Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:25

Украина орус армиясына "өмүр жолун" алдырабы?


Авдеевка шаарындагы кыйраган үйлөр
Авдеевка шаарындагы кыйраган үйлөр

Украин армиясы айыгышкан кармаш жүрүп жаткан Авдеевка шаарындагы эң кооптуу позициялардан чыгып кете баштаганы кабарланды. АКШ Орусиянын армиясы Украинанын чыгышындагы стратегиялык мааниси бар шаарды, акыркы айларда майдандын очогуна айланган шаарды басып алышы мүмкүн экенин эскерткен.  

17-февралга караган түнү украин армиясы Донецк облусунун Авдеевка шаарынан чыгып кетти. Бул тууралуу украиналык "Таврия" аскерлер тобунун командири Александр Тарнавский билдирди.

"Душман өз жоокерлеринин сөөктөрүн тебелеп, снаряддарды атып, тынымсыз бомбалап жатканда, бул бирден бир туура чечим", - деп жазды Тарнавский Телеграмга.

Анын айтымында, жоокерлер белгиленген чектерде коргонууга өттү.

Буйрукту Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн жаңы башкы командачысы Александр Сырский берип, аскерелерге коргонууга ыңгайлуу линияга өтүүнү тапшырган.

Чечим "курчоодо калбоо жана аскер кызматкерлеринин өмүрүн, ден соолугун сактоо үчүн" кабыл алынганы белгиленет.

Тарнавскийдин айтымында, акыркы бир суткада украиналык жоокерлер орустардын отуздан ашык чабуулунун мизин кайтарды, орусиялык армия абадан жана артиллериядан сокку уруп, калктуу конуштар зыян тартты.

Александр Тарнавский ага чейин шаарда логистика иштеп жатканын, камоодо калган украин аскерлери жок экенин, бирок орустар дароо бир нече багыттан чабуул коюп жатканын, украиндер курал-жарак жана башка тийиштүү каражаттар менен камсыздалганын билдирген.

Украин аскерлери "Авдеевканын түштүк чет жакасынан анча көп эмес жоготуу менен чыгып кетишкенин" айткан командачы зарыл болсо башка тилкелерден да жаңы позицияларга которулуу болорун кошумчалады.

"Саат 13:00гө карата Авдеевкада камоодо калган украин бөлүктөрү жок. Согуш талаасында коргоно турган жер толук талкаланып, сынган кирпичтен башка эч нерсе калбаган оор шартта биз үчүн аскерлерибиздин өмүрүн сактап калуу артык", – деген бригадалык генерал.

Чегинүү маалында бир нече украин аскерлери туткунга алынганы айтылууда. Орусиянын Коргоо министрлиги маалыматка комментарий берген жок.

АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин спикери Жон Кирби Авдеевка Орусиянын көзөмөлүнө өтүү коркунучу бар экенин, украин аскерлеринде курал-жарак түгөнүп жатканын 15-февралда билдирген.

АКШнын "кечиккен" жардамы

Украинанын президенти Владимир Зеленский бейшемби күнкү кечки видеокайрылуусунда Авдеевкадагы кырдаалга учкай токтолду:

Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

“Мүмкүн болушунча көп украиналыктардын өмүрүн сактап калуу үчүн биздин аскерлер жетиштүү башкаруучулук жана технологиялык мүмкүнчүлүктөргө ээ болушу үчүн колдон келгендин баарын кылып жатабыз”.

Ушул эле күнү Вашингтондо өткөн брифингде АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңештин расмий өкүлү Жон Кирби "украин күчтөрүнүн артиллериялык ок-дарылары түгөнүп калгандыктан" орус аскерлеринин карамагына өтүү коркунучу турганын белгиледи:

АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Кирби.
АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Кирби.

"Конгресс кошумча мыйзам долбоорун кабыл ала элек болгондуктан, биз Украинага орусиялык чабуулдарды үзгүлтүккө учуратууга абдан муктаж болгон артиллериялык снаряддарды бере алган жокпуз. Орус аскерлери азыр Авдеевкадагы украин окопторуна жетип, Украинанын коргонуусун басып ала башташты", - деди ал.

Ал арада 16-февралда Германиянын Мүнхен шаарында эл аралык коопсуздук боюнча жыйын башталды. 50 чакты өлкөнүн лидерлеринин жана өкүлдөрүнүн бул жолугушуусу Украинанын коргонуу системасы алсырап, Вашингтон убада кылган ири каржылык жардам кечеңдеп, АКШда президенттикке үмүткөр Дональд Трамптын НАТО боюнча билдирүүлөрү кооптондуруп жаткан шартта өтүүдө.

Мунхен конференциясы 1962-жылдан бери өткөрүлүп жүрөт. Иш-чарага Орусиянын жана Ирандын делегациялары чакырылган эмес. 17-февралда жыйынга Украинанын президенти Владимир Зеленский катышат.

Буга чейин Брюсселде НАТОнун курамындагы 31 өлкө Украинанын аскердик чыгымдарынын көлөмүн көбөйтүү маселесин талкууланган.

НАТОнун баш катчысы Жон Столтенберг бейшемби күнү АКШнын Украинага берчү жардамынын кечигип жатканы согуш талаасына өз таасирин тийгизип жатканын эскертти.

АКШ Конгрессинин демократтар үстөмдүк кылган жогорку палатасы – Сенат 13-февралда Украинага, Израилге жана Тайванга жалпысынан 95 миллиард долларлык каржылык жардам камтылган мыйзам долбоорун кабыл алган.

Документ Конгресстин республикачылар көпчүлүктү түзгөн Өкүлдөр палатасынын кароосуна жиберилген. Ал жакта бул мыйзам долбоору колдоо табарына шарт кыйла азыраак экени айтылып келет.

АКШ президенти Жо Байден Өкүлдөр палатасын Украинага каржылык жардам камтылган мыйзам долбоорун тезирээк кабыл алууга чакырган.

Авдеевка эмне үчүн маанилүү?

Украинанын Донецк облусундагы чакан шаар Авдеевка үчүн кармаш күчөдү. Дээрлик толук талкаланган бул шаарды 2014-жылы орусиячыл күчтөр басып алган, кийинчерээк Москва мыйзамсыз аннексиялап алган Украинанын аймактык борбору Донецкинин "дарбазасы" деп саналган.

Орус армиясы 2022-жылдын февралынан тарта Авдеевканы бир нече жолу басып алууга аракеттенген, ал эми масштабдуу чабуул 2023-жылдын күз айында башталган.

Авдеевка Донецк жана Луганск облустарына толук көзөмөл орнотуу үчүн маанилүү шаар болуп саналат. Аныдктан аны "өмүр жолу" деп санашат. Авдеевкадагы согуш чыгыштагы Бахмут шаары үчүн болгон салгылашты эске салат. Убагында өнөр жайы гүлдөгөн шаарды "бетон бункерге толгон чеп” катары сыпатташат.

"Айдар" батальонунун мурдагы командири Евгений Дикий эгер украин аскерлери жакынкы күндөрү душманды “өмүр жолунан” артка сүрө албаса, Авдеевка гарнизону жакын арада чегинүүгө аргасыз болорун айтты. Ал белгилегендей, ал жерде орус армиясы он эсе артыкчылыкка ээ.

"Авдеевканын тагдыры жакынкы 48 саатта чечилет. Эмне үчүн үчүнчү чабуул бригадасы ал жакка жөнөтүлдү. Бул бригада чабуулга атайын даярданган. Аларга азыр Авдеевка гарнизонунун тосмосун ачуу милдети коюлганы көрүнүп турат. Азыр шаарды курчоодон чыгаруу аракети дагы эле жүрүп жатат. Эгер ал ишке ашпай калса, анда артка чегинүү керек болот".

Украинанын коргонуу күчтөрүнүн өкүлү Дмитрий Лиховый "Настоящее время" менен болгон маегинде буларды билдирди:

"Бүгүнкү күндө Авдеевка орусиялык пропагандага карабай курчоого алынган эмес. Бул жерде логистика, камсыздоо жана эвакуациялоо кыйын, бирок алдын ала даярдалган резервдик логистикалык артерия колдонулууда. Авдеевкадан кийин чабуул Батыштагы башка шаарларга болушу мүмкүн".

Авдеевка.
Авдеевка.

Авдеевкада "абал оор"

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы фронт тилкесинде соңку суткада 95 жерде кагылышуу болгонун, украин аскерлери Орусиянын жети багытта жасалган чабуулдарынын мизин кайтара алышканын, алардын көбү Авдеевка (33 чабуул) жана Марьинка (34 чабуул) аймактарында катталганын билдирди.

Орус аскерлери Авдеевканы курчоого алуу аракетин улантып жатышканы, аларга жооп катары сокку урулуп, ошол жактагы бөлүктөрдү пландуу түрдө бекемдөө аракети көрүлгөнү айтылды.

16-февралда «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун украин кызматы Авдеевкада орус аскерлери брондолгон техника жана жөө аскерлери менен тынымсыз чабуул жасап жатканын, Авдеевкадагы кокс-химиялык заводдун аймагына фосфор снаряддарды ыргытканда ишкананын ичиндеги өрт чыгып, мазут салынган цистерналар өрттөнө баштаган.

Орусиянын маалымат каражаттары жана кабарчылары Авдеевканын айрым көчөлөрү орустардын карамагына өткөнүн жазышты.

Киев бул тууралуу комментарий бере элек.

Өткөн аптада орусиялык мамлекеттик телеканалдар орус армиясы Авдеевканы дээрлик ээлегенин кабарлашкан.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG