Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:29

Салливан: Иран Жакынкы Чыгыштагы жаңжалга аралашпайт деген кепилдик жок


Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан. 5-сентябрь, 2023-жыл.
Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан. 5-сентябрь, 2023-жыл.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Иран Израил менен ХАМАСтын ортосундагы согушка аралашпайт деген кепилдик жок экенин билдирди.

«Биз бардык күтүүсүз кырдаалдарга даяр болушубуз керек», - деди ал 15-октябрда CBS телеканалына курган маегинде.

Израилге ХАМАС радикал тобунун кол салганына тогуз күн болду. 1300 адамдын өмүрүн алган чабуулдан бери ЦАХАЛ Газа тилкесине абадан сокку уруп жатат. Газада жалпысынан 2300дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылганын жергиликтүү бийлик билдирди. Иран ХАМАСтын көп жылдан берки тарапташы.

Израилге кол салуудан кийин Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян АКШ менен Евробиримдикте террордук деп табылган ХАМАС тобунун саясий бюросунун жетекчиси Исмаил Хания менен Катарда жолуккан.

«Рейтерс» агенттиги жазгандай Ирандын тышкы иштер министри «ХАМАС максатына жетиши үчүн кызматташууну улантууга» макул болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG