Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:42

Соттордогу жемкорлук: Ташиевдин сыны, Жогорку соттун жообу


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси Камчыбек Ташиев сот системасындагы коррупцияны айыптап, судьяларга пара берүүдө адвокаттар ортомчулук кылып жатат деп сындады. Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков "УКМК соттордун ишинин сапатына баа бере албайт" деп жооп берди. Сотторго нааразылык коомдо да бар. Кыргызстанда бардык президенттердин тушунда соттордун чыгарган чечимдерине нааразылык айтылып, бийликтен чыныгы сот реформасын жүргүзүү талап кылынып келе жатат.

“Маңзат ишин актаган сот”

Бийлик башындагылардын сот системасындагы коррупцияны, аларга каршы күрөш башталганын биринчи жолу айтып отурган жок. Бирок, бул сапар атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев судьялардын пара алуусуна адвокаттар ортомчу болуп жатат деп айыптады.

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

“Өлкөдө адвокаттар сотко пара жеткирүүчү болуп калды. Адвокаттар кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткандардын мыйзамдуу укугун коргобостон, пара жеткирүүчү болуп калды. Пара берүү боюнча өздөрү кылмыш кылып жатат. Судьялар кардарлардан түз пара албайт. Адвокат аркылуу алышат. Муну баарыбыз билебиз”, - деди Ташиев.

Ташиев таза иштебеген жактоочуларды дагы жоопкерчиликке тартуу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле башкы чекист жыл ичинде 5 судья коррупцияга байланыштуу кармалганын, өлкөдөгү 500 фемида өкүлүнүн күн сайын чыгарган чечимдеринин көпчүлүгү коррупция менен кабыл алынып жатат деди.

“Биз, коомчулук жана жергиликтүү бийлик да соттук чечимдердин баары азыркыга чейин пара алуу менен чыгарын билет. Азыр бул бир аз азайды. Соттор пара аларын баары билет. Биз паракор судьяларды кармаганга аракет кылып жатабыз. Ушул жылы беш эле сотту колго түшүрдүк. А биздин өлкөдө 500 судья бар. Алар күн сайын, ай сайын миңдеген чечимдерди кабыл алат. Алардын көбү пара менен чыгат. Биз муну түшүнүп, билип, чара көрүшүбүз керек. Пара алгандардын баарын кармап жоопко тартканга мүмкүн болбой жатат", - деди.

Ташиев мисал катары баңгизатка байланыштуу айыпталгандарды алгачкы инстанциялар 12-13 жылга кесип, бирок Жогорку соттон иш кайра тергөөгө жөнөтүлгөнүн айтты.

Ташиевге Жогорку соттун төрагасы жооп берди

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков "Азаттыкка" курган маегинде Ташиевдин билдирүүсүн комментарийлеп, Конституция боюнча соттордун ишине эч ким кийлигише албай турганын билдирди.

Замирбек Базарбеков.
Замирбек Базарбеков.

“Соттордун ишинин сапатына Улуттук коопсуздук комитети жооп бербейт жана бул алардын укугуна кирбейт. Бул жерде Камчыбек Кыдыршаевич “соттордун арасындагы коррупцияга каршы күрөш” десе ал башка. Ал эми соттордун ишинин сапаты тууралуу сөз болсо анда ал туура эмес болуп калат. Себеби, Кыргыз Республикасынын Конституциясында “соттордун ишине түздөн-түз кийлигишүү үчүн жоопкерчилик бар” деп ачык жазылган. Мен Камчыбек Кыдыршаевичтин сөзүнөн соттордун арасындагы коррупцияга каршы күрөш улантылат деп түшүндүм. Ал эми адвокаттар аркылуу акча алган мурда эле болуп келген. Ыплас иштер менен алектенген адвокаттар сотторго ортомчу болуп пара ташыганы факт. Мен бардыгы ушундай деп айтпайм. Бирок арасында бар”.

Базарбеков буга чейин дагы судьялар арасында таза иштебегендер бар экенин айтып, жазага тартылаарын эскертип келген. Жогорку Соттун маалыматына караганда, аталган мекеменин төрагасы судьяларга карата чара көрүү боюнча “рекорддук санда” сунуш берген жетекчи болууда. 2022-жылдан бери ал 28 судья боюнча 19 сунуштама бергени кабарланган.

Адвокаттар эмне дейт?

Бир топ жылдардан бери иштеп жүргөн адвокат Бакыт Жумашевдин пикиринде, соттордогу коррупцияга жактоочулардын аралашканына тоскоолдук жаратуучу механизм жок. Бирок, Жумашев системадагы жемкорлук судьялардын өзүнөн гана көз каранды экенин айтууда.

“Мурунку судьялар, прокурорлор, тергөөчүлөр, милиция кызматкерлеринин көбү адвокат болуп алышкан. Алардын мурунтан байланыштары бар. Бир прокурор судья болсо, таанышы адвокат болуп калды. Алардын байланышы сөзсүз болот. Ошондой байланыштарга бөгөт койгон чара жок. Экинчиден, судьялар өздөрү коррупцияга шарт түзгөндүктөн анан пара беришет. Аларга жалаң эле адвокат эмес, жөнөкөй кишилер деле берет. Мисалы, бир райондук соттун судьясынын кудасы бар. Элдин баары ошол кишиге барып, судья менен иш бүтүрүшөт”, - деди адвокат.

"Ак үйдөгү сот кураторлору"

Айрым адистер жөнөкөй сот иштериндеги коррупция менен катар Кыргызстанда сот системасы бийликке көз каранды болгондуктан, жалпы реформа ордунан жылбай жатканын белгилешет. Юрист, саясатчы Эркин Бөлөкбаев сот көз карандысыз бийлик бутагына айланган учурда гана коррупция азаят деген пикирде:

“Соттор буюртма гана аткарып калды. Бийлик айтканды аткарып коюп, пара алып жүрө беришет. Соттор Акаев, Атамбаев, Бакиев андан кийин Жапаровдун кол алдында иштешти. Муну бийликтин соту деп койсок болот. Прокурорлор болсо көзөмөлдөбөөчү эмес, жазалоочу болуп калды. “Камалсын” деген гана өтүнүч кылып отурушат”, - деди Бөлөкбаев.

Чынында ар бийликтин тушунда “соттордун ак үйдөгү куратору” болуп келгени жашыруун эмес. Алмазбек Атамбаев бийликте турганда Манасбек Арабаев, Сооронбай Жээнбековдун тушунда Алмамбет Салиев деген ысымдар ачык аталган.

УКМК сенябрь-октябрь айларында пара талап кылууга шек саналып Бишкекте бир нече сот кармалганын билдирген. Анда эки судья жеңил чечим чыгаруу адвокаттын ортомчулугу менен пара алганы аныкталганы айтылган. Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин сот системасын реформалай турганын айтып, атайын кеңеш түзгөн. Ал реформанын чечкиндүү кадамдардын бири катары судьялардын ротациясын атаган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG