-февраль, 2024-жыл.

Тирасполдун билдирүүсү жарыялана электе “Азаттыктын” молдова редакциясына берген интервьюда ал Кишинев көп жылдардан бери токтоп турган жаңжалды тынч жол менен чечүүгө, регионду экономикалык реинтеграциялоого дилгир экенин билдирген.

Приднестровье жетекчилигинин Орусиядан жардам сураганы Молдованын тургундарын түйшөлтпөй койбойт. Айрымдар ал аймакта жашагандар Орусияга көбүрөөк ыктаарын, Орусиядагы саясий кырдаалдын Молдовада кайталануусунан чочулаганын айтышат. Башкалары өлкөнүн аскердик кубатын арттыруусуна нааразы.

АКШ Приднестровьедеги кырдаалга байкоо салып жатканын Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Мэтью Миллер шаршемби күнкү басма сөз жыйынында айтты:

"Орусиянын Европадагы агрессивдүү жана дестабилдештирүүчү ролун эске алуу менен, ал өлкөнүн Приднестровьедеги аракеттерине жана ошол аймактагы кырдаалга жакындан байкоо салып келатабыз. АКШ Молдованын суверенитетин жана эл аралык коомчулук тааныган чек аралардын алкагындагы аймактык бүтүндүгүн бекем колдойт. Кишинев менен Тирасполду Днестрдин эки жээгиндеги тең маселелерди чечүү үчүн биргелешип иштөөгө чакырып келатабыз".

СССР ыдырагандан бери Приднестровьени иш жүзүндө орусиячыл күчтөр көзөмөлдөгөнү менен эл аралык деңгээлде чөлкөм Молдованын бөлүгү болуп саналат. Регион калкынын көбүн орус тилдүүлөр түзөт.

Акыркы жолу региондун депутаттары 2006-жылы курултайга чогулганда Орусияга кошулуу боюнча референдум өткөрүлөрүн жарыялашкан. Добуш берүүдө көпчүлүк тургундар ал сунушту колдогон. Бирок алардын өтүнүчүн Москва жоопсуз калтырган.

1992-жылы куралдуу жаңжал тутанганда, региондо бир миңден ашуун киши набыт болгон, эки миңдейи жараланган. Ошондон кийин Приднестровьеге бир жарым миң орус аскери жайгаштырылган. Аймакта эл аралык коомчулук тааныбаган Приднестровье Молдован жумурияты жарыяланган. Кишинев орусиялык контингенттин жайгаштырылышын мыйзамсыз деп атап, аларды чыгарып кетүүнү талап кылууда. Москва талаптарды көз жаздымда калтырып келатат.

Москва Украинага басып киргенден бери Молдова бийлиги Кремль Приднестровьени Одесса багытында жаңы фронт ачуу үчүн пайдаланышы мүмкүн деген кооптонуусун айтып келет. Жергиликтүү бийлик украин тараптан диверсия жана теракт аракеттери болгонун билдирген. Ал эми Украина Орусияны чагым келтирди деп айыптаган. Москва орус тилдүү калкты коргоо шылтоосу менен Приднестровьени басып алат деген чочулоо да күчөдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG