Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:42

AI: Иран коопсуздук күчтөрү нааразылык акцияларга чыккандарды зордуктаган


Ирандагы нааразылык акциясы. Октябрь, 2022-жыл
Ирандагы нааразылык акциясы. Октябрь, 2022-жыл

Ирандын коопсуздук күчтөрү былтыр сентябрда “Аял, жашоо, эркиндик!” деген ураан менен өткөн нааразылык акцияларын басуу учурунда зордуктоо, жыныстык ыдыктын башка түрлөрүн колдонгон. Мындай жыйынтыкка Amnesty International (AI) укук коргоо уюму келди.

6-декабрда жарыяланган 120 беттик докладда айтылгандай, сексуалдык зомбулук аялдарды, эркектерди жана балдарды коркутуу үчүн куралга айланган, андай учурлар жазасыз калууда.

“Изилдөө Ирандын чалгын жана коопсуздук органдарынын кызматкерлери кармалгандарды, анын ичинен 12 жаштагы балдарды кыйноо, жазалоо, физикалык жана психологиялык кысым көрсөтүү үчүн зордуктоону, башка сексуалдык зомбулукту колдонгонун көргөзүүдө”, - деп билдирди уюмдун баш катчысы Аньес Калламар.

Авторлор андай зордукчул аракеттерге кабылган 45 кишини кепке тартышкан. Алардын 26сы эркектер, 12си кыз-келиндер, жетөө жеткинчектер.

Былтыр сентябрда адеп-ахлак полициясы хижаб кийүү эрежесин бузган деп кармаган студент Махса Амини камакта каза болгондон кийин Ислам жумуриятынын булуң-бурчунда нааразылык тутанган.

Акцияларга аялдар эле эмес, эркектер жана өспүрүмдөр да катышкан. Коопсуздук күчтөрү аларды ырайымсыз басып, жыл этегине карай митинг-демонстрациялар басаңдап калган. Активисттердин жана БУУнун эсебине ылайык, жүздөгөн киши набыт болду, миңдегени кармалды.

Amnesty International 24-ноябрда Ирандын бийлигин изилдөөсүндө аныкталган фактылар тууралуу кабардар кылганын, бирок алардан жооп болбогонун белгиледи.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG