Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Бишкекте ипотекага салынган көп кабаттуу үй ээлерине берилди


Бишкектеги Анкара көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үй.
Бишкектеги Анкара көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үй.

11-декабрда Мамлекеттик ипотекалык компания менен “Керемет Банктын” биргелешкен долбоору боюнча Бишкекте көп кабаттуу үйдүн курулушу аяктап, ээлерине тапшырылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

9 кабаттан турган 108-сериядагы турак-жай Бишкектин Анкара көчөсүндө жайгашкан. Үй бардык коммуналдык кызматтарга кошулган. Мамлекеттик ипотекалык компанияда кезекте турган адамдар үйдүн баасынын 20% төлөп, 8% менен 25 жылга алышты.

Президент Садыр Жапаров 28-ноябрда Бишкекте жаштар форумунда ипотекалык азыр насыяга кезекте турган 13 миң адам келерки эки жылда үй менен толук камсыз болорун айткан.

Маалымат боюнча, соңку жылдары эки миңдей киши мамлекеттен жеңилдетилген шартта ипотекага үй алды.

Мамлекеттик ипотекалык компания 2015-жылы өкмөттүн демилгеси менен элдин турак-жай алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG