Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:20

Эдил Байсалов Бишкектин аянты үч эсеге кеңейерин айтты


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

6-декабрда басма сөз жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанда административдик-аймактык реформанын алкагында өлкөдө бир топ өзгөрүүлөр болорун билдирди. Анын сөзүнө караганда, Бишкек шаарынын аянты үч эсеге кеңейет. Бирок бул кандай шартта ишке ашарын тактап айткан жок.

Бишкек – Кыргызстандын баш калаасы жана өлкөнүн саясий, экономикалык, илимий, маданий борбору. Калаада Ленин, Октябрь, Биринчи Май жана Свердлов деп аталган төрт район бар.

Борбордо мамлекеттик бийликтин жогорку органдары, чет өлкөлүк мамлекеттердин элчиликтери жайгашкан. Кыргызстандын бардык өнөр жайынын көпчүлүк бөлүгү орун алган. 1 миллиондон ашык калк жашайт.

Президент Садыр Жапаров 2022-жылы 18-октябрда “Кыргызстандын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Бул жарлыктын негизинде облустарда айыл-аймактарды ирилештирүү иштери жүрүп жатат. (BTo/Tab)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG