Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:30

"Көчөдө кыргызча кыйкырып, үйдө балдарыбыз менен орусча сүйлөшөбүз"


Каныбек Осмоналиев, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы
Каныбек Осмоналиев, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы

“Мамлекеттик тил жөнүндөгү” конституциялык мыйзам расмий тилди басмырлоо максатында эмес, эгемен өлкөнүн мамлекеттик тилинин деңгээлин көтөрүү максатында кабыл алынды. Мындай пикирин “Азаттыкка” курган маегинде президенттин алдындагы мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев билдирди.

Ал жаңы мыйзамды ишке ашыруунун жол-жоболорун белгилеп, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун дооматына пикирин айтты.

Күттүргөн мыйзам иштейби?

- Каныбек мырза, “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” жаңы мыйзамды Жогорку Кеңеш 31-майда кабыл алды эле. Ага президент Садыр Жапаров 17-июлда кол койбодубу. Көпчүлүктө “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” конституциялык жаңы мыйзамдын кабыл алынышы 34 жылдан кийин жасалган олуттуу кадам болду, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жол ачылды деген пикирлер айтылып жатат. Аталган мыйзамдын башкы жаңылыгы, өзгөчөлүгү эмнеде?

- Негизи, “Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам” 1989-жылы 23-сентябрда СССРдин тушунда, кайра куруунун шарданы менен кабыл алынган. Борбор Азияда биринчи биз кабыл алганбыз. Ошол кездеги депутат ага-эжелерге рахмат айтышыбыз керек. Тоболкелчилик бар эле. Бирок, ал канат-куйругун керип, кенен жашап кете алган жок.

Азыр эми жаңы мыйзамга президент кол койгондон кийин ойлонуп атам: эмнеге ушул мыйзам эгемендик алгандан кийинки эки-үч жыл аралыгында эле кабыл алынган эмес? Казактар, өзбектер кабыл алышкан, андай мыйзамды. Биз “эрдик жасадык” деп эле таштап коюптурбуз дагы, мыйзамыбыз иштеп-иштебей кала берген. 1993-жылкы Конституцияга орус тилине расмий, кыргыз тилине мамлекеттик макам берилгени менен, алардын так функциялары деле аныкталбай калган. Чаташкан жерлери көп. Ошолорду бүгүнкүдөй түздөп, ошол учурда кабыл алганда кырдаал башкача болот эле.

Азыркы мыйзамдын долбоору 2021-жылы даярдала баштаган. Ошондон бери көп талкуу, талаштар болду. Негизги өзгөчөлүгү - мамлекеттик тилге бир өңчөй мамиле болот. Дароо эле айтып коеюн, мыйзамда башка тилдерди, анын ичинде расмий тилди басмырлаган ченем жок. Мында кыргыз тилинин аянычтуу абалын жакшыртуу аракеттери көрүлдү. Мисалы, 5-беренеде "бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик тилди билүүгө милдетүү" деп айтылат. Ошол эле учурда бөлөк этностордун тилдерин (расмий тилди да) өнүктүрүүгө шарт түзүлөт деп белгиленген. Конституциянын 13-беренесинде «мамлекет башка этностордун тилин өнүктүрүүгө да шарт түзүп берет» деген ченем бар.

Ал эми 10-беренеге ылайык (ушул беренеге нааразы болгондор көп) дүйнөдө практикаланып келгендей, расмий иш кагаздар эми мамлекеттик тилде жүргүзүлөт жана мыйзамга ылайык, зарыл болгон учурда расмий жана башка тилдерге которулат.

- Демек, мурдагыдай документтер, иш кагаздар, укуктук-ченемдик актылардын баары же тигил же бул тилде эмес, бир жаңсыл кыргыз тилинде гана жазылып, анан башка тилдерге которулат экен, туурабы?

- Ооба.

- Аны ишке ашыруу жол-жобосу кандай болот? Негизи ишке ашабы?

- Ишке ашаарына көзүм жетип эле турат. Анткени эл өзү талап кылып келген ченемдер көп кирди. Эреже боюнча биз мыйзамдарды иштетүүнүн бир жакшы механизмин колдонбой жүрөбүз. Мен муну депутат болгондо көп байкадым. Мыйзамдардын ар биринин иштешине Министрлер кабинети көңүл буруш керек. Ошол эле 5-берене боюнча беренени бузбай, өзүнчө жобо иштеп чыгып, чечмелеп берүү зарыл. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү деген маселеде кандайдыр бир деңгээлдик талаптар болушу мүмкүн. Мисалы, "Кыргызтест" аркылуу кызматкердин кыргыз тилин канчалык даражада билерин аныктаса болот. Азыр "Кыргызтест" абдан жакшы иштеп жатат.

- Жалпы эле жол-жоболорду иштеп чыгуу милдети кимде жана ал канча убакытты талап кылат?

- Ал биздин аракетибизге жараша болот. Ар бир аткаруу бийлиги, министрликтер, ведомстволор, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү - бардыгы талаптарды бирдей аткарышы керек. Мамлекеттик кызматкерлердин кыргыз тилин милдеттүү түрдө үйрөнүүсүн 34 жылдан бери улам-улам кийинкиге жылдырып келдик. Эсимде, 2011-жылы мен депутат элем, болгондо да комитеттин башчысы болчумун, ошондо эки жыл мөөнөт бергенбиз. Азыркыга чейин ушинтип келдик. Эми мыйзам күчүнө киргенден кийин тесттен өткөрүү маселесин биринчи орунга коюу зарыл. Негизги жол-жобосу ушул.

2021-жылдан баштап Б2ден төмөн упай алгандар, А1, А2, Б1лер мамлекеттик кызматта иштөөгө укугу жок деген ченем иштейт. Аны баары билишет, бирок аткарылган жок. Мына эми жол-жоболор ишке кирсе, мамлекеттик тилди билбеген адисти иштетип жатканы үчүн министр керт башы менен жооп бериши шарт. Аны жумуштан кетирсеңер, ордуна кыргыз тилин билген 10 киши келет. Ачык сынак жарыялагыла деген талап коюп жатабыз.

- Демек, мамлекеттик органдар азыр толук даяр деп айтууга болбойт экен да?

- Мамлекеттик органдар даяр эле. Бул жерде саясий эрк керек болуп жатат. Менимче, аны биз - Улуттук комиссия өзүбүзгө алабыз го.

- Улуттук комиссиянын укуктары жетиштүүбү?

- Укуктары жетиштүү эле. Себеби мыйзамды жүзөгө ашыруу боюнча биринчилерден болуп биз жооп беребиз да. Президентке түздөн-түз баш ийебиз. Азыр кызматтык кат даярдап койдук, балким, дагы кошумча укуктук-ченемдик актыларды иштеп чыгыш керек болот.


- Алдыда кандай тоскоолдуктар күтүп турат?

- Баягы эле бюрократия, дагы эле баягы кенебестик, тоотпостук деп айтар элем. Биз аталган мыйзам аркылуу укуктук-ченемдик базаны түздүк. Президент кол койду, ал күчүнө кирди. Азыр кимдер өзгөчө бушайман болуп жатышат, тоотпой, жылдар бою шарт түзүлгөн болсо дагы орусча айтканда "авось" деп коюп мамлекеттик тилди үйрөнгүсү келбей жүргөндөр капа болушууда.

- Азыр орус тилде жазып, орус тилде гана сүйлөп, иш жүргүзгөн адистер бар, алар эмне кылат? Чет өлкөгө чыгып кетеби же алар да жумуш менен камсыз болобу?

- Айланайындар, мен бул суроого миң жолу жооп бердим. Эгерде адам жоопкерчиликтүү болсо, ал эчак эле кыргыз тилин талап кылынган деңгээлде билип алмак. Тоотпостук кылып, кыргыз тилин үйрөнбөй жүрсө, ал ишкерликке өтөбү, чет мамлекетке кетеби – өзүнөн көрсүн. Мамлекеттик тилди билбесе, аны алып калуунун кандай кажети бар? Орусча сүйлөсө эле акылдуу болуп, кыргызча сүйлөсө акмак болуп калабы?

Алар эч кандай пайда алып келбейт. Азыр орусча да, кыргызча да мыкты билген жаштар пайда болду, алар иш таппай жүрүшөт. Менин саясий эрк дегеним ушул. Саясий эркти бүгүн президентибиз көрсөтүп жатат. Ушул талапты бардык деңгээлде сактай турган болсок, анда мамлекеттик кызматтарга тез эле татыктуу улан-кыздарды тартууга болот.

Маектин видеосун төмөнкү шилтеме аркылуу көрсөңүз болот:

Орусиянын расмий өкүлдөрү эмнеге кабатыр?

- Мыйзам билим берүүнүн бардык мекемелеринин (анын ичинде жеке менчик дагы) жетекчилерин, илимий-педагогикалык кызматкерлерди кыргыз тилин билүүгө милдеттендирип жатат. Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров мугалимдер, дарыгерлер да милдеттендирилип калыптыр, бул "демократиялык эмес кадам болуп калды" деп билдирди. Президент Жапаров болсо : "Лавров мыйзамды окубай туруп эле сүйлөп атса керек”, мугалимдер менен догдурларга тиешеси жок" деди. Мыйзамда белгиленген илимий-педагогикалык кызматкерлер мугалимдер эмеспи?

- Дүйнө жүзүндө бир гана мамлекетте, Жапонияда мугалимдер мамлекеттик кызматкер деген макамга ээ. Бирок ал жерде мамиле такыр башка. Ал эми Америкада, Европада, Түштүк Азиядагы өнүккөн өлкөлөрдө андай түшүнүк жок. Бул жерде деле андай эмес. Алардын илимий-педагогикалык кызматкер деген макамдары бар.

Мен Сергей Лавровду абдан сыйлайм. Орус эли үчүн чындап күйгөн, өтө мекенчил киши. Мугалимдер менен дарыгерлерди бетке кармап туруп, тиги сөздү айтууга ал кишини аргасыз кылыштыбы дейм. Ал кишинин ошентип айтканына мен таң калдым, айрыкча демократия деген сөздү колдонгонуна. Эмне, мен кыргызча сүйлөсөм заалим болуп каламбы?
Эгемендүүлүктүн эң чоң атрибуту болгон мамлекеттик тилибиз үчүн күрөшүүнү дагы эле биле элек экенбиз.

Дагы эле кылчактап, тияк-биякты карап жатабыз. Мен кыргыз мектепти бүткөнмүн. Зарыл болгону үчүн орус тилин докторлук диссертация жаза турган деңгээлге чейин үйрөндүм. Азыр физика-математика илимдеринин докторумун. Кептин баары өзүбүздө. Мен Улуттук университетте механика предмети боюнча кыргызча дарс окуйм. Бир "азамат" электр магнетизми боюнча кыргыз тайпага орусча дарс окуйт. Мен андан "Эмне үчүн кыргызча окубайсың" деп сурасам: "Мен үчүн орусча дарс окуган оңой" деп жооп берди. Ушундай аралаш тилде билим алган студенттер эртең мектепке барып, ушинтип аралаш тилде үйрөтөт да. Аталган мыйзам ушул нерселерге тыюу салат.

Эми орус тили боюнча. Биздин президент абдан жакшы жооп берди. Орус тилинин Кыргызстандагы абалы жөнүндө мыкты айтты. Ооба, биз орус тили аркылуу кандай деңгээлге жеткенибизди танбайбыз. Ал турсун бөлөк мамлекеттерге барсак, орус тилинде расмий сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Эгер орус тили мындай деңгээлде болсо (колу менен көрсөтүп – ред.) кыргыз тили мындай деңгээлге түшүп калган. Биз кыргыз тилинин ошол деңгээлин көтөрүп жатабыз. Керек болсо орус тилинен жогору болуп кетсе деген үмүттөмүн. Себеби биз титулдук улут катары өз тилибизди сакташыбыз керек. Мыйзам кабыл алынганына 34 жыл болуптур, биз алигиче мамлекеттик тил корпусун түзбөптүрбүз. Биздин жаныбыздагы кошуналарыбыздын баардыгы түзүп, электрондук вариантын даярдап, том-том кылып басмадан чыгарып эле таратып койгон. А биз ал тууралуу ойлобоптурбуз да.

- Буга мамлекеттик саясат күнөөлүүбү же тиешелүү тармактагылардын кайдыгерлигинен болдубу?

- Эки жактан тең. Талап катуу болгон эмес. Мыйзамда "мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлер мамлекеттик же расмий тилди билиш керек" деген жери бар эле. Ошол "же" дегенди мен алдырып койгонум үчүн "Осмоналиев этнофашист" деген андай-мындай сөздөр болду. Бул тууралуу уксаңыздар да керек. Ошол "же" бизди 34 жылдан бери жеп келди да. Азыр тилдердин жок болуп кетиши, жабырлануусу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун атайын божомолдору бар.

- Бириккен Улуттар Уюму демекчи, мыйзамда эл аралык келишимдер да кыргыз тилинде жүргүзүлөт деп жазылган экен, турбайбы?

- Ооба, кыргыз тилинде жүргүзүлөт.

- Адатта эл аралык келишимдер Бириккен Улуттар Уюму иш жүргүзгөн тилдер менен жазылат эмеспи.

- Туура, алты тилдин бири менен жазылат.

- Кыргыз тили ал тилдерге кирбейт.

- Бирок орус тили кирет да. Орус тилин колдонобуз. Орус тили конституциялык макамга ээ. Балким, англис тилин пайдаланарбыз. Бизге эч ким жолтоо боло албайт. Биз эмнеден кыйналып жатабыз? Биринчи орусча же англисче жазып алып, анан кыргызчага которуу бизди кыйнап жатпайбы. Мыйзамдар деле ошондой жазылып жатат.

- Мыйзам аткарылбаган шартта кандай чаралар көрүлөт?

- Мыйзам аткарылбаган шартта мыйзамдын өзүндө жазылган чаралар көрүлүшү керек. Жарандык кодексибиз бар, ошонун негизинде катуу чара көрүлүүгө тийиш. Кана эми, бир-эки министр же мамлекеттик мекеменин кызматкерлери “Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамды аткарбагандыгы үчүн деп кызматтан бошотулса. Бирок андай боло элек.

Мына, жаңы мыйзам кабыл алынып, күчүнө кирди. Эми бул жаатта катуу аракеттерди жасайбыз. Биздин комиссиянын алдында атайын окуу-маалымат борбору бар. Андай борборлорду университеттер да ачып жатышат. Менин байкашымча, ошол окуу борборуна башка тилдүү элдер, айрыкча орус тилдүү элдер абдан көп келип жатышат. Мындайча айтканда, мамлекеттик тилде сапаттуу жаза жана сүйлөй билүүгө муктаждык жаралгандай абал түзүлүүдө. Биз каалайбызбы-каалабайбызбы, мындан ары ушундай болот.

Мен Советтер Союзунун убагында Эстонияда тогуз жыл жашап келген кишимин. Ошол жерде илимдин кандидаты болдум, докторлук ишимди жактадым. Мен ал жакка баргандан бир жарым жылдан кийин – мыкты билип кеттим дебесем да, алардын тилин үйрөнүүгө аргасыз болдум. Анткени алардын талабы ошондой болчу. Эгер мен илимий макала жазсам, башындагы корутундусун эстон тилинде, анан англис тилинде жазууга тийиш болчумун. Андан кийин макаланын өзүн орус тилинде жазар элем.

- Кыргыз тили жөнүндөгү мыйзам каралып баштагандан тартып Орусиянын бир топ расмий өкүлдөрү Кыргызстанда “орус тилине басым жасалып жатат” деп чыгышты. Жергиликтүү коомдук-саясий чөйрөдө бул бөлөк мамлекеттин Кыргызстандын ички ишине кийлигишүүсү катары бааланды. Буга сиздин оюңуз кандай?

- Бир чети туура эле. Ички ишке кийлигишүү. Бул тил деген абдан сезимтал материя да. Мамлекеттик Думанын депутаттарынын тигинтип айтып жатканынын өзү осолдук деп эсептейм. Биз эмне, орус тилин жерип жатабызбы? Тескерисинче, орус тили менен кыргыз тили эриш-аркак болсун деп жатабыз. А бирок азыр кыргыз тили орус тилине эриш-аркак боло албай жатпайбы! Экономика министрлигинин бир жылдык иш кагаздарын текшертип чыктым. Эки жолу өзүм бардым. 2022-жылдагы көрсөткүчкө салыштырганда, быйылкы кыргыз тилинде жазылган документтердин үлүшү болгону 8%. Атүгүл арызды дагы орусча жазгыла дешет экен. Төрт кишиден турган мамлекеттик тил бөлүмү бар экен. Анын башчысы кыргызча билбейт. Мунун баары формализм, кенебестик да, туурабы?

Дагы бир мисал. Каржы министрлигиндеги 2021-жылкы көрсөткүч боюнча кыргыз тилинде жазылган документтердин үлүшү болгону 22%. Талапты катуу коё баштадык эле, бул көрсөткүч 1-январдан 1-июлга чейин 84%га көтөрүлдү. Мен кечээ жакында Ала-Бука, Чаткал райондоруна барып, айыл өкмөттөрүнөн бери түрө кыдырып келдим. Аларга иш кагаздары министрликтерден орус тилинде барат экен. Орус тилинде келсе, орусча жооп беришибиз керек да дешет.

- Кыргыз тилин өнүктүрүүнүн өзүндө чоң көйгөйлөр бар. Бул жаатта кандай аракеттер зарыл?

- Бул биздеги Билим берүү министрлигинин чоң маселеси. Эмне үчүн кыргыз тилин окуп-үйрөнүүдө алиге чейин бир нукка салынган мамлекеттик стандартты колдонбойбуз? Кыргыз тили менен адабиятын окуткан классикалык университеттерде (мисалы, КУУ, БМУ, ОшМУ ж.б.) мамлекеттин унификацияланган программасы жок экен. Мен ушуга таң калып жатам. Өзүм деле тогуз ай министр болгом. Мындайча айтканда, мыйзамдын аткарылышы Билим берүү министрлигинин жүргүзгөн ишине да жараша болот.

“Бизде мекенчил сезим качан ойгонот?”

- Демек, жаңы кабыл алынган мыйзам жарым жеңиш экен да.

- Ооба, жарым жеңиш, бирок абдан олуттуу жеңиш деп айтар элем. Неси болсо да президентибиздин эрки күчтүү экен - канча басым-кысымдарга карабай кол коюп, мыйзамды күчүнө киргизди.

- Ошондо мыйзамды ишке ашыруу үчүн жол-жоболорду иштеп чыгуу өкмөткө, Билим берүү министрлигине жана сиз жетектеген Комиссияга жүктөлөбү?

- Күнү-түнү иштей турган мезгил мына эми келди. Алдыда бул ишти Билим берүү министрлиги, Маданият министрлиги, мен жетектеген комиссия, негизи эле баардык министрликтер менен мамлекеттик мекемелердин башчылары кантип жүзөгө ашырабыз деген маселе турат. 1-сентябрдан баштап мониторингдин башкача түрүн киргизип жатабыз. Ал азырынча даяр боло элек, буюрса, август ичи иштеп чыгабыз. Мында "Инфоком" мекемесинин инфотекс тутуму бар. Мисалы, мен министр катары кызматка келем дагы, компьютерди ачып бир “топчусун” басуу аркылуу эле бүгүн менин министрлигимде канча кагаз сыртка кетти, канча кагаз келип түштү, анын канчасы орус тилинде, канчасы кыргыз тилинде - билип алам. Барып ар биринен сурап отуруштун кереги жок. Мына ушул тутум бизге көп жардам берет. Аталган тутум президентибиздин өзүндө да бар. Муну айыл өкмөттөрүнө чейин жайылтып жатабыз. Чаткалда бар, бирок көңүл бурушпайт. Айыл өкмөтүнүн башчысынан канча жолу кирдиң деп сурасам, быйыл кире элекмин дейт (күлүп).

- Орус тилин расмий тил катары кабыл алган Беларус менен Кыргызстан экен. Ушу тапта латын арибине өткөн өлкөлөр, айрыкча түрк тилдүүлөр көбөйдү. Кошуна Казакстан менен Өзбекстан латын арибине өттү. Президент сиз менен жазынд жолугушканда Кыргызстанда латын арибине өтүүгө али эрте деп айтты. Ага чейин парламентте бул тууралуу олуттуу сөз болгон. “Саясий эрк болсо, латын арибине өтүү үчүн бизде долбоорлор даяр” деп сиздин айткан жообуңузду угуп калдык. Сиз айткан долбоорлорду ишке ашыруунун убактысы качан келет?

- Менимче бул маселе бир эле экономикага же каржыга байланышкан эмес, мунун да саясий өңүтү бар. Муну ачык эле айтышыбыз керек. Мен президенттин мага койгон дооматына макул эле болдум. Биз эч убакта шашылыш кадамдарга барбашыбыз керек. Эгерде ошол токсонунчу жылдарда башкалар менен чогуу өткөнүбүздө, балким, мындай маселе жаралмак эмес. Ал кезде жаманбы-жакшыбы завод-фабрикаларыбыз иштеп турчу, эмгек мигранттарыбыз жокко эсе болчу. Анда жагдай башка эле. Азыр ошол эле Орусияда бир жарым миллионго жакын уул-кыздарыбыз жүрөт. Алардын бир канчасы орус жарандыгын алып алышты. Бул биринчиси. Экинчиси, ошол эле кириллицаны колдонуп жаткан биздин өлкөдө билимсиз, тамга тааныбагандардын саны көбөйүп кетти.

Эртең латын арибине өтүп кетсек, аларды эмне кылабыз? Мына ушуга окшогон маселелер абдан кылдат чечилиши зарыл. Ага канча убакыт кетерин мен айта албайм. Мүмкүн элүү жыл кетер, мүмкүн андан мурда ишке ашып калар. Же тескерисинче, орустар өздөрү латын арибине өтүп кетиши ыктымал. Академик Дмитрий Лихачев качан болбосун кириллицадан латып арибине өтө турган мезгил келет деп айткан. Кыскасы, биз бир жээктен экинчи жээке секирбешибиз керек.

- Мыйзам кабыл алынды, буга жалпы коомчулук кубанып жатат. Эмки маселе - мыйзамдын ишке ашышында. Анын жалпы жол-жоболорун иштеп чыгууга, мыйзамдын толук кандуу ишке киришине канча убакыт талап кылынат?

- Жарым жылдын ичинде мыйзам актыларынын баары даяр болоруна көзүм жетип турат. Бул жерде биз маселени улуттук идеологиянын өңүтүнөн туруп чечишибиз шарт. Бизде мекенчил сезим качан ойгонот? Көчөгө чыгып кыргызча кыйкырып, же кооз сүйлөп, а үйгө барганда балдарыбыз, неберелерибиз менен орусча сүйлөшүп жатпайбызбы! Ушул нерсени болтурбай коё алабызбы? Ал үчүн окуу куралдар, интернет, баары-баары кыргызча болууга тийиш. Бирок кыргыз тили үчүн муктаждыкты, зарылчылыкты пайда кылуу менен орус тилинин баркын кетирбешибиз зарыл. Эч качан эки тилди бири-бирине карама-каршы койбошубуз керек.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG