Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:18

Президент Оштун мэрин коргоду


Бакытбек Жетигенов жана Садыр Жапаров.
Бакытбек Жетигенов жана Садыр Жапаров.

Ошто шаардык кеңештин депутаттары менен мэрдин тиреши уланууда. Алардын пикир келишпестиги президентке чейин жетип, ал мэрге ишенбестик көрсөтүү сунушун четке какканы белгилүү болду.

Президент Жапаров 12-декабрда бул багытта "шаардык кеңеш депутаттарынын жеке кызыкчылыгы, мэрге жеке таарынычтары бар" деген комментарий берди.

Депутаттардын чечими

Ош шаардык кеңеши 14-ноябрдагы сессиясында мэр Бакытбек Жетигеновго ишенбестик көрсөткөн. Жашыруун добуш берүүгө 42 депутат катышып, жыйынтыгында алардын 39у мындай сунушту колдогон, үчөө каршы болгон. Ишеним көрсөтпөө демилгесине мэр шаардык кеңештин токтомдорун аткарбай жатат деген жүйө келтирилген.

Натыйжада жыйында кабыл алынган чечим боюнча президентке кат жолдонгон. Шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков 11-декабрда Ак үйдөн ага жооп келгенин билдирди:

"Бизге президенттин администрациясынан жооп келди. Биздин ишенбестик колдоо тапкан жок деп келди. Мэрди президент өзү койгон, өзү алат. Макул болсо алат, болбосо жок да. Биз чыгарган чечимдердин баары эле юридикалык күчкө ээ. Биз бул чечимди сунуштама катары жибергенбиз", - Назылбеков.

Мэр менен депутаттардын ортосундагы кайчы пикирге Оштогу "Классик" мейманканасына байланышкан маселе себеп болгону айтылган. Шаардык кеңештин депутаты Эсенбек Арзиев калаада жүргүзүлүп жаткан иштерге мэр жооптуу деп эсептейт.

"Азыркы ишенбөөчүлүк маселесине “Классик” мейманканасынын иши да түрткү берди. Ишкерлерди колдоо, экономиканы алдыга жылдыруу маселеси өкмөттүн, президенттин деңгээлинде айтылып жатат. Биздин шаар дагы ошол багытта кетиши керек эле. Азыр ким кысым кылып жатканын так айта албайм. Бирок шаардагы бардык иштерге мэр жооптуу”.

Президенттин жообу

Президент Садыр Жапаров Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча өтүнүчтү четке каккан чечимге 12-декабрда "Кабар" агенттигине курган маегинде өзү да токтолду. Маселеде "депутаттарынын жеке кызыкчылыгы, жеке таарынычтары бар экенин жакшы билерин" айтты. Жеке таарынычтардын арты менен жетекчилерди кызматтан ала бере турган болсо, мамлекеттик кызматта эч ким иштебей калат деген комментарий берди:

“Депутаттар “мыйзам иштеш керек, биздин токтом аткарылышы керек” деген талап коюп атышыптыр. Мыйзамдардын так аткарылышын, адилеттүүлүктү, калыстыкты талап кылардан мурда өздөрү адилеттүү болушсун, өздөрү мыйзамдарды сыйлашсын, өздөрү коррупция менен шугулданганды токтотушсун. Ошондон кийин анан мыйзам жөнүндө сөз кылса жарашат. Жаңы мэрди коюп жатканда “Ошту иретке келтир” деп тапшырма бергем. Ошто мыйзамсыз, талапка жооп бербеген башаламан курулуштар бар экенин жашоочулар жакшы билишет. Мэр ошолордун баарын иретке келтирип, бузчусун бузуп жатат. Албетте, андай иштер мыйзамсыз курулуш куруп алган депутаттарга жакпайт. Арасында коррупция менен жан баккан депутаттар да жок эмес. Мен азырынча алардын баарынын атын атабай эле турайын. Керек болсо учуру келгенде баарын атаймын. Жерлерди, имараттарды мыйзамсыз алгандардан кайра мамлекетке кайтарып жатат”, - деди президент Жапаров.

Жетигеновдун жүйөсү

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов өзүнө ишенбестик көрсөтүүгө негиз жок деген пикирде. Ал буга чейин депутаттардын “шаардык кеңештин токтомдору аткарылбай жатат” деген дооматын четке каккан. Токтомдордун 95% аткарылганын билдирген.

“Депутаттардын жеке кызыкчылыктары бар. Эки жума мурун шаардык кеңештин төрагасы мени менен жолугам деп кезиккенбиз. Ал “депутаттар шаардын күнү белгиленгенде тамакка чакырган жок, жакшы көңүл бурбайт, чет элдик сапарларга алып чыкпайт деп таарынып атышат” деген. Карасам депутаттар бир эле жолу чет элдик сапарга барбай калышыптыр. Калгандарына бүт эле барышыптыр”, - деген ал "Азаттыкка" ноябрда берген комментарийинде.

Чырга эмне себеп?

Жергиликтүү депутаттардын мэрге нааразылыгында сөз болгон Оштогу "Классик" мейманканасына байланышкан чыр быйыл октябрда чыккан. 5-октябрь - Ош шаарынын күнү белгиленгенден кийин аталган мейманкананын ээси Жаныбек Ажимаматов Улуттук коопсуздук комитетине, шаардык кеңешке арызданганы белгилүү болгон.

Ишкер арызында шаар жетекчилиги майрамдагы сый тамакты бекер өткөрүп берүүнү талап кылганын белгилеген, Ош шаарынын вице-мэри Замир Юсупов менен мэрдин ошол учурдагы коомдук кеңешчиси Абдүшүкүр Жураевдин ысымдарын атаган. Мэриянын талабын аткаруудан баш тарткан соң, шаардагы мекеме-ишканалардын текшерүүлөрү күчөгөнүн айткан. Шаар башкармалыгынын кызматкерлери андай арыздан кабары жоктугун билдирип, ишкердин дооматтарын четке каккан.

Мейманкананын айланасындагы чырды “Азаттык” радиосу чагылдырган, президенттик администрация маселе териштирилип жатканын билдирген. Кийинчерээк мэрдин кеңешчиси Абдүшүкүр Жураев кызматтан кеткен.

Ушул аптада ишкердин арызы боюнча Ош шаардык мэриясынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголгонун шаардык прокуратура билдирди.

"Биз бул ишти териштирип тактап, укуктук баа берүү үчүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгына жибергенбиз. Шаардык милиция бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон. Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат", - деди прокуратуранын өкүлү Канат Насипов.

Төрт фракциядан турган Ош шаардык кеңешинде 45 депутат бар. Ош шаары республикалык маанидеги макамга ээ, мэрди президент дайындайт.

Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамдын 47-беренесинин (мэрди кызмат ордуна дайындоонун жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби) 3-бөлүмүнүн 9-пунктунда "шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добуштары менен ишенбестик көрсөтүлгөн учурда президент мэрди иштен бошотушу мүмкүн" экени жазылган.

57 жаштагы Бакытбек Жетигенов шаарга башчы болуп бир жыл мурда дайындалган. Ал буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болгон, 2021-жылы ноябрда “Бийликти күч менен басып алууга даярдануу” деген айыптын негизинде кармалып, бир айдан кийин бошотулган. Аны жоопко тартууга парламент макулдук берген эмес.

Ош - Кыргызстандагы республикалык маанидеги эки шаардын бири. Калаада 320 миңден ашуун калк жашайт. 2021-жылы шаардын бюджети 1 миллиард 370 миллион сом деп кабыл алынган.

Шаардагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири — таза суу. Тургундар ичүүчү сууну Ак-Буура дарыясынан алгандыктан, суу жамгырдан кийин булганса сааттап, айрым учурда эки-үч күнгө чейин токтоп калат. Мындан сырткары, бала-бакчалардын жетишсиздиги, ички жолдордун абалы, инфраструктура маселеси курч бойдон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG