Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:46

УКМК Анвар Габбазов ЦУМдун ээси экенин билдирди


Анвар Габбазов. УКМК тараткан сүрөт.
Анвар Габбазов. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) эл аралык издөө жарыяланган ишкер Анвар Габбазовдун Бишкектеги “Айчүрөк” соода борборунун (ЦУМ) ээси экендигин тастыктаган маалымат жиберди.

Коопсуздук кызматы айрым маалымат каражаттары "Габбазов ЦУМдун ээси эмес" деп жазганына жооп кылып, бир катар далилдерди келтирген.

Ага ылайык, “Айчүрөк” ачык акционердик коомунун (ААК) негиздөөчүлөрү - “ЦУМ Холдинг” ААКсы (44% үлүш) жана “Башкы Универсал Дүкөн” ААК (47% үлүш), уставдык капиталдын 8% үлүшү жеке адамдарга таандык.

Ошол эле учурда ЦУМдагы соода жайларын жана кызматтык жайларды ижарага берген атайын компания “Сити Центр” ишканасынын жалгыз негиздөөчүсү Анвар Габбазовдун эжеси Хадия Маметова болуп саналат. Ал эми “Башкы Универсал Дүкөн” ишканасынын жалгыз негиздөөчүсү - Габбазовдун апасы Анашхан Маметова.

Бишкектеги "Айчүрөк" соода борбору (ЦУМ). УКМК тараткан сүрөт.
Бишкектеги "Айчүрөк" соода борбору (ЦУМ). УКМК тараткан сүрөт.


Атайын кызматтын маалымдашынча, “Башкы Универсал Дүкөн” ишканасынын директору Нурмамет Мухтаров Анвар Габбазовдун бир тууганы Ришат Габбазов менен чогуу катталган үйдө каттоодо турат.

УКМК ишкер Анвар Габбазов Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен шектелип, сыртынан айып тагылып, эл аралык издөөгө алынганын 13-ноябрда билдирген. Атайын кызмат Анвар Габбазов маркум Камчы Көлбаевдин (Асанбектин) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоо, кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу менен алектенгенин кабарлаган.

УКМКнын маалыматында, Анвар Габбазов жана Камчы Көлбаевдин ортосундагы финансылык иштер жана кызматташуу фактылары такталган.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

9-октябрда УКМК аны менен байланышта болгон 40тан ашуун адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG