Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Молдова алты телеканалдын ишин токтотту


Молдовада блоктолгон сайттардын бири
Молдовада блоктолгон сайттардын бири

Молдованын Чукул кырдаалдар комиссиясы «чет өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын алга жылдырууда» деген алты жергиликтүү телеканалдын ишин токтотту. Бул тууралуу премьер-министр Дорин Речан Фейсбуктагы баракчасына жазды. Лицензиясы убактылуу токтотулгандардын катарында Orizont TV, Prime, Canal 2, Canal 3, Publika TV жана ITV Moldova бар.

Премьердин айтымында, өлкө «күнүгө Орусия Федерациясынын гибриддик чабуулдарына туш болуп келет. Акыркы жумаларда андай коркунуч күчөдү. Орусия кылмыш топтору аркылуу жергиликтүү шайлоого таасир этүүгө, демократиялык процесске көлөкө түшүрүүгө аракеттенүүдө».

Речан ошол телеканалдар орусиячыл саясатчыларга баш ийерин белгиледи.

Ал каналдардын ишин бөгөттөө сунушун Молдованын Маалымат жана коопсуздук кызматынын жетекчиси киргизген.

Муну менен бирге Кишинев 31 интернет-порталды, арасында орусиялык 14 медианын - ТАСС, "Московский комсомолец", "Интерфакс", "Российская газета", "Известия", Sputnik, РИА Фандын ресурстарынын лицензиясын токтотту.

24-октябрда Молдованын Маалымат жана коопсуздук кызматы орусиялык жалпыга маалымдоо каражатынын 22 интернет-сайтын бөгөттөрү кабарланган.

"Кара тизмеге" киргендердин катарында RT, "Звезда", "Царьград", НТВ, ВГТРК, Рен-ТВ, "Мир", РТР-Планета, "Вести" жана "Спас-ТВ" аталган.

Молдовалык мекеме чечимин сөз болуп жаткан ресурстар «согушка кириптер болгон жана агрессор деп таанылган мамлекеттин расмий органдарынын» маалыматын таратууда деп түшүндүрдү.

Сентябрдын ортосунда Молдованын баш калаасында Кремлге баш ийген "Sputnik Молдова" басылмасынын жетекчиси Виталий Денисов кармалганы кабарланган. Ал депортацияланып, 10 жыл өлкөгө кирүүгө тыюу салынган.

Кийин The Insider басылмасы Денисов орус атайын кызматынын чет мамлекеттерде дезинформацияны жайылтуу менен алектенген бөлүмүнүн офицери экенин таап чыккан.

Орусия Украинага басып киргенден кийин Кишинев "Sputnik Молдова" сайтын бөгөттөп койгон. Быйыл мартта Москванын Sputnik маалымат агенттигинин дагы беш сайтына кирүү чектелген. Орусиянын Молдовадагы өкүлчүлүгү бул кадамды айыптап, аны саясий чечим деп атаган.

Июлда бир нече басылма Орусиянын Кишиневдогу элчилигинде иштеген атайын кызматтын өкүлдөрү тууралуу иликтөө жарыялаганда Молдова 45 дипломатты өлкөдөн чыгарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG