Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:14

Мадумаровдун соту: Исаков, Мамытов жана Масалиев суралды


Адахан Мадумаров жана анын сотуна көрсөтмө бериш үчүн келген саясатчылар. 1-февраль, 2024-жыл.
Адахан Мадумаров жана анын сотуна көрсөтмө бериш үчүн келген саясатчылар. 1-февраль, 2024-жыл.

1-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаровдун иши боюнча сот уланып, 2009-жылы ар кандай кызматта турган бир нече аткаминер суралды. Буга чейин Игорь Чудинов, Руслан Казакбаев жана Нурлан Сулайманов сотто көрсөтмө берген.

Мадумаров ошол жылы чек арага байланыштуу протоколго кол койгону үчүн “Мамлекеттик чыккынчылыкка” айыпталууда. Саясатчы бул ишти саясий куугунтук катары баалап келет

Сотко келген күбөлөр

Парламенттеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун соту аптанын шейшемби жана бейшемби күндөрү болуп, үч жумадан бери күбөлөр суралууда. Көрсөтмө берип жаткандардын баардыгы Мадумаров протоколго кол койгон 2009-жылы ар кандай жетекчилик кызматтарды аркалагандар.

1-февралда сотко мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдон тышкары Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Токон Мамытов, парламенттеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев күбө катары чакырылган. Мындан тышкары Мамлекеттик картография жана геодезиялык кызматты мурда жетектеген Нарынбек Исабеков да жүрдү.

"Сотко, айыптоочуларга, жактоочуларга ушул документтин тарыхын, кандай жагдайда, эмне үчүн түзүлгөнүн, кандай өзгөрүүлөр болгонун карта менен түшүндүрүп бердим. Эч кынтыксыз кылып айтып бердим", - деди Исмаил Исаков.

Жогорку Кеңештин депутат Исхак Масалиев саясатчынынын ишинде "кылмыштын курамы жок" деп санайт:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

“2022-жылы Адахан Мадумаровго макулдук берүү боюнча комиссиянын мүчөсү болгом. Ошондо комиссия мүчөлөрү Мадумаров кол койгон протоколдо кылмыштын далил жок дегенбиз. Ошону сотто түшүндүрдүм. Эгерде адилеттүүлүккө койсо, булар бүгүн бошотулушу керек болчу. Себеби ал жерде кылмыштын далили да, эч нерсе жок. Андай көптөгөн протоколдорго кол коюлат. Күчүнө кирмейинче документ деп эсептелбейт. Күчүнө кириш үчүн келишим бекитилиши керек. Аны Жогорку Кеңеш мыйзам менен кабыл алышы керек".

Буга чейин сотко мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси Нурлан Сулайманов, Чек араны тактоо боюнча мурдагы өкмөт өкүлү Курбанбай Искандаров да чакырылган. Казакбаев 2009-жылы тышкы иштер министринин орун басары болсо, Сулайманов Транспорт министрлигин жетектеп турган болчу.

Руслан Казакбаев, Нурлан Сулайманов жана Эмил Шерматов сотто. (солдон оңго карай) Сүрөт Интернеттен алынды.
Руслан Казакбаев, Нурлан Сулайманов жана Эмил Шерматов сотто. (солдон оңго карай) Сүрөт Интернеттен алынды.

Адахан Мадумаровдун адвокаттары дагы бир топ адам күбө катары суралышы мүмкүн экенин айтышты. Ишке “жашыруун” деген гриф коюлгандыктан күбөлөрдүн аты-жөнү алдын ала айтылбай, сот боло турган күнү гана белгилүү болуп жатыптыр. Мадумаровдун ишин караган сотко анын жакындары, журналисттер да киргизилген жок.

Адовкат Юлия Богданова сотко келген күбөлөр тууралуу буларды айтты:

"Бул ишти ачык кароону, жок дегенде бир иштен "жашыруун" грифин" алып коюуну суранганбыз. Бирок биздин өтүнүчтү эске албай жатышат. Ал эми отурум жемиштүү болуп жатат. Тергөө күбөлөрдүн жакшы тизмесин түзгөн экен. Бүгүнкү күнгө чейин суралгандар Мадумаровдун пайдасына көрсөтмө берип жатышат".

Өткөн айдын аягында Бишкек шаардык соту Мадумаровдун бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу арызды карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Ага ылайык, оппозициячыл саясатчы 9-февралга чейин абакта калтырылган. Адвокаттар Мадумаровдун ден соолугуна жакшы эместигин айтып келишет.

"Сур булуттун кетерине аз калды"

Мадумаров 2023-жылы 2-сентябрда кармалып, ошондон бери тергөө абагында отурат. Июнь айында Жогорку Кеңеш Башкы прокуратуранын Мадумаровду жоопко тартуу боюнча өтүнүчүнө макулдук берген эле.

Анда “кызматтык укугунан аша чабуу” деген берене менен айып коюлган. "Бүтүн Кыргызстандын" лидерин Кемпир-Абад маселесинен улам жоопко тартуу сунушу четке кагылган.

1-февралда сотто конвойлордун коштоосунда бараткан Адахан Мадумаров кыска билдирүү жасады:

“Сур булуттун кетерине аз калды. Күн чыгат. Камакта журналисттер отурат го. Кудай кааласа ошолор күн чыгарат", - деди Мадумаров.

Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген.

Биринчиси - кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылууда. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралып жатканын айткан.

Анда кыргыз тарап Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоо жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы 5 гектар жерди Тажикстандан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алары жазылып калган.

Президент Садыр Жапаров буга чейин ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралып жатканын билдирген.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Мына” деп эле көрсөтүп туруп алат экен. Бир нече жолу көрсөттү. Өткөндө Астанада да үч тараптуу жолугушууда “кол коюп берип эле аткарбайт” деп көрсөтүштү. Андан бери Камчыбек Кыдыршаевич эки жолу сүйлөшүп келди. Биз эми аны кайра кайтарып, нейтралдуу, статус-кво бердиртип атабыз. Андай болсо сеники да, меники да эмес болсун деп, ушуга макул кылдык. Эгерде айнып кетпесе эле. Нейтралдуу аймак. Биз Лейлекке түз өтөбүз. Алар Ворухка түз кетет. Ортодо нейтралдуу зона болот", - деген мамлекет башчы былтыр ноябрда Жогорку Кеңешке келгенде.

Мадумаров муну өз интервьюларында четке кагып, “протокол жөн гана ниетти түшүндүрөрүн жана юридикалык күчкө ээ эмес экенин” кайталап жүрөт.

Экинчиси - Чыңгыз Абдымомунов деген жаран 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен саясатчыга кине коюлган.

Адахан Мадумаров жетектеген “Бүтүн Кыргызстан” парламентте оппозициялык фракция деп расмий жарыялап, бийликтин дарегине сын айтып келген. Өзгөчө Мадумаров менен бийликтин Кемпир-Абад маселеси боюнча позициясы карама-каршы келген. Саясатчы бир нече билдирүү жасап, 2022-жылы Кемпир-Абад суу сактагычынын маселеси каралган курултайга катышкан.

2022-жылдын 22-октябрында Бишкекте “Кемпир-Абадды коргоо комитети” түзүлүп, Мадумаров менен депутат Исхак Масалиев да ага кошулат. Алар комитеттин ошол күнкү жыйынына да катышат. Эртеси, 23-октябрда бул комитеттин мүчөлөрүнүн көбү кармалат.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG