Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:15

Путиндин "жылаңач кечеси". Чечен согушу учурундагы стриптиз


Орусияда ондогон эстрада жылдыздарын чогултуп, Настя Ивлеева уюштурган "дээрлик жылаңач кеченин" катышуучуларын каралоо азыр да уланып жатат.

Бул окуяны Украинадагы согуштун тушундагы обужоктук болду деп эсептеген "Z-мекенчилдердин" кысымы астында кеченин катышуучулары - Ксения Собчактан Филипп Киркоровго чейин баары эл алдында кечирим сурап, кысымга дуушар кабылууда. Алардын корпоративдери эми болбойт, аты-жөнү афишалардан өчүрүлөт, кирешелерин Cалык кызматы текшерет. "Силер ал жерде эмне кылдыңар?" - деп сурады Кремлдин маалымат катчысы Киркоровдон. Ушундай эле суроону Владимир Путинге да берсе болот. Туура 24 жыл мурда ал Санкт-Петербургдагы стриптиз менен коштолгон кечеге барган. Алты күндөн кийин ал президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Азыркыдай эле, Орусия ошондо да согушка – экинчи чечен согушуна катышып жаткан.

"Кадырман конок"

1999-жылы 25-декабрда кечки саат жетилер чамасында орус президентинин коопсуздук күчтөрү Петербургдагы "Луна" түнкү клубун курчоого алышып, Владимир Путиндин келишин күтүп жатышкан.

"Бардык жайлар, кирмелер менен чыкмалар көзөмөлгө алынып, Вознесенский кан жолундагы кыймыл да чектелди. Ашканага да күзөт коюлуп, тамак-аштын, сергитүүчү жана спирт ичимдиктеринин сапатына берилүүчү уруксат кагаздар текшерилди", - деп жазган "Независимая газета". Басылма "Лунаны" "Түндүк Венециянын" элиталык оюн-зоок жана эротикалык клубдарынын бири деп атап, анын артыкчылыктарын - шаардын борборунда жайгашкандыгын, 100 кишиге ылайыкталган эки залын, үстөлдөрдөгү шамдар менен кызыл баркыт капталган креслолорду - кеңири сүрөттөгөн.

Эротикалык кечелери менен белгилүү болгон бул жай 1994-жылы ачылып, учурда "салттар жана туруктуулук" деген ураан илинген көрнөктүн астында Санкт-Петербург өнөр жай технологиялары жана дизайн мамлекеттик университети турган имаратта жайгашкан болчу.

"Независимая газетанын" кабарчысы Бесик Пипия Путин мурда, шаардын вице-мэри кызматын ээлеп турганда да "Лунада" болгонун эскерди. Болочок президент аталган клубга жөн эле келбестен, ал жерде бизнес жолугушууларды да өткөргөнүн ишкер Максим Фрейдзон 2016-жылы “Азаттык” радиосу менен болгон маегинде айткан. Ал Путин вице-мэр болуп турган шаарга таандык кыймылсыз мүлктү жеке менчикке өткөрүп бергенин, өзүнүн колунда болгон кагаздар менен лицензияларды тариздегени үчүн пара алганын ырастаган (Кремль мындай айыптоолорго комментарий берген эмес).

Фрейдзондун айтымында, ал өзү Путин менен "Лунада" кеминде үч жолу жолуккан. "Бул кадимки стриптиз клуб болчу, барда бөлмөгө алып кирип кетсе боло турган кыздар турчу", - дейт Фрейдзон.

1999-жылы декабрда Путин өз өкмөтүнүн бир нече министрлери менен "Лунага" келип, сахнанын дал маңдайынан, экинчи ярустан орун алган деп ырастады "Независимая газета".

Басылманын маалыматында, Путинди президенттик сакчылар коштоп жүргөн, бирок ал кечеден алты күндөн кийин гана мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу болуп калган. Коопсуздук чараларын актоого болот: болгону жарым жылдан кийин, Петербурдун түнкү клубдарынын тарыхында биринчи жолу "Лунаны" жардырып жиберишти, бирок жабыркагандар болгон жок.

Путиндин сапары учурундагы программанын кызыгы "Ай феериясы" эротикалык зоогу болгон. 2003-жылы "Независимая газета" жазгандан бир нече ай өткөндөн кийин Путиндин сапары тууралуу баяндаган орусиялык таблоид "Экспресс газета" бул зоокту мындайча сыпаттайт:

"Жарым жылаңач тореадор айым катышкан чыгыштын кумарлуу аялдарынын бийлери жана эротикалык коррида менен сахнада “Ай феериясы” башталганда, баары кечки тамакты ичип жаткан болчу. Жалтыр-жултур жана ашкере ачык кийимдер бийчилердин дене-мүчөлөрүн даана көрсөтүп турду. Ар бир эркектин табитине ылайык кыздар бар эле. Хореография дагы, музыка дагы – эң жогорку деңгээлде болчу. Владимир Владимирович кыздардын ар бир бийинен көз албай карап турду. Имиштерге караганда, кадырман конок тажрыйбалуу стриптизчи кыздарды анча-мынча уялтып да жиберген экен.

"Мен анын мени тирмие тиктеп турганын байкадым, – деп эскерет бийчи Оксана, – ал тургай өзүмдү оңтойсуз да сезип кеттим".

"Шоуда баары бар: ысык чөлдөгү көңүлдөштөрдүн сүйүүсү, жылан аялдын укмуштуудай бийи, бычмачы менен күңдүн махабаты, килейген бука менен назик тореадор кыз шамдагайлык жагынан мелдешкен кан дүргүтүүчү коррида. Сымбаттуу, солкулдаган, толкунданган, калтыраган, кумардуу, жалындаган, шаттанган, эмин-эркин, кыялкеч, бактылуу бийчилердин экинчи, үчүнчү жана төртүнчү өлчөмдөгү көкүрөктөрүн көрүүгө болот эле", – деп жазган Путин көргөн "Ай феериясы" жөнүндө Бесик Пипия.

Зоок аяктагандан кийин ОФнын ошол кездеги премьер-министри клубга "жаңы миң жылдыкта бакыт келсин!" деген каалоо менен кол тамгасын калтырган.

Кол тамганы алуу "Независимая газетадагы" макалада "стриптизчи кыз" деп аталган ошол эле Оксанага тапшырылган. "Путиндин маанайы абдан жакшы болчу", – деп эскерет Оксана.

Кийин Путиндин кол тамгасы темир көрнөккө чегерилип, башка кадырлуу коноктордун кол тамгалары менен бирге алкакка салынып, клубдун дубалына илинген. Көрнөк ал жерде бери дегенде 2003-жылга чейин илинип турду деп эскерет коопсуздугу үчүн атын атагысы келбеген клубдун жетекчилигине жакын адам.

Ал саясатчы мындай жерге келсе эле беделине доо кетпейт деген пикирде: "Ажайып бий шоу менен айкалышкан жакшы түнкү клуб эле. Тагыраагы, бул оюн-зоок коштогон ресторан болчу. Аны "жылаңач кече" менен салыштырууга болбойт".

"Луна" клубунда Путиндин калтырган кол тамгасы.
"Луна" клубунда Путиндин калтырган кол тамгасы.

Путин "Луна" клубуна жолдогон саламында коштошкон эски миң жылдык Орусия үчүн жакшы аяктаган жок. Бүгүн "жылаңач кечеге" кыжырданып жаткандарынын себеби - орус армиясы азыр Украинада салгылашып жатат. Ошол учурда 1999-жылдын августунда башталган экинчи чечен согушу кызуу жүрүп жаткан.

Путиндин "Ай феериясына" барарына бир ай калганда орус аскерлери Грозныйды курчоого алган болчу. Расмий маалыматтарга караганда, Орусия экинчи чечен согушунда 7000ден ашуун жоокерин, офицерлерин жана ички аскерлерде кызмат өтөгөн көптөгөн кызматкерлерин жоготкон.

Грозныйдын Старопромысловский районундагы орус аскерлери, 1999-жыл, 25-декабрь.
Грозныйдын Старопромысловский районундагы орус аскерлери, 1999-жыл, 25-декабрь.

Бул окуялар тууралуу маалыматтарды ошол кездеги басма сөздөн табууга болот. 25-декабрда Путин "Луна" клубуна келген күнү "Коммерсант" гезити Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясы Чеченстандагы согуштан улам Орусиянын уюмга мүчөлүгүн токтотуу планын шардана кылды деп жазган.

Ингушетиянын президенти Руслан Аушев республикада "Чеченстан көйгөйүн күч менен чечүүнү колдобой турганын" билдирген.

Бул маалыматты "Коммерсанттын"ошол эле санынан тапса болот. Гезиттин кийинки санында, шейшембиде (28-декабрда) "Жеңиштин кош даамы" деген макала чыкты. "7-августта Орусия согушка кирди. Бул анын Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки биринчи таанымал согушу. Жок, бул таанымалдуулук жарым кылымдан бери биринчи жолу Орусияга кол салуу болгондугу менен түшүндүрүлбөйт. Тагыраагы, муну менен эле эмес. Анткени акыркы жарым кылымда Орусия биринчи ирет жеңиштин даамын татты", – деп айтылган макалада.

Кабаре жана стриптиз шырыгы

Өкүмдарлардын көңүл ачуусу үчүн жылаңач аялдар оюн-зоок көрсөткөн клубдар Орусияда дагы эле расмий колдоо таап, өз иштерин жүргүзүп келет.

2022-жылы 26-декабрда түштөн кийин орус армиясы украиндер жаңы эле таштап кеткен Херсонду дагы бир жолу аткылап жатканда, Санкт-Петербургдун борборундагы кыймыл дээрлик токтоп калды: КМШ жетекчилеринин бейрасмий саммитинин коноктору үчүн көптөгөн көчөлөр жабылды. Владимир Путинден тышкары Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери катышкан жолугушуунун расмий бөлүгү Сенат аянтындагы Президенттик китепканада өтүп, бирок адаттан тыш тез аяктады.

Путин менен Касым-Жомарт Токаевдин кыска сөзүнөн кийин журналисттерди залдан чыгарышты, ал эми президенттерди автобуска отургузуп, "Ленинград-центр" оюн-зоок жайына алып барышты. Александр Лукашенконун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, саммиттин расмий эмес бөлүгү "Ленинград-центрде" жабык эшик артында дагы жети саат бою уланган.

"Ленинград-центр”, 2019-жыл, 23-декабрь.
"Ленинград-центр”, 2019-жыл, 23-декабрь.

Көргөзмө павильонунун тарыхый (революцияга чейинки) имаратын, андан кийин советтик "Ленинград" кинотеатрын узакка созулган оңдоп-түзөөдөн кийин 2014-жылы ачышкан.

Башында бул жерде "Фантанель" кабареси ачылат деп болжолдонгон, бирок кийин расмий концепциясы өзгөрүп, азыр "Ленинград-центр" өзүн "шоу-мейкиндик, театр, форматтарга жана алкактарга сыйбаган искусствону сунуштоочу заманбап оюн-зоок маданият борбору" катары сыпаттайт.

Режиссёр Феликс Михайловдун жетекчилиги астында "Фантанель" кабареси ачыларда ага бийчи жигиттер менен кыздарды алышкан. Ал эми кабаренин ордуна "шоу-мейкиндик" ачылганда, анын көркөм программасын ошол эле Михайлов жетектеген жана концепциясы өзгөргөнүнө карабастан, "Ленинград-центрдин" репертуарында негизинен жарым жылаңач артисттердин катышуусунда оюн-зоок көрсөтүлгөн.

2023-жаңы жылга карата, башкача айтканда, былтыркы КМШ саммитинин күндөрүндө, "Ленинград-центрдеги" программанын кызыгын "жалаң чоңдор үчүн жаңы жылдык эң батыл тамаша" - "Түн ортосуна чейин үлгүр" деген аталыштагы коюм түздү.

"Коммерсанттын" журналисти Андрей Колесников аталган саммиттен жасаган репортажында "Ленинград-центрди" (ал ага-ини Ковальчуктар жана Владимир Путиндин мурдагы көңүлдөшү Светлана Кривоногдор менен байланышкан түзүмдөргө таандык) КМШ лидерлеринин жолугушууларынын "картасындагы жаңы нокот" деп атады. Балким, иш жүзүндө андай эместир. 2021-жылы да ушундай эле жолугушуу болгон күнү Санкт-Петербургдун борборунда чоң тыгын болгон. "Фонтанка" басмасы "Ленинград-центр" курчоого алынганын өзүнчө белгиледи. Президенттердин бейформал баарлашуусунун бул бөлүгү тууралуу маалымат каражаттарында айтылган жок.

Чоңдор үчүн оюн-зооктор өтүүчү жайларга баруу Владимир Путиндин Жаңы жыл алдындагы салты сыяктуу, бирок анын жарым жылаңач денелерге кызыгарын бул эле далилдебейт. Орус президенти Германияда иштеп жүргөндө стриптизде болгонун өзү ачык мойнуна алган. Путиндин Гамбургдагы эротикалык шоуга барганы тууралуу айтканы 2000-жылы жарык көргөн "Биринчи жактан айтканда. Владимир Путин менен маектер" деген китепте келтирилген.

"Бир жолу Гамбургда достор менен эротикалык шоуго бардык. Бирок аны эротикалык деп да атоого болбойт эле, ырасы, андан да мыкты болчу. Бирок биз жубайларыбыз менен элек! Ошолор: "Бизди бир жакка, кызыктуу… нерселерге алып барчы!", - деп мени көкүтө башташты. Алардын биринчи жолу чет өлкөдө болушу эле. "- Балким, мунун кереги жоктур? – "Керек! Керек! биз ошону каалайбыз, биз кичинекей белек!" – "Болуптур, өзүңөр ушуну кааладыңар". Бардык, отургучтардан жай алдык. Анан башталды. Африка-америкалык тектүү солисттер чыгышты: эңгезердей, бою эки метрге жеткен [ынды кара эркек] жана [ынды кара аял], кипкичинекей кыз. Алар жакшы музыканын коштоосунда шашпай чечине башташты. Ошентип башталды".

Путин көп жылдардан кийин, 2013-жылы 8-апрелде Германиянын дагы бир шаары Ганноверде Ангела Меркел менен чогуу өнөр жай жармаңкесине катышканда, балким, дал ушул стриптизге барганы тууралуу эскерген болсо керек. Бир убакта украиналык Femen кыймылынын белине чейин чечинип алган активист аялдары ага атырылышты, алардын биринин аркасында "Путин ***** жогол! " деген жазуу бар эле. Жармаңкеге баргандан кийинки маалымат жыйынында орус президенти акция жакканын айтты, бирок "саясий маселелерди кийимчен талкуулаган оң, башка жерлерде чечинүү керек" деди.
2021-жылы Алексей Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөшүү фонду Геленжикке жакын Идокопас тумшугунда жайгашкан "Путиндин хансарайы" тууралуу иликтөө жарыялаган.

Иликтөөнүн авторлору хансарайдын курулуш пландары менен таанышып, алардан стриптиз шырыгы бар өзүнчө жай табышты. Иликтөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, курулушту Путиндин досу жана тууганы Николай Шамалов тескеген, объектини күзөтүүгө Орусиянын Федералдык күзөт кызматынын кызматкерлери катышкан, анын үстүнөн учууга тыюу салынган чөлкөм уюштурулган. Иликтөө чыккандан кийин Путиндин дагы бир досу Аркадий Ротенберг сарай ага таандык экенин билдирген.

"Путиндин сарайындагы" стриптиз өтүүчү бөлмө. Архитектуралык долбоордун негизинде ККФнын (ФБК) визуализациясы.
"Путиндин сарайындагы" стриптиз өтүүчү бөлмө. Архитектуралык долбоордун негизинде ККФнын (ФБК) визуализациясы.

2023-жылы 26-декабрда, Филипп Киркоров Санкт-Петербургдагы "жылаңач кечеге" катышканы үчүн эл алдында кечирим сураган күнү, КМШ жетекчилеринин бейрасмий саммити кайрадан өттү.

Бул жолу анын программасында "Ленинград-центрге" баруу жок эле. Анын ордуна бу саам конокторду Ленинград облусундагы падыша короо-багында сейилдетүүнү чечишти. Программада шаан-шөкөттүү кийинген боярлар, славяндардын салттуу ырлары (колядки) болду жана виолончелчи Сергей Ролдугин да өз өнөрүн тартуулады.

"Свобода" радиосунун макаласы кыргызчаланды. Макаланы орус тилинде бул жерден окусаңыз болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG