Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

Кыргызстандын ТИМи Израилдеги кырдаалга байланыштуу билдирүү таратты


Израилдеги согуштук аракеттер маалында кыргыз жарандары жабыр тартканы тууралуу маалымат түшкөн жок.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Израилдеги элчилиги (резиденциясы Анкарада жайгашкан) билдирди.

Элчилик муну менен катар Израилде жашаган кыргыз жарандарын өлкөнүн чек арага жакын, куралдуу кармаш жүрүп жаткан аймактарына барбай турууга чакырды.

Маалыматта элчилик израил тарап менен кырдаалга мониторинг жасап жатканы, бул өлкөдө жашаган кыргыз жарандары менен байланышта экени жазылган.

Элчилик зарыл болгон учурда +90 5456896800 номерин терип, ишеним телефонуна байланышуу керектигин эскертти.

7-октябрдын таңында палестиндердин Газа секторун көзөмөлдөгөн ХАМАС тобу Израилди ракета менен жапырт аткылай баштаган. Мындан кийин Израилдин армиясы "Темир кылыч" деп аталган операцияны баштап, Газа секторуна абадан сокку урууда.

Расмий ырасталбаган маалыматтарда кол салуунун натыйжасында Израилдин 200дөй жашоочусу каза таап, миңдеген адам жарадар болгону айтылууда. Бир канча адамды ХАМАС тобу барымтада кармап турат.

Палестин тарап өз кезегинде Израил армиясынын соккусунан сектордо 200дөй адам өлгөнүн билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG