Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:43

Махмудовдун күчтүү атаандаштарынын бири Париждеги оюндарга барбай калды


Жакартада өткөн Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү (солдон оңго) Акжол Махмудов, Мохаммадали Гераи, Яң Бин жана Ким Хуеонво.
Жакартада өткөн Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү (солдон оңго) Акжол Махмудов, Мохаммадали Гераи, Яң Бин жана Ким Хуеонво.

Дүйнөлүк күрөш биримдигинин тартип комитети ирандык балбан Мохаммадали Гераини мелдештерден бир жылга четтетти. Уюмдун тараткан маалыматына караганда, Гераи Белградда (Сербия) өткөн дүйнө чемпионаты маалында коомдук тартипти бузгандыгы үчүн ушундай жазаланды.

Мохаммадали Гераи иниси Мохаммадреза күрөшүп жаткан таймаш маалында көрүүчүлөр отурган тараптан килемге бөтөлкө ыргыткан.

Уюмдун тартип комитети анын негизинде балбанды алдыдагы бардык беттештерден бир жылга четтетти. Ошентип 29 жаштагы ирандык балбан алдыдагы эки лицензиялык мелдештерге катыша албай калат, андыктан кийинки жылы Парижде өтө турган Олимп оюндарына барбайт.

Мохаммадали Гераи грек-рим күрөшү боюнча 77 килограммга чейинки салмакта күрөшөт. Ал Азиянын чемпиону (2018) жана дүйнө биринчилигинин эки жолку коло медалынын ээси.

Бул 77 килограмм салмакта кыргызстандык Акжол Махмудов дүйнө чемпиону болуп, Париждеги оюндарга лицензия уткан. Гераи ага атаандаш болушу ыктымал эле.

Париждеги Олимп оюндары 2024-жылдын 26-июлунан 11 августка чейин өтмөкчү. Анда оюндардын 32 түрү боюнча спортчулар күч сынашат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG