Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:06

Түркмөн полициясы эки аялды "туура эмес кийинди" деген жүйө менен кармады


Түркмөнстандык аялдар. Иллюстрация
Түркмөнстандык аялдар. Иллюстрация

Түркмөнстандын Мары шаарында "түркмөн айымдарына туура келбеген кийим кийди" деген негизде эки аял кармалды.

"Азаттыктын" түркмөн кызматы кабарлагандай, алар 22-майда полиция бөлүмүнө жеткирилип, бир нече саатка созулган сурактан кийин бошотулду.

"Сурак маалында аларды мындан ары жупуну кийинүүгө жана коомдук жайларда өздөрүн "түркмөндөрдүн принциптерине ылайык" алып жүрүүгө чакырышты", – деди радионун аймактык кабарчысы.

Түркмөнстандын мыйзамдарында түркмөн аялдарына "ылайык келген" жана "ылайык келбеген" кийимдердин түрлөрү жөнүндө эч нерсе жазылган эмес. Баш мыйзамда коомдук жайларда аялдардын жүрүм-турумун тескеген эрежер да жок. Буга карабай өлкөнүн укук коргоо органдары "түркмөндөрдүн" негиздерин шылтоолоп, аялдарга ар кандай чектөөлөрдү киргизип келишет.

Сердар Бердымухаммедов бийликке келгени кыз-келиндердин кийинишин, сырткы келбетин чектеген эрежелер күчөп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG