Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:11

Путиндин бешинчи мөөнөтү, Надеждиндин элге берген үмүтү


Владимир Путин жана Борис Надеждин. (Коллаж)
Владимир Путин жана Борис Надеждин. (Коллаж)

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы Владимир Путинди президенттикке талапкер кылып каттады. Ал ортодо Украинадагы согушту айыптаган жалгыз саясатчы Борис Надеждин талапкер катары катталабы деген суроо ачык бойдон калууда.

Орусиянын президенти Владимир Путин ушуну менен президенттикке бешинчи жолу аттанууда. Конституцияга киргизилген, ошол эле кезде эксперттердин сынына кабылган өзгөртүүлөргө ылайык, бийлик башына 2000-жылы келген Путин бешинчи да, алтынчы да жолу шайлоого катыша алат.

Дмитрий Песков.
Дмитрий Песков.

Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков шайлоо алдындагы дебаттарга Путин катышабы деген журналисттердин суроосуна мындай кыска жооп узаткан: "Ал президент да. Шайлоо алдында дебаттарга катышпайт".

«Свобода» радиосу белгилегендей, Путин үчүн кол топтоо көптөгөн мыйзам бузуулар менен коштолуп, аны талапкер катары каттоодөн өткөрбөө талабы менен Боршайкомго арыз жолдонгон. Ага Орусиянын түрдүү деңгээлдеги азыркы жана мурдагы депутаттарынан 26 киши кол койгон.

Документке кол койгондордун бири Кунцево муниципалдык округунун мурдагы депутаты Денис Шендерович «Свобода» радиосу менен болгон маегинде буларды айткан:

Денис Шендерович.
Денис Шендерович.

"Биз Орусияда 2024-жылдагы президенттик шайлоонун тартибин бузууларды каттаган, фактыларды тизмектеген жана Боршайкомдун жообун камтыган документти түздүк. Бул тарых үчүн абдан маанилүү деп эсептейм. Дагы бир максат - Путиндин кысымына кабылып, камалып, коркутуп-үркүтүүгө кабылгандар өз позициясын билдирүү үчүн ар кандай мыйзамдуу ыкмаларды колдонорун көрсөтүү. Биз орус өкмөтүнөн бул кагазга жооп катары жаңы эч нерсе күтпөйбүз, бирок Путин жана анын режими түбөлүк эместигине ишенебиз".

Путин өзүн өзү көрсөткөн талапкер катары катталды. Бул үчүн ал өлкөнүн бардык аймактарынан жалпысынан 300 миңден кем эмес кол топтошу зарыл болчу. Боршайком текшерүү үчүн тандап алган 60 миң колдун 91ин жараксыз деп таанып, бул жалпы көрсөткүчтүн 0,15% түздү. Орусиянын шайлоо мыйзамына ылайык, кол чогулткан жаранды каттоодон өткөрбөө үчүн мындай көрсөткүч 5% ашса негиз болот.

"Надеждиндин элге берген үмүтү"

Орусияда президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген дагы бир саясатчы Борис Надеждиндин айланасында талкуу кызыды.

“Жарандык демилге” партиясынан көрсөтүлүп жаткан Надеждин Украинадагы согушка каршы ачык позициясы жана бешинчи жолу президенттикке аттанып жаткан Владимир Путиндин саясатына каршы билдирүүлөрү менен таанымал. Анын президенттикке аттанышын Орусиядагы бир катар оппозиционер саясатчылар, абактагы Алексей Навальныйдын тарапташтары да колдошту.

Надеждиндин талапкерлигин колдоп, кол топтоо бекеттерине узун кезекке тургандардын сүрөт, видеолору социалдык түйүндөргө жарыяланып, талкуу жараткан. Надеждиндин штабынын маалыматына караганда, анын талапкерлигин колдоо үчүн 200 миңден ашуун жаран кол койгон.

Борис Надеждиндин штабына кол коюуга чогулган эл.
Борис Надеждиндин штабына кол коюуга чогулган эл.

Борис Надеждин эл менен жолугушуулардын биринде эгер Боршайком анын талапкерлигин топтолгон колдун санына карабай каттабаса, анда жер-жерлерде митинг уюштуруларын кыйыткан:

"Мен элди көчөгө, уруксат берилбеген митингге чыккыла деп үгүттөбөйм. Анткени аларды кооптуу кырдаалга кептегим келбейт. Бирок, мисалы, мени жактап кол койгон 200 миң адамды мыйзамдуу митингге чыгууга уруксат алуу үчүн арыз жазууга чакырышым мүмкүн. Алар өлкөнүн 150 шаарынан мени колдоп чыккандар. Эгер алар мага кыш чилдеде бир нече саат күтүп, кол койгонун эске алганда, мен жогоруда айткан нерсени ишке ашыруу оор деле болбойт деп ойлойм".

Шайлоо өнөктүгүнө көз салып жаткан "Медуза" басылмасынын журналисти Андрей Перцев "Настоящее время" телеканалы менен болгон маегинде Надеждиндин кол топтошун Кремль үчүн күтүлбөгөн нерсе деп белгилейт:

"Буга чейин жергиликтүү бийликтин депутаты болгон адам мындай кол топтой аларына Кремль ишенген эмес. Эгер Надеждиндин ресурсу, штабы азыркыдан көп болгондо, интернетте тараган видеолордогудай кол коюу үчүн кезек болмок эмес. Бирок дал ошол элдин узун кезеги Украинадагы согушка болгон элдин көз карашын чагылдырган акциядай кабыл алынып калды".

Өткөн жылдын соңунда Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы ржевдик журналист Екатерина Дунцовага президенттикке талапкерлигин көрсөтүү үчүн кол чогултууга уруксат берген эмес. Боршайком анын документтеринде жүздөн ашык ката табылганын жүйө келтирген. Дунцованы да кезинде оппозиция өкүлдөрү колдоп чыккан.

Орусияда президенттикке талапкер болуу ниетин 11 жаран билдирген. Буга чейин алардын үчөө: «Новые люди» партиясынан Владислав Даванков, КПРФтен Николай Харитонов жана ЛДПРден Леонид Слуцкий катталган.

Кол топтоо 31 январда аяктайт. Добуш берүү 15-17-март күндөрү өтөт.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG