Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:08

Газадагы кырдаал, согушту токтотууга чакырыктар


Рамалла шаарында көчөгө чыккан палестин аял. 31-октябрь, 2023-жыл.
Рамалла шаарында көчөгө чыккан палестин аял. 31-октябрь, 2023-жыл.

АКШнын президенти Жо Байден Израил менен ХАМАС тобунун согушунда гуманитардык "тыныгуу" керек экенин билдирди. Газа тилкесинде ЦАХАЛдын аскерлери менен жоочулардын ортосунда салгылаш уланууда. Эл аралык уюмдар аймакта гуманитардык абал курчуп баратканын кабарлап, ок атууну токтотууга чакырып жатышат.

“Мен ооруканада иштеп жатамбы же качкындар лагериндеби, түшүнбөй калдым. Аль-Шифа ооруканасынын коридорлору үй-жайсыз калган палестиндердин баш калкалоочу жайына айланды”, - деген Газа тилкесиндеги Аль-Шифа ооруканасында эмгектенген студент-медик Эззедин Лулу. Анын "Рейтерс" агенттиги жарыялаган видеосунда сыз жерде жаткан балдарды көрүүгө болот.

“Мен жараатты айыктырып, канды токтото алам. Бирок бул балдарды жылыта албайм. Алар жамынарга эч нерсе жоктугунан уктап жатканда титирешет. Кыш келип калды, түнкүсүн суук. Тамак-аш жетишпейт. Булганган суу ичип жатабыз. Адамзатка каршы кылмышты токтоткула”,- деген Лулунун бул тасмасы аталган ооруканада тартылганын "Рейтерс" агенттиги бышыктаган.
Болгону кайсы күнү тартылганы азырынча белгисиз.

Аянты 141 чарчы чакырымды түзгөн Газадагы миңдеген карапайым тургундардын, анын ичинде балдардын өлүмүнөн, гуманитардык кырдаалдын күндөн-күнгө начаралап жатышынан улам эл аралык уюмдар, дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринде акцияга чыгып жаткандар Израилди ок атууну токтотууга чакырууда.

Австралиянын тышкы иштер министри Пенни Вонг 2-ноябрда жасаган билдирүүсүндө Израил өз коопсуздугун да ойлошу керек деген пикири менен бөлүштү.

"Эл аралык коомчулук жайкын тургундардын өмүрү кыйылып жатканына макул боло албайт. Ошондуктан Израилдин достору Израилди сабырдуу болууга, карапайым тургундардын өмүрүн сактоого чакырып жатканда Израилдин укканы абдан маанилүү. Бул Израилдин өзүнүн эле коопсуздугу үчүн маанилүү",-деди ал.

Байден гуманитардык "тыныгууга" чакырды

Согушту токтотуу чакырыгын АКШ президенти Жо Байден тарапташтары менен жолугушканда да айтылды.

Шаршембинин кечинде Байден шайлоо өнөктүгүнүн алкагында Миннеаполистеги өз тарапташтары менен жолугуп жаткан маалда, чогулгандардын бири президенттен ок атышууну токтотууга чакырууну суранды.

Байден алардын эмоцияларын түшүнөрүн айтты: "Бул эмоционалдык жактан израилдиктерге дагы, мусулман дүйнөсүнө дагы оор. Мен башынан эле эки мамлекеттин түптөлүшүн колдоп келгем",- деди.

Буга чейин Байден жана Ак үйдүн өкүлдөрү ХАМАС радикал тобунун чабуулуна жооп катары Израил аскердик операциясын өзү билгендей өткөрөрүн кайталап келген. Бул жолу АКШ президенти Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяхуга аеосуз согуштук аракеттерди бир аз да болсо токтото турууга чакыргандай болду.

Ошону менен катар Байден Газага киргизилген гуманитардык жардамдын көлөмүн көбөйтүүнүн үстүндө иштеп жатканын, буга чейин Нетаньяху менен Египеттин президенти Абдел Фаттах ас-Сисини Газага гуманитардык жардам киргизүүгө өзү ынандырганын кошумчалады.

АКШ президенти Израил менен ХАМАСтын куралдуу жаңжалында гуманитардык тыныгуу жарыялоону колдорун билдирди.

АКШ президенти Жо Байден. 1-ноябрь, 2023-жыл. Миннесота. АКШ.
АКШ президенти Жо Байден. 1-ноябрь, 2023-жыл. Миннесота. АКШ.

Газа тилкесиндеги кырдаал

Газага Рафах өткөрмө бекети ачылгандан бери 217 машине гумжардам кирди. Анткен менен эл аралык уюмдар билдиргендей, бул жетишсиз.

Аймактын түндүгүндөгү Индонезия ооруканасында 1-ноябрдын кечинде негизги генератор күйүүчү майдын жоктугунан өчүп калды. Оорукананын башкы дарыгери Атеф Кахлуттун айтымында, резервдеги генератор азырынча айрым бөлүмдөрдү электрэнергиясы менен камсыз кылып жатканы менен, өлүкканадагы муздаткычтар, кислород станциясы жана операция жасоочу бөлүмдөрдөгү вентиляция системасы толук өчтү.

Израил бийлиги ХАМАС радикал тобу колдонушу мүмкүн деген кооптонуудан улам аймакка күйүүчү май алып кирүүгө тыюу салган. Буга чейин Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Кирби Вашингтон Газага күйүүчү май киргизүү аракетин көрүп жатканын билдирген.

ЦАХАЛдын өкүлү Дэниел Хагаринин айтымында, Газанын түндүгүндө жөөт аскерлери менен жоочулардын ортосунда айыгышкан кармаш уланып жатат.

"Аскерлер Газа тилкесинин түндүгүндө ХАМАС радикал тобунун коргонуу сызыктарын жырып өтүп, аймактын борбордук райондорун өз көзөмөлүнө алууда", - деди ал 2-ноябрда жасаган билдирүүсүндө.

ХАМАС радикал тобу 7-октябрда Израилге кол салып, 1400дөй кишинин өмүрү кыйылган. Жоочулар барымтага алгандардын саны соңку маалыматтарга караганда 242ге жетти. Ошондон бери Израил куралдуу топту жок кылуу максатында Газа тилкесине чабуул коюуда. Соккулардан улам Газа тилкесинде набыт болгондордун саны тогуз миңге чамалаганын аймактын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Бириккен Улуттар Уюмунун балдар фонду - ЮНИСЕФтин маалыматына ылайык, өмүрү кыйылгандардын 3000ден көбү балдар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG