Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезексиз жыйынына катышты


Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезексиз жыйыны. 24-август, 2023-жыл.
Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезексиз жыйыны. 24-август, 2023-жыл.

Армениянын Цахкадзор шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезексиз жыйыны өттү. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

24-августагы жыйынга Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, Евразия экономикалык биримдигинде товар, капитал, кызмат көрсөтүү жана эмгек ресурстарынын эркин кыймылы үчүн бардык тоскоолдуктарды жоюунун маанилүүгүн белгиледи.

Жыйында ЕАЭБдин 2030-2045-жылдарга чейинки стратегиясы, интеграциялык процесстерди өнүктүрүүнүн негизги милдеттери жана багыттары жөнүндө декларация долбоору боюнча пикир алмашуу болгон. Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алдыдагы жыйыны 2023-жылдын 26-27-октябрында Бишкек шаарында өтөт.

Ушу күндөрү ЕАЭБге мүчө эки өлкө болгон кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу автоунаалар өтө албай турат. 24-августта Кыргызстандын чек ара кызматы саат 12:00гө карата маалымат бергендей, “Ак-Тилек” бекетинде Казакстанга өтө албай турган машинелердин саны - 379, мунун ичинен “Чалдыбарда” - 73, “Кең-Булуңда” - 89, “Чоң-Капкада” - 73.

Кыргызстан мындай абал кыргызстандык ишкерлерди чоң чыгымга учуратып, өнөктөштөр алдындагы милдеттенмелерин аткарууга тоскоол болуп жатканын билдирди. Жүктөрдүн арасында тез бузула турган азык-түлүктөр жана чоң чыгымга учурата турган товарлар бар экенин белгиледи.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетинде эч кандай чектөө жок экенин, чек арада мыйзамсыз ишмердикке каршы иш-чаралар жүрүп жатканын маалымдады. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG