Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

"Согушта да балдар окушу керек". Киевде жер төлөдө сабак берген Азат


Азат Тарыхчиев үй-бүлөсү менен. Киев, Украина.
Азат Тарыхчиев үй-бүлөсү менен. Киев, Украина.

Киевде жеке менчик мектепти жетектеген Азат Тарыхчиев бомбалоо маалында сабак өтө турган жай даярдаган. Украинада уруш башталганы мектепте орус тилинде сабак өтүлбөйт. Азат окуучуларына согуш жүрүп жатканда дагы коопсуз чөйрө түзгүсү келет.

«Мен Украинаны экинчи мекеним деп эсептейм. Келген алгачкы күндөрүмдөн бери эле өзүмдү бул жерде чоочун адамдай сезген эмесмин», - деп сөз баштады каарманыбыз.

Азат Тарыхчиев.
Азат Тарыхчиев.

Кыргызстандык Азат Тарыхчиев беш жыл мурун үй-бүлөсү менен Украинага көчүп келген. Алгач информатика мугалими болуп иштеп, кийин жеке менчик мектепти жетектеген. Орусия Украинага басып кирип, согуш ачканда аялы, үч баласы менен Кыргызстанга кайтып келүүгө аргасыз болушкан. Бирок көп өтпөй ал Киевге кайтып келип, мектептин жер төлөсүнө бомбадан баш калкалоочу жай даярдап, окуу процессин уланткан.

«Согуш башталганда биз Киевде бир жумадан ашык болдук. Терезеден жардырууларды, ок атууларды, артиллериянын өтүп жатканын көрдүк. Балдардын психикасы бузулбасын деп, мекенге кайтууну чечтик».

Азат үй-бүлөсүн Кыргызстанга жеткирип, өзү Украинага кайткан. Орус аскерлеринин мизи кайта баштаганда аялы менен балдары да Украинага кайтышкан.

«Мен тагдырга ишенем. Эгер маңдайыңа жазып койсо кайсы жерде болсоң да тирүү калбайсың. Жакшы күндөрдө ушул жерде болуп, кыйын кезеңде таштап кетүүгө менин абийирим жол бербеди».

Азат жетектеген жеке менчик мектеп.
Азат жетектеген жеке менчик мектеп.

Туугандары жана тааныштары Азаттын согуш уланып жатканда Украинага кайтып келүү чечимин түшүнүшпөй, алтургай айрымдары айыпташкан. Анын жакындарынын көбү Украинадагы окуяларды орус пропагандасынын таасири менен кабылдашат.

"Биз аларга жагдайды түшүндүргөнгө аракет кылдык. Бул жерден улутчулдарды көргөн жокпуз. Ракеталар, Орусиянын чабуулу жөнүндө айттык. Бирок баары бир маалымат адамга көбүрөөк таасир этет экен. Айрымдары ойлонуп калышты, кээ бири ишенген жок. Кыскасы, ар кандай кабыл алышты".

Украинадагы урушка эки жол болду. Расмий Бишкек бейтарап позицияны карманып келет.

"Украинада болгонум үчүн бул өлкөнү колдойм, анткени мен украин элинин турмушун ичкериден көрүп турам, алар менен биргемин. Бул менин жеке пикирим. Ал эми Кыргызстандын бийлигинин позициясы кандайдыр бир саясий себепке байланышкан болсо керек. Бул тууралуу эч нерсе айта албайм. Маалыматым да жок".

Киевге кайтып келгенден кийин Азат лицейде окуу процессин жөнгө сала баштайт. Ал мектептин алдындагы жер төлөгө бомбадан сактануучу жай курган. Азат согуш маалында да балдар окушу керек деген пикирде:

“Балдар – өлкөнүн келечеги, “Мамлекеттин келечегин көргүң келсе, анын жаштарына кара” деген сөз бар. Биз бул жерде бир гана билим алуу эмес, балдар эркин чоңоюшу жана өз оюн ачык айтуусу үчүн мүнөзүн калыптандыруу багытында иштеп жатабыз".

Мектептин алдындагы жер төлөдөгү бомбадан коргонуучу жай.
Мектептин алдындагы жер төлөдөгү бомбадан коргонуучу жай.

"Бул жакта биздин бомбадан сактоочу жай жайгашкан. Абадан эскертүү берилгенде балдар, мугалимдер дароо бул жакка кире качышат. Ушунун баарына көнүп калганың коркунучтуу экен. Кандай учур болбосун биз сабакты токтотпой, балдарды окута беребиз", - дейт Азат мектептин алдында жайгашкан жер төлөнү көрсөтүп.

Согушка чейин бул интернационалдык лицейде 400гө жакын ар улуттун балдары билим алышчу. Азыр алардын тең жарымы калган. Көбү жергиликтүү калктын балдары.

Лицейде сабактар англис жана украин тилдеринде өткөрүлөт. Азат мектепте балдар согушту такыр ойлобогудай чөйрө түзүүгө аракет кылып жатканын айтат:

«Өлкөдөгү кырдаалды эске алганда мектепте орусча такыр сүйлөшпөйбүз», - дейт Азат.

Ал украин тилин беш жылда үйрөнүп, эркин сүйлөп калган. Балдары менен үйдө эне тилинде сүйлөшөт.

Азат үй-бүлөсү менен Кыргызстанга кайтып келер-келбесин азырынча билбейт:

“Украина - биз үчүн өзгөчө өлкө. Бул жактагы жашообуз өмүр бою эсибизде болот. Качандыр бир кезде башка жакка кете турган болсок да, Украинаны экинчи мекенибиз катары дайым эстеп жүрөбүз”.

Азат Тарыхчиев.
Азат Тарыхчиев.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, согушка чейин украин жергесинде Кыргызстандын эки миңге жакын жараны жашаган. Алардын басымдуу бөлүгү Орусия Украинаны басып киргенден кийин өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушкан.

Созулган согуш: Украинага ким кол сунат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:37:40 0:00

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG