Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:02

Орунбековдун кызматка дайындалышы талкууга түштү


Алтынбек Жумаев, Дайырбек Орунбеков жана Сүйүнбек Касмамбетов. 2021-жылдын декабры. Сүрөт Дайырбек Орунбековдун Фейсбуктагы баракчасынан алынды.
Алтынбек Жумаев, Дайырбек Орунбеков жана Сүйүнбек Касмамбетов. 2021-жылдын декабры. Сүрөт Дайырбек Орунбековдун Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Президенттик администрациянын маалымат кызматын эми журналист Дайырбек Орунбеков башкарат. Буга чейин ар кандай саясий топтор менен кызматташып жүргөн Орунбековдун жооптуу кызматка дайындалышын коомчулук кызуу талкуулап жатат.

Маалыматтык саясатты күчөтүү аракетиби?

3-августта президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчылыгына Дайырбек Орунбеков дайындалды. Бул кызматты ээлеген Алтынбек Жумаев иштен бошотулуп, президентке кеңешчи болду. Анын кызматтан алынганынын расмий себеби айтылган жок.

Бирок өкмөттөгү атын атагысы келбеген кызматкерлер Жумаевдин бул кызматтан кетери мурдатан эле талкууланып, ылайыктуу талапкер изделип келгенин ырастады.

Министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрациясынын башчысы Акылбек Жапаров "Азаттыкка" берген комментарийинде өкмөттүн жетишкендиктерин коомчулукка жеткирүү үчүн маалыматтык саясатты күчөтүү зарыл болгонун билдирди:

"Жакшылыктарыбыздын баарын жакшынакай көрсөтөлү деген эле максатыбыз бар",- деди ал.

Дайындоо маалым болору менен коомдо, журналисттер чөйрөсүндө кызуу талкуу башталды. Бул эң ириде Орунбековдун буга чейинки ишмердиги, коомдогу ар кыл окуялар боюнча позициясына байланыштуу болду. Бул суроолорго жооп табуу үчүн Орунбековдун өмүр баянына көз салалы.

Жээнбеков, Матраимов, Туманбаев менен байланышы

35 жаштагы Дайырбек Орунбеков Кара-Кулжадагы Алайкуу өрөөнүндө туулуп өскөн. Кыргыз улуттук университетинин Тарых жана чөлкөм таануу факультетин аяктаган. Ал бир катар гезиттерде журналисттик кесипти аркалап, кийин "Маалымат.кж" сайтынын редактору болгон. Дал ушул учурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин саясатын кескин сындап жүргөн. 2015-жылы Орунбековго кылмыш иши козголуп, сот аны моралдык зыян үчүн Атамбаевге 2 млн. сом доо төлөөгө милдеттендирген. Кийин ага козголгон кылмыш иши мунапыстын негизинде өндүрүштөн кыскартылган. Өз кезегинде Орунбеков Атамбаевдин үстүнөн сотко кайрылган. Буга Атамбаевдин маалымат жыйында "Орунбековду башка бирөөлөрдүн буйругу менен иштейт" деп айыптаганы себеп болгон.

Дайырбек Орунбеков жана Искендер Матраимов
Дайырбек Орунбеков жана Искендер Матраимов

Ал 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин ошол кездеги мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековду жактап, аны мактаган билдирүүлөрдү интернетке жарыялап турган.

2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо бийликчил "Биримдик" партиясын колдогон.

2018-жылы социалдык өнүгүү министрине кеңешчи, 2021-жылдын январында "Манас" эл аралык аэропортунун жетекчисине кеңешчи болгон. Былтыркы парламенттик шайлоодо Алай округунан ат салышкан.

Азыркы кызматына келгенге чейин "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасында бөлүм башчы болуп иштеди.

Соңку жылдары Орунбеков Бажыдагы тамырлашкан коррупцияга байланышкан иликтөөлөрдүн фигуранты болгон Раимбек Матраимовдун таламын талашып, иликтөөчү журналисттерди сындап жүргөн.

Kloop басылмасы анын Матраимовду колдогон троллдор фабрикасына тиешеси бар экенин жазган. Соңку жылдары Орунбеков учурдагы президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев менен тыгыз байланышта экени айтылат. Муну Орунбековдун социалдык тармактарга жазган билдирүүлөрүнөн байкаса болот.

Кадрлардын кесипкөйлүгүбү же...

Дайырбек Орунбеков кызматка дайындалгандан кийин Фейсбуктагы баракчасындагы билдирүүсүндө буга чейин ар кыл топтор менен кызматташып келгенин ырастап, мындан ары мамлекеттин кызыкчылыгын көздөөгө убада берди.

"Журналист, кийинки замандын шарапаты менен блогер катары чыгармачылыкта алектенип, эркин жүрдүм. Ооба, тигил же бул саясий топ же саясатчы менен кызматташып келгем. Бирок, ким менен кызматташпайын, ал менин жеке тандоом болуп келген. Ал эми азыр ушул кызматка келгенден кийин менде тандоо эмес, милдет болот. Ал бир гана милдет - мамлекетибиздин, демек кыргызстандыктардын кызыкчылыгы. Коомчулук менен мамлекет жетекчилигинин ортосунда маалыматтык "кагылыш" эмес, маалыматтык диалог, болгондо да профессионалдуу диалог болушу үчүн болгон күчүмдү, аракетимди жумшайм".

Орунбековдун президенттик администрациядагы жооптуу кызматка дайындалышын бир катар журналист, активисттер сындашты. Маселен, серепчи Руслан Акматбек бийлик кызматка дайындоодо кадрлардын "лоялдуулугуна гана көңүл буруп жатат" деген пикирде.

"Бийликтин соңку чечимдери кайсы баалуулуктарды карманып, эмне максатты көздөп жатканы түшүнүксүз болуп калды. Мисалы, Матраимовду колдоп жүргөн адамды жооптуу кызматка дайындаганы деле муну көрсөтүп турат. Бийлик бир жагынан коррупция менен күрөшөм деп убада берет, экинчи жагынан коррупционерлерди колдогондорду жооптуу кызматка дайындайт. Кадрларды дайындоо иш билги кесипкөйлөрдү эмес, бийликти жактап, эмне кылса да "хоп" деп арык чапчу непотизм белгилери менен жүрүп жаткандай".

Акматбек кошумчалагандай, өлкөдөгү кадрдык саясаттыгы калпыстыктар боюнча бийликтин сынчылары, оппозиция буга чейин деле сындап келген. Буга президент Садыр Жапаров да реакция кылып, өз жообун берген.

Май айында "Кабар" агенттигине маегинде мамлекет башчы жанындагы кадрлардын басып өткөн жолуна эмес, азыркы ишине маани берерин белгилеген.

"Айланамда жүргөндөрдүн баарын көзөмөлдөп турам. Мурдагы ишмердиктери, репутациясы мени кызыктырбайт. Мен башында эле сүйлөшкөм. “Мурда кандай иштедиң, ким менен иштедиң – мени кызыктырбайт. Мындан ары таза иштейсиң, уурдабайсың, мамлекет үчүн күнү-түнү дебей иштеп бересиң. Эгер кыйшайсаң, камаласың” деген талап менен иштетип келе жатам", - деген президент Жапаров.

Кыргыз бийлиги маалымат саясатын ачык жүргүзүүгө убада берип келет. Жапаров мамлекеттик органдар маалымат каражаттары менен тыгыз иштешип, коомдук көзөмөлдү жүргүзгөнү маанилүү экенин бир нече жолу айткан.

Журналисттик коомдо соңку учурда айрым мамлекеттик органдардан маалымат алуу түйшүккө айланып бара жатат деген нааразылык да бар.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG