Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:18

Газа шаарындагы абал, туткундардын тагдыры


Газа тилкеси
Газа тилкеси

Жума күнү жөөт армиясы ХАМАС радикал тобуна каршы операция өткөрүү үчүн Газа шаарына киргени кабарланды. Израил бийлиги калаа согушкерлердин "чордонуна айланган" деп билдирди.

Газа тилкесинде согуш башталганы бир айга чукулдап баратат. Ушул тапта 2 миллиондон ашуун киши жашаган аймак блокадада калып, жөөт армиясы (ЦАХАЛ) жерден, абадан сокку уруп жатат. Анклавда гуманитардык кырдаал оор. Карапайым элге суу, нан, дары-дармек жетпейт.

Жуманын таңында Газа тилкесинин түндүк тарабында уюган кара түтүн асманга көтөрүлүп турду. Израил армиясы ХАМАС радикал тобуна каршы аскердик операция өткөрүү үчүн Газа шаарына киргени кабарланды. Тынч заманда жарым миллиондон ашуун киши жашаган калааны ЦАХАЛ бейшембинин кечинде курчаган.

3-ноябрда ЦАХАЛдын расмий өкүлү Даниэл Хагари аскерлердин коопсуздугу үчүн калааны "минадан тазалоо" жүрүп жатканын бышыктады. Хагари азыр ок атууну токтотуу тууралуу "сөз да болбошу керек" деп журналисттердин суроосуна кескин жооп кайтарды.

Израил 7-октябрдагы кандуу чабуулдан бери согушкерлердин барымтасында отурган 240 туткунду бошотмоюнча ХАМАС менен ок атууну токтотуу тууралуу ишарат да болушу мүмкүн эместигин билдирди.

«Израил туткундагылар бошотулмайынча ок атууну токтотуудан баш тартат», - деди премьер-министр Беньямин Нетаньяху телекайрылуусунда.

Мурдарак эгер Израил абактарындагы палестиндерди чыгарып, "аргессияны токтотсо", ХАМАС барымтадагыларды бошотууга даяр экени тууралуу маалымат тараган.

Быйыл июнь айында Улуттар Уюму Израилдин түрмөлөрүндө 5 миң палестин жатканын, алардын ичинде 160 бала бардыгын жарыялаган. Дүйнөлүк уюм 1100 киши соттун чечими жок эле камалганын белгилеген.

АКШ президенти Жо Байден баштаган бир катар лидерлер Газа тилкесинде "гуманитардык тыныгуу" жарыялоого чакырган.

Соңку маалымат боюнча палестин жана израил тарапты кошкондо набыт болгондордун саны 10 миңден ашты. Палестиндерден 9 миңден ашуу киши набыт болуп, алардын ичинен төрт миңге чукул баланын өмүрү кыйылганын Газанын саламаттык сактоо мекемеси билдирди. Аймакта согуш башталганы 32 миңдей киши жарадар болду. Бул маалыматты көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.

Газа тилкесинде ЦАХАЛдын кеминде 20 жоокери окко учту.

Израил тараптан 1400 киши набыт болду, алардын көбү 7-октябрдагы ХАМАСтын кандуу чабуулдарында өлгөн. Жоочулар 240тай кишини барымтага алган. Андан бери согушкерлер төрт кишини бошотсо, дагы бир аялды жөөт армиясы куткарып чыкты.

Газа тилкесин ЦАХАЛ бомбалай баштаганы 136 медициналык кызматкер өлтүрүлдү, 25 "Тез жардам" талкаланды. Аймактагы 35 ооруканынын 16ы жарактан чыгып калганын эл аралык медиа каражаттары жазды.

Аймактагы кырдаалды чагылдырып жүргөн бери дегенде 27 журналист окко учту.

Соңку үч күндө Газадан башка өлкөнүн паспорту бар миңге чукул киши чыгып кетти.

Газа тилкесинде жашаган 2 миллиондон ашуун элдин жарымынан көбү өз үй-жайын таштап качууга аргасыз болду. "Кырдаал өтө курч. Хан-Юниске ар кайсы жерден миллиондон ашуун киши качып келди. Навайканаларда кезекке түнкү саат экиден тарта турушат. Ошол жерде укташат. Мен дагы багымдат намаздан бери турам. Нан жетпейт. Газада бир айдан бери жарык жок. Телефонду заряддай албайбыз. Таза суу жок. Дүйнө Газанын башына түшкөн азапты карап тура береби?" - деди нанга кезекке тургандардын бири Хаммуд Отамина.

Жөөт армиясынын блокадасында калган аймакта тамак-аш тартыш, суу менен күйүүчү май азайып баратат. Ооруканалар толуп, бейтаптарды батыра албай калганын эскертүүдө.

Израил бийлиги согушкерлердин колуна тийиши мүмкүн деген кооптонуудан улам анклавга күйүүчү май киргизүүгө тыюу салган.

Жума күнү Египеттеги Рафах өткөрмө бекетинен жардам жүктөгөн 102 оор машине өттү. Бул бир күндүк рекорддук сан болгону менен эл аралык уюмдар аны "деңизге тамган тамчыдай" деп сыпатташат.

Блинкендин үчүнчү сапары

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жума күнү Тель-Авивге келип конду. Мамлекеттик катчы Израилдин президенти Ицхак Герцог менен курган басма сөз жыйынында жөөт бийлигин согуштун очогунда калган карапайым калкты коргоо үчүн колдон келгендин баарын жасап, гуманитардык жардамды үзбөй өткөрүүгө үндөдү.

Блинкен дагы Израилдин өзүн коргоо укугун баса белгиледи. «7-октябрь кайра кайталанбашы үчүн Израилдин укугу гана эмес, өзүн коргоо милдети да бар деген бекем көз караштабыз" - деди америкалык дипломат.

ХАМАС менен ок атышып жатканда "коргоого муктаждарды сактоо жана жардам көрсөтүү үчүн колдон келгендин баарын жасоо керек" - деди Блинкен.

Вашингтондун башкы дипломаты Газадагы кыйналган элге өз маалында гуманитардык жардам жеткирүү үчүн АКШ менен Израил ишти бирге уюштурууга камынып жатканын айтты.

Блинкен Кошмо Штаттар Газа тилкесинде согушкерлердин барымтасында отурган 250 туткундун тагдырына тынчсызданып турганын да айтты. «Алар аман-эсен үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына кайтып баруусу үчүн чечкиндүүлүк менен болгон аракетти жасайбыз" , - деди мамкатчы.

Блинкен Тель-Авивге Газада согуш башталганы үчүнчү жолу келди. Ал сапарын андан ары Иорданияга улайт.

Ал ортодо Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббастын Москвага пландалган сапары кийинкиге калды. "Палестин жетекчилигинин өтүнүчү менен 15-ноябрга пландалган сапар кийинкиге калды" - деди Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов. Маалыматка караганда чөлкөмдөгү кырдаалдан улам Аббас чет жакка чыга албай турганын анын администрациясы билдирген.

Өткөн аптада ХАМАСтын делегациясы күтүлбөгөн жерден Москвага барган. Радикал топтун өкүлдөрү Орусияга эмне максат менен барганы так айтылган эмес.

Делегацияны ХАМАСтын саясий бюросунун мүчөсү Абу Марзук жетектеп, сүйлөшүүнү Путиндин Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Михаил Богданов жүргүзгөнүн маалымат каражаттары жазган. Москва Богдановдун атын атабаганы менен анын ХАМАСтын өкүлү менен түшкөн сүрөтүн радикал кыймыл жарыялаган.

ЦАХАЛ жоокерлери Ливан менен чек арада "күжүрмөн аскердик даярдыкта" турганын жума күнү билдирди. Соңку апталарда аймакта "Хезболла" исламчыл тобу менен жөөт армиясы атышкан учурлар болду. Буга чейин АКШ "Хезболланын" Израил менен масштабдуу урушка кирчүдөй белгилери байкалбаганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG