Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:54

Президент Жапаров МИ-8 тик учагы Беларустан оңдолуп келгенин айтты


Беларустан оңдолуп келген МИ-8МТВ-1 тик учагы.
Беларустан оңдолуп келген МИ-8МТВ-1 тик учагы.

Президент Садыр Жапаров 2016-жылы Орусия Кыргызстанга берген МИ-8МТВ-1 тик учагы алты жылдан кийин Беларуста оңдолуп кайра колдонула баштаганын билдирди. Бул тууралуу өлкө башчы Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал 2016-жылы Кыргызстанга алынып келген тик учак 2017-жылы бузулуп ошол бойдон оңдолбой калганын, Беларустун башында турган Александр Лукашенконун жардамы менен быйыл кайра ишке берилгенин айтты.

“Чындыгында эле беларустук адистер ремонт иштерин абдан сапаттуу жасаптыр. Бүгүнкү Талас облусуна болгон иш сапарыма дал ушул тик учак менен барып келдим. Биздин адистер ремонт мыкты болуптур деп баасын беришти”, - деди президент.

Беларустан оңдолуп келген МИ-8МТВ-1 тик учагынын ичинен көрүнүшү.
Беларустан оңдолуп келген МИ-8МТВ-1 тик учагынын ичинен көрүнүшү.

Садыр Жапаров 21-октябрда Талас облусуна иш сапары менен барып Айтматов районундагы Кызыл-Адыр айылында “Асыл” спорт комплексин ачты.

Президент 17-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) дагы бир МИ-8 тик учагын тапшырган. 2022-жылы Орусиянын өкмөтү Кыргызстанга өрт өчүрүүчү техникаларды жана тик учак сатып алууга 20 млн доллар бөлүү жөнүндө токтом чыгарган. Анын негизинде былтыр декабрда 8 млн долларлык 40 өрт өчүрүүчү автоцистерна алынган. Тик учактын баасы 12 млн доллардын айланасында болгон.

Былтыр августта ӨКМ Airbus H145 үлгүсүндөгү тик учак сатып алган. Ага чейин министрликтин өзүнүн тик учагы болгон эмес. 2004 жана 2007-жылдары эки тик учак Нарында альпинисттерди куткаруу учурунда аварияга кабылган.

Акыркы тик учактын эскилиги жеткендигине байланыштуу 2011-жылы колдонуудан алып салынган. Андан кийин тоо-таштардагы куткаруу иштерине Коргоо министрлигинин тик учактары жалданып келген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG