Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

Ырыстын иши: Прокурор жети жыл сурады, адвокат экспертизадан күмөн санады


Ырыс Жекшеналиев
Ырыс Жекшеналиев

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 16-ноябрда блогер Ырыс Жекшеналиевдин иши каралып, прокурор аны жети жылга эркинен ажыратууну сурады.

Ырыс Жекшеналиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону “Полит Узник” баракчасына чыгаргандан кийин, былтыр августта камалган. Тергөө абагында эки ай отуруп, үй камагына чыгарылган.

Блогерге Кылмыш-жаза кодексинин “Калайман башаламандык” беренесинин “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” деген бөлүгү менен кылмыш иши козголгон. Мыйзамда бул берене менен сегиз жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

20 жаштагы Жекшеналиев коюлган айыптарды четке каккан. “Мен Абдил Сегизбаевдин сөзү үчүн жооп беришим керекпи? Мен анын профилинин, видеонун, группанын шилтемелерин бергем”, - деген камалгандан кийинки сотто.

Блогердин адвокаты Нурбек Сыдыков сотто мамлекеттик айыптоонун сураган жазасын "чектен ашкандык" деп баалады. "Сөзү үчүн 19-20 жаштагы жигитти жети жылга эркинен ажыратуу чектен ашкандык. Анын билдирүүлөрү негативдүү процесстерге алып келген эмес", - деди адвокат.

Адвокат Сыдыков соңку лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы мурдагысына каршы келерин, аны жүргүзүүдө "мыйзам бузуулар орун алганын" белгилейт.

“Жанышбек уулу Азамат деген политолог блогерлердин, журналисттердин иши боюнча экспертиза даярдап жүрөт, аны баары таанып калды. Бул экспертизада да бир да жүйө келтирбей, суроого жооп эле берип койгон. Өтө одоно мыйзам бузуулар бар”, - деди блогердин укугун коргогон адвокат.

Адвокат Сыдыков Юстиция министрлигинин реестринде политологиялык экспертиза жүргүзгөн эксперттин аты-жөнү жана анын сертификаты, илимий даражасы да жок экенин кошумчалады.

Макала жазылып жатканда Жанышбек уулу Азаматтын өзүнөн бул боюнча комментарий ала алган жокпуз. Юстиция министрлиги экспертизанын жүрүшү тууралуу маалымат бере элек.

Жекшеналиевдин иши Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, парламентке келген башкы прокурор Курманкул Зулушев блогердин иши мыйзам чегинде караларын айткан.

“Жаш бала боюнча прокурорлордун сурап жатканы боюнча мыйзамды карайлы. Эгерде күнөөсү далилденип, мыйзамда ошондой жазылса, айласыз сурашы мүмкүн”, - деген баш прокурор депутат Сеид Атамбаевдин суроосуна жооп бергенде.

Кийинки сот 27-ноябрга белгиленди. Ал күнү адвокаттар жарыш сөзгө чыгып, Жекшеналиев акыркы сөзүн сүйлөйт. Ошол эле күнү сот чечим чыгарышы мүмкүн.

Сот иши экинчи жылга созулган блогер ар бир жарандын пикир билдирүү эркиндиги Конституцияда бекитилгенин жүйө келтирет.

"Баш мыйзамда эч ким өз пикирин билдирүүгө жана андан баш тартууга мажбурланышы мүмкүн эмес деп жазылып турат. Мына, 33-беренеде дагы "ар бир адам маалыматты эркин издөөгө, алууга, сактоого, пайдаланууга, аны оозеки жана башка жол менен жайылтууга укуктуу" деп жазылып турат. Мен Конституциялык укугумду пайдаланып жатам. Мага эмне себептен мындай иш козголгонун түшүнбөй турам", - деген блогер буга чейинки соттордун биринде.

Ал быйыл жазында президент Садыр Жапаровго да кайрылып, соттон акталып чыгып, окуусун улантсам деген ниетин жазган. Буга чейин энергетика боюнча билим алганын, учурда Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинде окуп жатканын белгилеген. "Заман зуулдап учуп, доор алмашат. Артыбызда биздин бүгүнкү чечимдерибиз гана тарых болуп муундан муунга калат", - деп жазган мамлекет башчыга жолдогон кайрылуусунда.

Фейсбуктагы “Полит Узник” баракчасы 2020-жылы май айында ачылган. Анда көбүнчө бийликтин кадамдарын сындаган жана камактагы саясатчылар жөнүндө маалыматтар жарыяланып турган.

Ырыс Жекшеналиев соңку эки-үч жылдан бери коомдук иштерге активдүү аралашып, социалдык тармакта бийликти сындаган көз карашын да билдирип жүргөн. Ал 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча күбө катары суракка чакырылган. Нарындагы Жетим-Тоону казууга кескин каршы чыккан жарандык активист Илгиз Шаменовго байланыштуу маалыматтарды жарыялап турган.

Кооптуу берене менен козголгон иштер

Социалдык тармактагы билдирүүлөрү үчүн “массалык башаламандык уюштурууга чакырык жасоого” айыпталып, кылмыш иши козголгон башка жарандар да бар.

Укук коргоочулар ар кандай посттору үчүн камалган активисттердин, журналисттердин жана блогерлердин иштерине тынчсыздануу билдирип, кыргыз бийлигин сөз эркиндигин сыйлоого үндөп келет.

Андан тышкары Улуттук илимдер академиясынын адистери жүргүзгөн лингвистикалык жана политологиялык экспертизанын бейтараптуулугуна да доомат айтылып жүрөт.

Юристтер укук коргоо органдары “Массалык башаламандыктар” жана “Улут аралык кастыкты козутуу” беренелерин курал катары колдонуп жатканын белгилеп жүрөт.

Мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматова социалдык тармактагы билдирүүлөрү үчүн суралып, жоопко тартылып жаткан учурлар көбөйгөнүн, мындай көрүнүш сөз эркиндигинин чектелишине, анын кесепети карапайым элдин жашоосуна тиерин белгиледи.

“Азыр ар бир адамды социалдык тармактардагы бир посту үчүн камакка алып коюу оңой болуп жатат. Биз 70 жаштагы апаны, 20 жаштагы Ырыс Жекшеналиевди камап койгонун көрдүк. Жаш курагына карабай камайбыз деп жатканы чындык. Бирок айтылган сөзгө өздөрү каалагандай аныктама берип, мыйзам бузуу менен камап жатканы мамлекеттин артка кетип жатканынын белгиси. Анткени экономиканы сөз эркиндиги, саясий плюрализм, мыйзам үстөмдүгү болмоюн өнүктүрө албайбыз”, - деди экс-акыйкатчы "Азаттыктын" кабарчысына.

Amnesty International укук коргоо уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Хизер МакГилл быйыл апрелде “Азаттыкка” маегинде Жекшеналиевдин "кооптондурган ишине" көз салып турганын айткан.

"Жетим-Тоо кенине байланыштуу эски видеону бейкапар эле жарыялап койгону үчүн бул аптада прокурорлор аны алты жылга эркинен ажыратууну соттон сурады. Бул тынчсыздандырган окуя. Эч ким өз пикирин тынч, ачык билдиргени үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылбашы керек. Ырыс Жекшеналиевдин өз оюн эркин билдирүүгө болгон укугу бузулуп жатканы талашсыз", - деген баш кеңсеси Лондондо турган уюмдун өкүлү.

Азыркы бийликтин тушунда бир катар эркин журналист жана блогер ар кандай кылмыш ишине айыпталып, айрымдары абакта отурат. Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиев "улут аралык кастыкты козутуу" деген айып менен камалып, үч жылдык пробациялык жаза менен бошотулган. Журналист Семетей Талас уулу экстремисттик материалдарды жайылтууга күнөөлүү деп табылып, бир жылдык мөөнөттө пробациялык жаза чегерилген. Ушундай эле пробациялык жаза Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогерге дагы колдонулуп, ушул жылы жокко чыкты. Коррупциянын бетин ачкан курч иликтөөлөрү менен белгилүү журналист Болот Темиров былтыр ноябрда өлкөдөн мажбурлап чыгарылган. Аналитик журналист Айданбек Акмат уулу бир жылдан бери Кемпир-Абад иши боюнча тергөө абагында кармалып жатса, жазуучу жана публицист Олжобай Шакир "массалык башаламандык" уюштурууга айыпталып, автусттан бери УКМКнын тергөө абагында отурат.

Жоопкерчилик жүгү...

Бийлик Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин, ал корголорун, ошол эле кезде журналисттердин, блогерлердин жоопкерчилигин такай эскертет. Жоопкерчилик маселеси президент Садыр Жапаровдун Маалымат жана басма сөз күнүнө карата куттуктоосунда да айтылды.

“Заман жүгүнө жараша басылмалардын мүмкүнчүлүктөрү да кеңейүүдө, интернет аркылуу окурмандардын саны да артууда. Мындай шартта жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин коом турмушунда болуп жаткан окуяларды чагылдыруудагы жоопкерчилиги дагы күчөйт”, - деп белгилеген мамлекет башчы өз куттуктосунда.

Кыргызстандан президентинин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин белгилеп, "мыйзам бузгандарга чара көрүлөрүн" айтты.

“Жеке өз оюн билдиргендерге эч ким тийишкен жок. Ал эми “бийликти алмаштыралы, бул бийлик болбой калды, кетирели” деп чакырык таштагандарды суракка чакырып жатышат. Же болбосо улут аралык маселени көтөргөндөрдү чакырышууда. Жалпылап айтканда, мыйзам бузгандарга чара көрүлүүдө”.

Ал арада Эл аралык Freedom House уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошту. Бул уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгонун белгилеген.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан.

"Биз кыялдангандай өлкө кура албай жатабыз"
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:20 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG