Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Сузакта күйөөсү балка менен урган келин ооруканада жатат


Кыз ала качууну тыюуну, аялдардын коопсуздугун камсыздоону талап кылган Бишкекте өткөн акция. 2021-жыл, 8-апрель.
Кыз ала качууну тыюуну, аялдардын коопсуздугун камсыздоону талап кылган Бишкекте өткөн акция. 2021-жыл, 8-апрель.

Сузактын Көк-Арт айыл аймагынын тургуну, күйөөсүнөн таяк жеп, ооруканага түшкөн 38 жаштагы келиндин абалын дарыгерлер "туруктуу оор" деп баалап жатат. Облустук милиция келин мурда дагы үй-бүлөсүндө ур-токмокко кабылып жүргөнүн билдирди. Келиндин күйөөсү убактылуу камалып, иликтөө жүрүүдө.

Үрөй учурган окуя быйыл 17-январда болгон. Алдын ала айтылган маалыматка караганда, үйүндө уруша кеткенде күйөөсү келинди көзгө сүзүп, балка менен желкеге койгон.

Сузак районунун Октябрь аймактык ооруканасынын жетекчиси Өмүрбек Махмаджунус уулунун айтымында, келин ооруканага эс-учун жоготкон абалда түшкөн. Бейтаптын саламаттыгын Жалал-Абаддан келген адистер текшерип жатышат.

Өмүрбек Мухамаджунус уулу
Өмүрбек Мухамаджунус уулу

"Бизге 17-январда кайрылган эле. Эс-учу жок келген. Анын талмасы болгондуктан ага да дары берип, карап жатабыз. Кечээ томографияга салынып, жыйынтыгы чыгып келди. Анда бейтаптын мээсинен жараат алган деген диагноз коюлду. Учурда абалы туруктуу оор болуп турат".

Сузак райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин “уруп-сабап кыйноо” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз катчысы Шеркул Турганбаев билдиргендей, келин буга чейин да күйөөсүнөн запкы көрүп, анын ур-токмогуна кабылып жүргөн. Бирок 32 жаштагы келин эч жакка арызданган эмес.

Шеркул Турганбаев
Шеркул Турганбаев

Сузак райондук милициясы маалымдагандай, Д.Н. шектүү катары кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 96-97-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"Тергөө амалдарынын жүрүшүндө күйөөсү аялына буга чейин да зомбулук көрсөтүп келгендиги, аялы эч жакка арыз жазбай жүргөндүгү белгилүү болду”, - деди облустук милициянын өкүлү Шеркул Турганбаев.

Ооруканада жаткан келиндин бир тууганы буга чейин синдиси менен күйөө баласынын ортосунда чыр-чатак болгонун укпаганын айтты. Эжеси сиңдиси күйөөсү менен 6-7 жылдан бери бирге түтүн булатып, ортосунда үч баласы бардыгын да кошумчалады.

“Ал ооруканага түшкөндө арыз жазгыдай абалда эмес эле. 6-7 жылдан бери күйөө балам менен чогуу жашап келет. Буга чейин урушкандарын уккан эмесмин. Мен ооруканага келип карап жатам. Азыр абалы жакшы. Үч баласы бар, күйөөсүн каматкысы да келген жок. Жөн эле жашабай коюшу мүмкүн”, - деди сиңдисин карап ооруканада жаткан эжеси.

Кармалган жаран алгачкы көрсөтмөсүндө "аялы баласын уруп жатканда ачууланып, колунан кармап жулкулдатып, башы менен көз тушка сүзүп жибергенин айткан. Ошол учурда аялы бөлмөдө турган балка менен аны бутка койгондо колунан балканы алып, кайра аялын желкеге койгонун" да айтып берген. Мындан тышкары, ал эртеси эртең менен “Тез жардам” кызматын чакырып, аялын салып бергенин билдирген.

Укук коргоочу Нурислам Райимжанов көбүнесе элет жеринде үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдар милицияга, же башка расмий органдарга кайрылбай жүрө берерин белгилейт. Ал эми зомбулук көрсөткөндөр жеңил жазага тартылып, жоопкерчиликтен кутулуп кетип жатканы маселени дагы тереңдетип жатат.

Нурислам Райимжанов
Нурислам Райимжанов

“Мындай үй-бүлөлүк зордук-зомбулук көп эле болуп жатканын соцтармактардан көрүп жатабыз. Бирок жыйынтыкка келгенде эки тарап жарашуу жолдору менен чечип койгондуктан, бул көрүнүштөр курчуп жатат. Эгер ушунтип зомбулукту жеңил жол менен чечүү улана берсе улутка да доо кетип калат. Зомбулукка жеңил чаралар колдонгондуктан токтобой жатат”.

Сузактагы бул окуя соңку айларда үй-бүлөдөгү зомбулук көйгөйү коомчулукта курч талкууланып жаткан маалга туш келди.

Жазылбаган мыйзамдын кесепети

2024-жылдын алгачкы күндөрүндө Кадамжай районунда 23 жаштагы Айкыз Калмурза кызын көчөдө күйөөсү өлтүрүп койгону үй-бүлөдөгү зомбулук көйгөйү тереңдеп кеткенин дагы бир жолу ачыкка чыгарды.

Айкыз Калмурза кызы
Айкыз Калмурза кызы

Айкыздын тагдыры көптөгөн аялдар туш болгон коркунучтуу чындыкты гана чагылдырбастан, зулумдукка каршы күрөштүн натыйжасы аз экенин да көрсөткөндөй болду. Анткени алты ай мурун да күйөөсү токмоктогон Айкыз он күн ооруканада жатып, бир туугандары милицияга кайрылган.

"Бирок ал арыз каралбай, жыйынтыгы тууралуу жооп да кайтарылбай кала берген. Ошондо чара көрүлгөндө, азыркы окуя болбой калат беле?" – дейт Айкыздын агасы Нургазы Пиржанов.

"Ажырашам" деген келинди күйөөсү бир канча убакыттан кийин “эми урбайм” деп кайра үйүнө алып кеткен. Бирок бул убада аткарылган жок, үй-бүлөдөгү эркектин өкүмзорлугу Айкыздын каргашалуу өлүмү менен аяктады.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) эсебинде, 2021-2022-жылдары өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан 20 аял каза болгон. Жылына 10 миңдей аял зомбулукка кабылып, мындай учурлардын 98% эркектер күнөөлүү экени аныкталган.

Былтыр 13 104 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2022-жылдагы көрсөткүчтөн 32,6% көп.

Көбүнчө кыз-келиндердин өзүнүн жакындары “чыдап кой, баары ордуна келет” деп зөөкүрлөргө баш ийдирип, алар "тилин тиштеп", унчукпай жашап жүрө берерин укук коргоочулар эскертишет. Бирок “чыдап кой” деген жазылбаган мыйзам кээде өмүрдү соолутуп, айрымдарды майып кылып, кээ бирлерин туңгуюкка түртөт.

Педагог Асылбек Жоодонбеков үй-бүлөдө аң-сезимдин өзгөрбөй жатканынын тамыры билимсиздикте экенин белгилейт:

Асылбек Жооданбеков
Асылбек Жооданбеков

“21-кылымда жашап жатабыз. Маалымат алууга мүмкүнчүлүк көп дегенибиз менен, адамдар өздөрү кызыккан гана маалыматтарды иргеп калды. Мисалы, эркектер, деги эле айрым адамдар өзүнө жаккан гана маалыматтарды алып, адам укугу, кыздардын бактысы деген жалпы баалуулуктарды кээде билмексен болот же жөн эле четке кагып коёт. Кызыкпайт. Бул дагы негизги факторлордун бири. Эгер балдарыбыз билимдүү болсо, зомбулук болбойт, көйгөйдү укуктук аянтчада чечүүнүн аракети көрүлөт. Балдар-кыздарыбыз эркин жана билимдүү болуп өскөндө гана, өзүнүн укугун коргой алганда гана зомбулукка жол бербейт. Кыйкырып чыгат, каршы турат”.

Бийлик өкүлүнүн сынга кабылган билдирүүсү

Мойнуна дөңгөлөк асылган аял, кулак мурду кесилген келин... Бул өңдүү коомчулукту нес кылган окуялардын баары Кыргызстанда болуп жатат. Соңку бир канча жылда эле ондогон зордук-зомбулук окуялары элдин үрөйүн учуруп, нааразылык жаратты. Маалымат каражаттарында токмоктолуп каза тапкан же кордук коштогон жашоодон тойгонунан өз өмүрүнө кол салган келиндер тууралуу макалалар кырдаалдын жылдан-жылга оорлоп баратканын айгинелейт.

Былтыр Улуттук статистика комитети “БУУ-Аялдар” уюмунун колдоосу менен жарыялаган “Кыргызстандын туруктуу өнүгүү максаттары жана гендер” деген баяндамада да көрсөткүч жакшы эместиги далилденип турат. Авторлор жети жылдагы маалыматтарды салыштырып, үй-бүлөдөгү зомбулукта жабыркагандардын 96% аялдар экенин аныкташкан.

Асел: Менден кетсең, бетиңе кислота чачып, өлтүрөм дечү
please wait

No media source currently available

0:00 0:39:36 0:00

Былтыр күздө Чүйдө Асел Ногойбаева аттуу келинди мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салганы коомчулукту катуу сестенткен эле. Мамлекет башчынын жубайы Айгүл Жапарова Аселден кабар алып, зомбулукту айыптаган билдирүү тараткан.

Бирок андан көп өтпөй эле Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков 2023-жылдын 20-ноябрындагы билдирүүсү менен көпчүлүктү таң калтырды. Ал Фейсбуктагы баракчасына: “Кыргызстанда аялдар кордолгон окуяларды жалпы көрүнүш катары таанытуу аракети - кайсы бир кызыкдар тараптардын саясаты”, - деп жазды.

Орунбеков кыргыздар аялзатын сыйлап, урматтап, аяр мамиле кыларын белгилеп, кыз-келиндердин зомбулукка кабылышын “миңден бир, өтө сейрек кездешкен кылмыштуу окуялар” деп атады.

Президенттик администрациянын өкүлүнүн бул сөзүнөн эки айга жакын убакыттан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев зомбулук көйгөйүнө тынчсыздануусун билдирип, мындай жагдайга кабылган кыз-келиндерди атайын кызматка кайрылууга үндөдү. Ташиев бул билдирүүнү Кадамжайда набыт болгон Айкыздын окуясынан кийин Фейсбукка жазды. Мындан улам коомчулукта “милиция маселени чече албай калды, зомбулук улуттук коопсуздук маселесине айланды” деген пикирлер айтылып жатат.

Экс-омбудсмен Атыр Абдрахматованын пикирине көңүл буралы:

Атыр Абдрахматова
Атыр Абдрахматова

“Албетте, бир жагынан аялдардын коопсуздугу улуттук коопсуздук деңгээлинде каралганы кубандырат. Анткени аялдардын корголушу балдардын да корголушуна жана эркин жетилишине шарт түзөт. Бирок бул көйгөй менен күрөшүү - Ички иштер министрлигинин милдети. Эми УКМК да үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшө баштаса, анда анын жыйынтыгына эки органдын кимиси жооптуу болот? Министрлер кабинетинин курамына кирген эки мекеменин бир милдетти аткарышы - кош функция. Башкысы, жыйынтыгы жок иш болуп калбаса болду”.

Мыйзам алсызбы?

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин 90% түрдүү себептерден улам сотко жетпей жабылып калып жатканын билдирген.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, зордук-зомбулук тууралуу милицияга жабыркаган тарап эле эмес, күбөлөр да арыз жаза алат. Мындай учурда милиция зомбулук көргөн аялга "убактылуу коргонуу ордерин" жазып берип, тиешелүү чараларды илгиртпей көрүүгө тийиш.

“Аң-сезим өзгөрбөсө, эч кандай мыйзам көйгөйдү чечүүгө жардам бере албайт”, – дейт Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова.

2017-жылы кабыл алынган Кылмыш-жаза кодексинин "Үй-бүлөлүк зомбулук" боюнча 177-беренесине ылайык, кылмыш кылган адам эки айдан бир жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартылат же беш жылга чейин эркинен ажыратылат. Бирок депутат айым бул чаралар жетишсиз экенин белгилеп, мыйзамдарды толуктоону сунуштап жатат:

Динара Ашимова
Динара Ашимова

“Он эки кодекс жана мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү сунуш кылып жатамын. Анткени азыр органдар өз ара тыгыз иштешкен система жок. Сот өзүнчө, милиция өзүнчө, прокуратура өзүнчө иш алып барат. Бири-бири менен кызматташканга мыйзамдарда так көрсөтмөлөр жок. Экинчиден, Кыргызстанда үй-бүлөнү сактап калуу маселеси менен эч ким алектенбейт. Мамлекеттик органдардын милдети - болуп жаткан чыр-чатакты тынчытып эле коюу. Андан ары эмне болот, зомбулук кайра кайталанабы же мамиле жакшы жолго коюлуп кетеби - аны менен эч кимдин иши жок”.

Кыргыз бийлигинин аракети

Кыргыз өкмөтү аялдарды зордук-зомбулуктан коргоого багытталган мамлекеттик программаларын кайра карап чыгууда. Тийиштүү мекемелер кылмышкерлерди колуна атайын билерик тагып көзөмөлдөөнү пландап жатканы 2023-жылдын аягында расмий маалымдалган. Бул тууралуу мыйзамды кабыл алуу зарылчылыгы белгиленген. Мындай электрондук билерик зомбулук көрсөткөн кишиге тагылат да ал каерде жүргөнү, аялга кайра барып, тынчын алган жокпу, көрүнүп турат. Юстиция министри Аяз Баетовдун айтымында, эгер сунуш колдоо тапса, шектүүнүн баскан-турганын улам көзөмөлдөп туруу үчүн бөгөт чарасынын жаңы түрү киргизилет.

Адам укугун коргогон адистер Кыргызстанда аялдар туш болгон зомбулукту актаган салттуу түшүнүктөр жана социалдык стереотиптер күнүмдүк реалдуулуктун ажырагыс бөлүгү болуп калганына кабатыр.

Ушул эле көйгөй Борбор Азия чөлкөмүндөгү жана дүйнөдөгү бир катар өлкөлөргө таандык. Мындан улам ондогон мамлекеттерде аялдар демонстрацияларга чыгып, ар кандай акцияларды уюштурууга мажбур болууда.

Дүйнөлүк WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюмунун адам укугу боюнча рейтингинде Кыргызстан эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп аталды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG