Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:12

Орусия Киевди бутага алды, Украинанын дрондору Крымга чабуул койду


Жекшембиге караган түнү Орусия "Шахед" дрондору менен Киевге чабуул койду. Киевдин аскердик администрация башчысы Сергей Попконун маалымдашынча, 20дан ашуун дрон абада жок кылынды.

"Дрондор Киевге топ-тобу менен ар тараптан чабуул коюшту",- деди Попко.

Киевдин Шевченко районунда кыйраган дрондордун калдыктары көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирди талкалап кеткен. Автоунаалар, троллейбус зымдары, жолдор жабыркаганы кабарланууда. Шаар мэри Виталий Кличко бир адам жаракат алганын маалымдады.

Жекшембиге оогон түнү Харьков облусунун Изюм жана Купянск райондору да аткыланды. Днепропетровск облусунда Никополь шаарына үч ракетадан чабуул жасалды.

Бул аралыкта Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын дрондору аннексияланган Крымга чабуул койгонун билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, жарым аралга жакын жерден сегиз учкучсуз учакты атып түшүргөн. Орусия ошондой эле жекшембиге караган түндө Кара деңизде "Крымдын жээгине бара жаткан жеринен АКШда чыгарылган Willard Sea Force деп аталган үч аскердик ыкчам катер десанттары менен кошо жок кылынганын" билдирди. Украин тарап бул маалыматты азырынча комментарийлей элек.

Согуш маалында эки тараптын маалыматтарын тактоо мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG