Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

Баткен: чек ара жаңжалында талкаланган үйлөр толук курулуп бүткөнү айтылды


Президент Садыр Жапаров Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаевди кабыл алды. 6-сентябрь, 2023-жыл. Бишкек
Президент Садыр Жапаров Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаевди кабыл алды. 6-сентябрь, 2023-жыл. Бишкек

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кыйраган үйлөрдүн курулушу аяктады. Бул тууралуу президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев 6-сентябрда мамлекет башчы Садыр Жапаров менен жолукканда билдирди. Ал Баткен облусунун инфраструктурасын жакшыртуу, социалдык объектилерди куруу, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу маалымат берди.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Алимбаев Баткен районунун Капчыгай жана Достук айылдарынын башкы планы түзүлгөнүн, аталган айылдар толугу менен кайра курулганын, өрттөнгөн үйлөр калыбына келтирилгенин айтты. Мындан сырткары айылдардын ички жолдору асфальтталып, жарыктандыруу иштери жүргүзүлгөн, ичүүчү суу системасы салынган.

"Ошондой эле жарандык коргонуу комиссияларынын актыларына ылайык, күйүп кеткен жана капиталдык ремонтко муктаж болгон үйлөрдүн ээлерине толук көлөмдө акча каражаттары берилген, машинасынан же малынан ажырагандарга да акчалай компенсациялар төлөнгөн", - деп айтылат маалыматта.

Жапаров мындан ары да Баткен облусуна өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.

Өткөн жылдын сентябрындагы чек ара чырында Баткендин бир катар айылдары талкаланып, өрттөлгөн, ондогон адамдар каза болгон, миңдеген жергиликтүү тургун үй-жайын таштап качууга мажбур болгон. Бийлик Баткенде жаңы 420 үйдү куруп берүүнү убада кылган.

Куралдуу кагылышта кыйраган үйлөрдү куруу үчүн “Аманат Строй Инвест” жалдаган айрым компаниялар жергиликтүү ишкерлердин акчасын бербей убара кылып жатканы белгилүү болгон. Маселе Жогорку Кеңеште бир нече жолу айтылып, тендерди уткан компанияны жоопко тартуу сунушу көтөрүлгөн.

“Азаттыктын” журналисттери Достук жана Капчыгай айылдарында үй салган эки компания ишкерлердин 20 миллиондон ашык сомун бере электигин жеринен билип келген.

ИИМ Баткен облусундагы чек ара жаңжалында талкаланган турак жайларды калыбына келтирүү ишине катышкан “Келечек ЛТД” курулуш компаниясынын өкүлү кармалганын, ал эми "Алмалы-Доор Курулуш" ишканасынын жетекчисине издөө салынганын жарыялаган.

Куралдуу кагылыштан соң эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптаган. Анда Кыргызстандын 63 жараны курман болгон, 206 киши ар кандай жараат алган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирген. Каза болгондор арасында эки тараптан тең балдар бар.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG