Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

ИИМ Мадумаровго мамлекеттик чыккынчылык боюнча айып коюлганын билдирди


Адахан Мадумаров Биринчи Май райондук сотунда. Сүрөт адвокат Гуляна Убалиевадан алынды. 2-сентябрь, 2023. Бишкек.
Адахан Мадумаров Биринчи Май райондук сотунда. Сүрөт адвокат Гуляна Убалиевадан алынды. 2-сентябрь, 2023. Бишкек.

Ички иштер министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровго карата козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат берди.

Анда "ИИМдин Тергөө кызматында жогорку кызматтагы адамдардын мамлекетке чыккынчылык кылуу фактысы боюнча кылмыш иши тергелип жатат" деп жазылган.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы М.А.К. (Адахан Мадумаров ред.:) ушул кылмыш ишинин алкагында кармалганы, ага Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси ("Мамлекеттик чыккынчылык") боюнча айып коюлганы кошумчаланган.

ИИМдин маалыматына караганда, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Тергөө иштери уланууда.

Министрликтин атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери депутатты кармап кеткени 2-сентябрда түшкө жакын белгилүү болгон. Ушул эле күнү ал бир нече саат Тергөө кызматында болуп, андан кийин Биринчи Май райондук сотуна жеткирилген. Кечинде сот аны 24-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

Мадумаров кармалгандан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиев "мамлекетке чыккынчылык кылгандарга аёо жок" деп Фейсбуктагы баракчасына жазды. Бирок ал кимдир бирөөнүн ысымын атаган жок.

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.

Депутатты Кемпир-Абад иши боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

Мадумаров ИИМдин имаратынан чыгып, сотко алып кетип баратканда журналисттерге кыска жооп берип, Баткендеги кыргыз-тажик чек арасы боюнча кол коюлган протоколго байланыштуу кармалганын айтып, муну "жомок" деп баалады.

Ал Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын 2008-жылдын 5-октябрынан 2009-жылдын 26-октябрына чейин аркалаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG