Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Айсулуу Тыныбекова үчүнчү жолу дүйнө чемпиону болду


Айсулуу Тыныбекова. 20-сентябрь, 2023-ж. Белград, Сербия.
Айсулуу Тыныбекова. 20-сентябрь, 2023-ж. Белград, Сербия.

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова алтын медал утту.

Кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограммдык салмакта күч сынашкан Тыныбекова бүгүн, 22-сентябрга караган түнү болгон финалдык беттеште жапониялык Сакура Мотокини 4:1 эсебинде жеңди. Бул ийгилиги менен Тыныбекова спорттун бардык түрүнөн дүйнөнүн үч жолку чемпиону болгон алгачкы кыргызстандык спортчу болуп калды.

Айсулуу Тыныбекова финалга чыкканга чейин 20-сентябрда польшалык Анастасия Волчинсканы (8:2), 1/8 финалда молдовалык Мариана Чердивара Эсануну (4:2), чейрек финалда украиналык Ирина Коляденкону (2:2), жарым финалда германиялык Луиза Ниемешти (4:2) уткан.

Балбан кыз бул Дүйнө чемпионатында алтын медал утуу менен бирге 2024-жылдагы Париж Олимпиадасына жолдомого да ээ болду. Тыныбековадан сырткары бул мелдештин алкагында азырынча ушундай эле жолдомо Айпери Медет кызы менен Акжол Махмудовдо да бар.

Айсулуу Тыныбекова 30 жашта. Ал ушуну менен Дүйнө чемпионатына алтынчы жолу катышууда. Ал буга чейин эки жолу алтын медал тагынып (2019-ж, 2021-ж.), бир жолу коло байге алган (2017-ж.). 2022-жылы 5-орунду, 2015-жылы 14-орунду ээлеген. Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси (2021-ж.) жана Азия оюндарынын жеңүүчүсү (2018-ж.). Азиянын беш жолку чемпиону. Бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси.

16-сентябрда башталган күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 24-сентябрга чейин уланат. Таймаштар эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшүнөн 10дон салмакта өтүп жатат. Мелдеште олимпиадалык салмактарда алтын, күмүш, коло байге алгандарга жана 5-орунду ээлеген бирден балбанга Олимп оюндарына жолдомо берилет (жалпы 90 жолдомо).

Күрөш боюнча Олимпиадага жолдомо берилчү салмактар төмөндөгүдөй:
Эркин күрөштөн 57, 65, 74, 86, 97 жана 125 кг, грек-рим күрөшүнөн 60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг жана кыз-келиндер күрөшүнөн 50, 53, 57, 62, 68 жана 76 кг.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG