Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:18

"Айсулуу жеңишке жетсе, кыргыз спортунун тарыхын жаңылайт"


Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында польшалык Анастасия Волчинска менен күрөшүүдө. 20-сентябрь, 2023-жыл. Белград, Сербия.
Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында польшалык Анастасия Волчинска менен күрөшүүдө. 20-сентябрь, 2023-жыл. Белград, Сербия.

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык Айпери Медет кызы күмүш медал тагынды. Айсулуу Тыныбекова дагы 62 килограмм салмакта финалга чыкты. Экөө тең Олимпиада оюндарына жолдомо алды.

Белградда жүргөн Кыргызстандын Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев "Азаттыккка" маек куруп, кыргыз спортчуларынын мүмкүнчүлүгү, күтүлүп жаткан жыйынтыктар тууралуу айтып берди.

- Күрөш боюнча Белградда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатына кыргызстандын курама командасы мыкты даярдык менен барды окшойт. Сиздер Париж олимпиадасына канча жолдомо алабыз деп ойлодуңуздар эле? Акыркы жыйынтыктар канааттандырып атабы?

Кыргызстандын күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев.
Кыргызстандын күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев.

- Эркин күрөш боюнча мелдештер жыйынтыкталды. Бир лицензия алабыз деп пландаштырганбыз. Тилекке каршы, 57 килограмм салмакта күрөшкөн балбаныбыз Алмазбек Сманбеков ала албай калды. Жакшы даярдыкта келди эле. 61 килограмм салмакта күрөшкөн Тайырбек Жумашбек уулу коло медалга ээ болду. 65 килолук салмак боюнча Икрамжонду алып барганбыз. Ал да утулду. 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев 5-орунга ээ болду. Бул салмакта олимпиадалык жолдомо жок. Эрназар жылдын башында жаракат алып, операцияны баштан өткөргөн. Ошого карабай, жыйынтыгы жакшы. Өзүнүн деңгээлинде. Эми алдыда Азия континенталдык лицензиялык мелдеш Бишкекте өтөт. Ошондо эркин күрөштөн эки-үч жолдомо алабыз деп ойлоп атабыз.

Кыздарыбыз да жакшы күрөштү. Биринчи күнү Айпери Медет кызы финалга чыгып, Париж олимпиадасына жолдомо утуп алды. Күмүш медалга ээ болду. Айсулуу Тыныбекова да финалга чыгып, жолдомо утуп алды. Мээрим Жуманазарова лицензия алат деп үмүттөнгөнбүз. Эки беттешин жакшы өткөрдү. Тилекке каршы, колунан кичине жаракат алып калды, кийинкиге сакташ үчүн биз күрөштүргөн жокпуз.

- Айпери Медет кызы да финалдык беттеште жаракат алып калды. Азыр балбан кыздардын абалы кандай?

- Күрөштө эми ар кандай жаракаттар көп болот. Азыр жакшы. Бутун кичине оорутуп алды. Ошон үчүн да машыктыруучусунун мелдешти токтоткону да туура болду. Ошонун негизинде күмүш медалга ээ болду.

Бүгүн грек-рим күрөшү боюнча балбандарыбыз мелдешке чыгып атышат. Бул жерде олимпиадалык 77 килограмм салмакта Акжол Махмудов күрөшүп атат. 130 килограмм салмакта болсо бизден балбан жок.

- Грек-рим күрөшүнөн мелдештерге балбандардын даярдыгы кандай?

- Биздин балбандарыбыздын даярдыгы абдан жакшы. Кыздарыбыз да, балдарыбыз да жакшы даярдыкта келишти. Бирок өзүңүздөр көрүп атасыздар. Мелдеш аябай курч мүнөздө өтүп жатат. Дүйнө жүзү бүт баары олимпиадага жолдомо алабыз, дүйнө чемпиону болобуз дешип, ар бир өлкө өтө мыкты даярдыкта келишкен. Ар бир салмактарды карап көрсөңүздөр, мелдеш өтө чоң атаандаштыкта өтүп жатат.

- Кайсы өлкөнүн балбандарын баса белгилеп айта аласыз?

- Мыкты даярдыкта Американын балбандары келишиптир. Ирандык, жапониялык балбандар, монгол балбандары үч салмакта финалга чыгышты. Орусиянын балбандары да нейтралдуу желектин астында катышып атат. Казакстандын курамасы эркин күрөштөн 92 килограмм салмакта өз өлкөсүнүн тарыхында алгачкы алтын байгени утуп, тарых жаратышты. Андан сырткары күрөштө жаңы жылдыздар пайда болду. 97 килограммда Тажудинов Бахрейндин атынан чыгып, атактуу балбандар Садуллаев, Кайл Снайдерди утуп алды. Ошондон эле мелдештин курч мүнөздө өтүп жатканын көрсө болот. Күчтүү же алсыз деген атаандаштар жок бул жерде. Баары абдан мыкты даярдыкта келген.

- Бул чемпионатта 6 салмакта олимпиадага жолдомо ойнотулат. Кыргыз балбандары 5 салмакта беттешет. Алардын канчасы жолдомо алат деп үмүт артып турасыздар?

- Биз эми грек-рим күрөшүнөн эки же үч лицензия алабыз деп келгенбиз. Негизи кыздардан үч жолдомо жана эркин күрөштөн бир жолдомо алабыз деп келгенбиз. Ошондо жалпы 7 жолдомону дүйнө чемпионатынан алабыз деген ниетибиз бар болчу. Азырынча эки жолдомо алдык. Мелдеш 24-сентябрда жыйынтыкталат. Ошондо баарын көрөбүз.

- 2019-жылы Астанада өткөн Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова чемпион болуп, Токиодогу олимпиада оюндарына жолдомо алган. Ошондо ал кыргыз спорт тарыхында дүйнө чемпиондугун уткан алгачкы спортчу болгон. Бүгүн да Айсулуу мурункудай ийгилигин кайталай алабы?

- Кудай деп турабыз. Айсулуунун атаандашы - жапониялык балбан кыз. Жаш балбандардын бири. Буга чейин экөө беттешкен эмес. Беттеш абдан кызыктуу болот. Эми бул жерде Айсулуу кыйла тажрыйбалуу. Буга чейин эки жолу дүйнө чемпиону болгон. Эгер Айсулуу жеңишке жетсе, кыргыз спортунун тарыхын дагы бир жолу жаңылайт. Анткени, Кыргызстанда эч бир спорттун түрүнөн дүйнөнүн үч жолку чемпиону жок. Андыктан Айсулуунун жеңишке жетишин тилеп турабыз.

- Маегиңизге чоң рахмат.

Азия чемпионаты: Айсулуу бешинчи алтынды тагынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:48 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG