Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:49

Туудан чыккан талкуу. Саясаттагы ырым-жырымдар


Тууну өзгөртүүгө каршы акцияга чыккандар. 9-декабрь, 2023-жыл
Тууну өзгөртүүгө каршы акцияга чыккандар. 9-декабрь, 2023-жыл

"Эркиндик үнү" подкастында кыргыз саясатындагы ырым-жырымдарга кайрылдык.

Парламент тууну өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун талкуусуз эле кабыл алып берди. Президенттин тууну өзгөртүү демилгеси коомчулукта кызуу талкууланып, алигүнчө токтой элек. Муну ырым-жырымга байланыштыргандар да көп.

Жогорку Кеңеш 20-декабрдагы жыйынында тууну өзгөртүү мыйзам долбоорун 2-3-окууда бир карап, кабыл алды. Мунун алдында президент Садыр Жапаров Бишкекте өткөн Элдик курултайда мамлекеттик символду өзгөртүү демилгесин өзү көтөргөнүн айтып, элден колдоо сураган. Министрлер кабинети да, атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев да бул мыйзам долбоорун колдой турганын билдиришкен. Ошентип, бийликтин үч бутагы тең тууну өзгөртүү маселесинде бир пикирде турду.

Анткен менен коомчулукта буга каршы пикирлер басымдуу болду. Алардын айрымдары өлкөдө туудан да башка маанилүү маселелер бар экенин белгилеп жатышат. Бул үчүн жарандарды тынч митингге чакырган активист Афтандил Жоробековду милиция кармап, массалык башаламандык уюштурууга айыптап, сот эки айга камады.

Ушундай көз караштарга, каршы пикирлерге карабай бийлик эмне үчүн бул көздөгөнүнөн - тууну өзгөртүү демилгесинен кайра тартпады деген суроо турат.

Саясатчылар ырым-жырымдарга ишенеби?

Журналист Аскер Сакыбаева бул көрүнүшкө мындай баа берди:

“Биздин саясатчылардын арасында илгерки, эски ырым-жырымга ишенгендери көп. Буга чейинки саясатта деле мындай кеп болуп келген. Мазарларга тайынып жүргөндөрдү, “министр же депутат болуш үчүн тиги мазарга барыптыр, түлөө өткөрүптүр” дегендерди угуп келгенбиз. Учурунда көзү ачыктарга барып, кеңешип иш кылары тууралуу да маалыматтар чыккан. Тууга байланыштуу да сөздөр жүрүп жатат. Биздин мамлекет башчыбыз да ырымчыл киши окшойт. Эки-үч жолу эл басып алып, өрттөнгөн Ак үйгө киргиси келбей, жаңы мамлекеттик имарат курдуруп, ага жаңы кабыл алынган туу менен киргиси келип жатканы эл арасында айтылып жатат. Бул ырымчылдыктын белгиси. Мамлекеттик саясаттагы иштерди байкап туруп, жаның кейийт. Реалдуу иштер, элдин аң-сезимин өстүрүп, алдыга жетелей турган, экономикалык өсүү үчүн булактардын көзүн ача турган иштер менен алек болбой, тууну алмаштыруу сыяктуу жел тегирмен иштер менен алекпиз”.

Бирок мыйзам демилгечилери, аны колдогон депутаттар жана президент да мунун ырым-жырымга тиешеси бар экенин белгилеген эмес. Президент Жапаров туу жөнүндө берген маегинде ырым-жырымга каршы адам экенин тактаган.

Кыргыз саясатында ырым-жырымга байланышкан чечимдер буга чейин да болгон. 2017-жылкы мумия окуясы сиздин да эсиңизде болсо керек. Маданият министрлиги баштаган тогуз мамлекеттик мекеме бүбү-бакшылардын кайрылуусунун негизинде Бишкектеги тарых музейиндеги мумияны жерге берүү чечимине келишкен.

Бул талкуу коомчулукта күчөп отуруп, аягы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге да жетип, буга тиешеси бар кызмат адамдары жоопко тартыларын айткан.

Мамлекеттин түзүлүшү коомдогу өнүгүү процессинин улам жүрүп отуруп, өзгөрүүлөрдүн арты менен келген. Эл жамаатташып жашоонун муктаждыгын сезип, бул үчүн бир институт түзүүгө жетишкен. Мамлекеттик институт да улам бекемделип, анын ыйгарым укуктары аныкталып, мыйзамдар жазылып отуруп, азыркы дүйнөдөгүдөй шарт түзүлгөн. Кыргызстан да мындай өзгөрүүдөн четте калбай, бул жерде мыйзам менен гана чечим кабыл алынып, мыйзам үстөмдүгү орношу керек деген көз карашты карманып келет.

Бирок мыйзамга альтернативалуу же кошумча болгон башка да ыкмалар колдонулуп калган жайы бар.

“Антымдан тайсам, Жараткан Кудай урсун”

Бул антты же каргышты 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болом деген “Республика – Ата Журт” партиясынын талапкерлери айтып, видеого түшкөнү эсиңизде болсо керек. Алар өз округунан жетиштүү добуш ала албаса, өз эрки менен мандаттан баш тарта турганын айтып, ант ичишкен.

“Эгерде шайлоодо бир мандатка жетиштүү добуш ала албасам, өз эрким менен арыз жазып, талапкерлердин тизмесинен чыгууга ант беремин. Антымдан тайсам, Жараткан Кудай урсун, балдарымдын жакшылыгын көрбөй калайын”.

Ушундай ант ичкен талапкерлердин партиясы ошондо шайлоодон жеңип, парламентке келген. Өлкөнүн негизги үч бутагынын бирине - мыйзам чыгаруучу бийликке келгендердин касам ичип, ырым-жырымга таянып чечим кабыл алганы ошол кезде да кызуу талкууланган. Партиянын теңтөрагасы Өмүрбек Бабанов муну ички тартиптин бекемдиги үчүн кабыл алынган чара катары баалаган.

Баса, жогоруда сиз уккан ант ичкендердин арасында азыркы чоң кызматта отургандар бар. Айталы, баш прокурор Курманкул Зулушев, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова.

Кыргыз саясатындагы ырым-жырым катары Бишкектин “Ала-Тоо” аянтындагы түндүктү кармап турган аялдын элеси чагылдырылган “Эркиндик” эстелигинин алынышы да айтылып жүрөт. Буга кыргызда “аял түндүк көтөрбөйт” деген түшүнүк негизги себеби болгон.

"Ак үйдө канчалаган жылкы союлду"

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева буларга токтолду:

"Өзүнө ишенбеген адам гана ырым-жырымга жакын болот. Жогорку Кеңеш отурган ак үйдө кан төгүлө берет деп имараттын ичинде, тышында канчалаган жылкы союлду. Кийин тосмо салынды. Бирок канча жылкы союлуп, ырым-жырымдар жасалбасын, бизде революциялар токтогон жок. Ошон үчүн ырым-жырымдан алыс болуп, экономиканы көтөрүш керек".

Мындай ырым-жырымдарга ишенген жана анын таасири бар деп эсептеген саясатчылар Кыргызстандан башка өлкөлөрдө да кездешет. Авторитардык өлкө Түркмөнстандын мурдагы лидери Гурбангулы Бердымухаммедов жети санына өзгөчө маани бергени үчүн ал башкарган өлкөдө өткөн 5-Азия оюндарынын расмий ачылышы саат 8:17де, жабылышы 7:17ге белгиленген. Көп нерсени жасап көрүүгө кызыккан Бердымухамедов жарыш унааларын, күлүктөрдү мингенде "7" номурун тандайт. Муну мурдагы президент ийгиликтин көрсөткүчү катары санай турганын анын ошол кездеги аппаратындагы жакын адамдардын бири айткан жайы бар.

Мындай илимий негизде далилденбеген ийгиликтин ачкычы же бакыттын кепили саналган ырым-жырымдарга башка өлкөлөрдүн лидерлери да ишенери байкалат.

Айрыкча шайлоо күнү күн ачык болсо, жеңиштин белгиси катары баалап, атайын добуш берүүнү ушул күнгө туштаган учурлар да бар. Андан тышкары нумерологияга, терс энергиялардан коргонуу үчүн ырым-жырымга ишенген фактылар да кездешет.

Психолог эмне дейт?

Психолог Малаке Кадыралы саясатта же бийликте ырым-жырымга ишенимдин артында коркуу сезими турат деген ойдо:

"Салт-санааларды, ырым-жырымдарды жеке жашоодо колдонсок болот. А бирок муну мамлекеттик деңгээлге алып чыгуу туура эмес. Мындай көрүнүш лидердин деңгээлин көрсөтөт. Мамлекет мындай негиз менен эмес, логика, рационалдуу ой жүгүртүү, анализ менен башкарылат. Мындай абал нарцисстик муктаждыктан келип чыккан болушу мүмкүн десек болот. Мисалы, бир адам чоң өзгөртүү кылайын, эл мени ошол нерсе менен эстесин деген ойдо болушу мүмкүн. Мындай ой жүгүртүү ал саясатчынын деңгээлин, өзүнө болгон ишенимдин төмөндүгүн көрсөтөт. Ушундай өксүктөрүн жабуу үчүн чоң материалдык иштерди жасагысы келет. Балким, жаңы Ак үй салуу, тууну өзгөртүү ушундай иштердин бири болушу мүмкүн. Социалдык психологияда Даннинг Крюгердин эффекти деген түшүнүк бар. Мында бир адамдын деңгээли, компетенттүүлүгү канчалык төмөн болсо, алар өзүн көп нерсе билем, көп нерсе жасай алам деп ойлойт. Ал адамга барып кайсы бир максатынан баш тартууга чакырып, мисалы, тууну өзгөртүүнүн мааниси жок деп айтсаң, сени укпайт, сунушуңду олуттуу кабыл албайт. Мен баарын билем деп ойлой берет. Ушинтип өзүн ишенимдүү түр көрсөткөн түшүнүктүн артында төмөн ишеним катылган болот.

Бир жагынан алганда бул айтылгандардан тышкары адамдар ырымчылдыкты көбүнчө кыжалат болуудан жана коркуудан арылуу үчүн колдонушат. Анткени ырым-жырымдар адамга көзөмөлдү жана коопсуздукту сездириши мүмкүн.

Мисалы, көз мончоктор көз тийүүдөн, оорудан жана башка ийгиликсиздиктен куткарат дегендей ишеним бар. Белгилүү британиялык антрополог Бронислав Малиновский адамда стресстин көбөйүшү аны ар кандай ырым-жырымга жакындата турганын жазган. Стресске көп чалдыккан адам турмуштук кырдаалды жөнгө салуу үчүн көзөмөлдү күчөткүсү келет. Ушул өңүттөн алганда азыркы кырдаалда туу өзгөртүү өңдүү ырым-жырым аркылуу жогору стресс жана бийликти колдон чыгаруу коркунучун көзөмөлдү күчөтүү менен бийликти коргоп калуу ниети катары карасак болот".

Демократиянын негизги принциптеринин бири бийликтин тизгини элге, жарандарга берилишинде. Жарандык коом активдүү, жигердүү болсо, мамлекетти көзөмөлдөп, өз талаптарын аткарта алат. Бирок ой жүгүртүп, кырдаалды талдай ала турган катмар жок болсо, ар кандай манипуляция менен бийлик өз чечимдерин элге туура көрсөтүп, дайыма туура чечим кабыл алып жаткан образды жаратып алат. Малаке Кадыралы ырымчыл саясаттын болуп-болбошунда да коомдун ролу чоң дейт.

"Саясатчылар өздөрүнүн шайлоочуларына карап, позиция тандашат. Мисалы, буга чейин президент, саламаттык сактоо министри биригип, илимий изилдөө болбогон аконитти сунуштаганда, эл кадыресе эле кабыл алды. Ушул көрүнүш Норвегияда же Эстонияда болсо, эл терс кабыл алып, нааразылыгын билдирмек. Азчылыктын таасири деген түшүнүк бар. Алар көпчүлүктүн позициясына кошулбай, өзгөчө ойлору, көз карашы болот. Алар кайсы бир идеяны ырааттуу жайылтып, ийкемдүү иш жүргүзө алса, көпчүлүктү өзгөртө алат. Буга, балким, Индияда Гандини мисал кылсак болот. Ал өзүн колдогон азчылыкка таянып, туруктуулугу менен жагдайды өзгөртө алды".

"Эркиндик үнү" подкастын бул жерден уга аласыз:

Туудан башталган талкуу. Саясаттагы ырым-жырымдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:44 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG