Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:06

Замирбек Базарбеков паракор соттор, Ташиевдин сыны, Атамбаевдин соту, Кемпир-Абад иши тууралуу


Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков
Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков

“Бийлик сырлары” берүүсүнүн коногу - Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков. Ал сот реформасынын күңгөй-тескейи, коррупцияга малынган соттор, сот системасынын көз карандысыздыгы, мурдагы президенттер Бакиевдин, Атамбаевдин сот иштери, Кемпир-Абад ишине байланыштуу суроолорго жооп берди.

- Замир мырза, кечээ Кыргызстандын атайын кызматынын жетекчиси Камчыбек Ташиев жылына ондогон сот иштери каралат, сот системасындагы коррупциялык көрүнүштөр тыйылган жок, сотторго пара берүүдө адвокаттар ортомчулук кылышат деп айтты. Сиз бул билдирүүнү кандай кабыл алдыңыз?

- Бул айтылып жаткан билдирүү сот тутуму үчүн жагымсыз көрүнүш. Бирок Улуттук коопсуздук комитети соттордун ишинин сапатына баа бере албайт, алардын ыйгарым укуктарына кирбейт. Кыргызстандын Конституциясында соттордун ишине кийлигишкендиги үчүн өзүнчө жоопкерчилик каралган. Мен коопсуздук кызматынын жетекчиси Камчыбек Кыдыршаевичтин сөзүн “сот системасындагы коррупцияга каршы айыгышкан күрөш улантылат” деп түшүндүм. Ал кишинин сотторго адвокаттар ортомчулук кылат дегени, алар пара ташыган ыплас иштер менен алек болушат дегени факт. Мындай көрүнүштөр мурда эле болуп келгени өкүндүрөт.

- Президент Садыр Жапаров 1-ноябрдагы жарлыгы менен 9 жергиликтүү судьяларды “соттордун кынтыксыз жүрүш-турушуна байланышкан талаптарды бузгандыгы үчүн” жумуштан бошотту, аны кандай бааласак болот?

- Тилекке каршы, президент менен дал ушул маселелер боюнча макулдашып, соттор менен коррупция көйгөйү боюнча арай көз чарай отуруп, ачык сүйлөшүп, “кимде-кимиңер пара ала турган болсоңор, камаласыңар, катуу жоопкерчиликке тартыласыңар” деп катуу эскерткенден кийин сотторго, адвокаттарга байланыштуу жагымсыз окуялар болуп кетти. Адвокат Бишкек шаардык сотунун судьясына пара берип жатат, алар кармалып жатат, бул факт.

- Сотторго байланыштуу мындай фактылардын тыйылбай жатканынын негизги себеби эмнеде? Коррупцияга каршы күрөш таасирдүү болбой жатат десек болобу же башка себеби барбы?

- Учурда адилеттүүлүк менен адилетсиздиктин ортосунда күрөш жүрүп жатат, согуш уланууда. Бул көрүнүштөр бүгүн эле чыга калган жок, мурдатан келе жаткан, түптөнүп калган көрүнүштөр. Биз ошол көйгөйлөрдү, ыплас иштер менен аёосуз күрөшүп жатабыз.

- Сот реформасынын бир багыты - судьяларды ротациялоо деп айткансыздар. Андан майнап барбы? Аймакта иштеген судья Бишкекте жүк тарта алат бекен?

- Ротациялоо дегенибиз сот реформасынын биринчи этабы болчу. Баарыбызга маалым, көп жылдардан бери соттор өз региондорунда иштеп келишкен. Ал жерде өз туугандары, жердештерине тартып, чечим чыгарган учурлар көп болгон. Ага байланыштуу көп окуялар катталган. Ошондой көйгөйлөрдү эске алып, өлкөнүн түндүк аймагындагы сотторду түштүккө, түштүктүк сотторду түндүккө котордук. Ачык айтканда, түндүктөн түштүккө барып иштегендер бат эле көнүп, ишти тартып кетишти. Ал эми түштүктөн түндүк тарапка келип иштегендер ишти анча тарта алышпай жатышат. Тилекке каршы, кармалган судьялардын көпчүлүгү да түштүк тараптан которулуп келгендер болууда.

- Замир мырза, Кемпир-Абад иши боюнча 30га жакын адамга иш козголуп, камакка алынган. Бир бөлүгү үй камагына чыкканы менен, жоон тобу дагы эле камакта. Арадан бир жыл өттү, бул иштин соту качан бүтөт? Сот процессинин мынчалык создугуп жатышынын негизги себебин эмнеде?

- Анын көп себептери болууда. Сот ишинин кечеңдеп жатышына кармалгандар өздөрү себепкер болууда. Мисалы, кармалып отурган адамдар өзүлөрү же адвокаттары келбей койгонунан ишти кароо башка күнгө жылып калууда. Ар кандай өтүнүчтөрдөн улам сот кийинки күнгө которулууда. Кээде күбөлөр келбей койууда. Мунун баарын прокуратура жакшы билет.

- Камактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дарылануу үчүн чет өлкөгө кетти эле, андан дайын жок го? Дарылануунун мөөнөтү барбы? Бул жерде мыйзам бузуу болгон жокбу?

- Алмазбек Атамбаев чет өлкөгө сот чечими менен мыйзамдуу чыккан. Ал кишиге байланыштуу кылмыш ишинин эпизоддору боюнча иш уланууда. Жабырлануучулар, күбөлөр толук суралып бүтүшү керек. Алардын көрсөтмөсүнөн кийин, Атамбаев сакайып келсе, ал дагы суралат.

- Конституциялык сот кыргызстандыктарга документине “атасынын аты” деген жерге апасын жаздырууга жол ачкан матроним тууралуу өз чечимин кайра өзү өзгөрттү. Конституциялык соттун чечими акыркы, өзгөртүүгө болбойт эмеспи, сиз буга кандай баа бересиз?

- Конституциялык сот деген Конституциялык сот. “Алардын чечими туура болгон же туура эмес болгон” десем, туура эмес болуп калат. Ошондуктан алар өзүлөрү жооп бергени туура болот го...

- Сиз Кыргызстандын биринчи соту, адис юрист катары бул чечимди талдадыңыз да, бааңыз болсо керек?

- Конституциялык сот өз чечимин өзү бузуп жатса, демек мыйзамсыз болуп калган деп ойлойм...

- Замир мырза, сиз убагында адвокат болуп жүргөндө сот бийлигине расмий саясий бийликтин таасири, басымы күчтүү, алардын айтканындай чечим чыгарышат деп сындап калчу элеңиз. Учурда Кыргызстандын соту көз каранды эмес бийлик бутагы боло алды деп айта алабызбы? Судьялар өз алдынча чечим чыгара алышабы?

- Бүгүн сотторду толук кандуу көз карандылыкка ээ болду деп айтканга болбойт. Сот реформасынын негизги максаты - соттордун көз карандысыздыгына жетишүү. Президент Садыр Жапаров дагы сотторду көз карандысыз болууга бир нече жолу чакырды. Отуз жылдан бери соттордун аң сезимине кирип калган психологияны өзгөртүү оңойго турбай жатат, кыйын процесстен өтүп жатабыз. Судьялар кээ бир учурларда жогору жактагы чоңдордун, тааныштарынын көзүн карап калган учурлар бар экендигин да билем. “Президент өзү жол ачып жатса, көз каранды эместикке өзүңөр жетишүүңөр керек” деп мен сотторго байма-бай айтып жатам. Биз соттордун өз алдынчалуулугуна жетүү үчүн күрөшүп жатабыз.

(Маектин толук вариантын видеодон көрүңуз)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG