Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:00

Кой-Таш иши: Султанбеков Башкы прокуратурага кайрылды


Кой-Таш айылы. 8-август, 2019-жыл.
Кой-Таш айылы. 8-август, 2019-жыл.

Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча 1700 жабырлануучунун арызын кароо өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылганын билдирди. Ал кайрылуунун тексттин Фейсбуктагы баракчасына жарыялап, башкы көзөмөл органы аны расмий каттоого алганын жазды.

Кайрылууда Кой-Таш окуясында 1700 адам өздөрүн "жабырлануучу" деп таануу боюнча төрт жыл мурун Башкы прокуратурага кайрылып, алигүнчө алардын өтүнүчүнө эч кандай жооп болбогону айтылат. Султанбеков кайрылгандардын арасында ок жегендер да бар экенин белгилеген.


Султанбековдун кайрылуусу тууралуу азырынча Башкы прокуратура маалымат бере элек.

Кой-Таш окуясына байланыштуу козголгон кылмыш ишин териштирүү Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда жүрүүдө. Сот жараяны былтыр башталган.

Өткөн айда Европа парламентинде Кой-Таш окуясына байланыштуу соттун создукканы жана жабыркаган тургундардын күч органдарына карата дооматы иликтенбей жатканына байланыштуу маселе көтөрүлгөн. Европалык социалисттер партиясынын төрагасынын орун басары Катарина Рот Неведялова 12-июлда Брюсселде "төрт жылдан бери адамдар иштеген жумушунан алагды болуп, сотко бара берүүдөн тажашты" деп айткан. Ал Кыргызстандын укук тартибин коргоо органдары күч кызматкерлеринин 2019-жылы 7-8-августтагы аракетине арызданган 1700 жай тургундун суроолоруна алигүнчө жооп бербей, териштирүүнү баштай электигин белгилеген.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Алмазбек Атамбаев 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Аны колго түшүрүү операциясында бир офицер каза болуп, 175 адам жараат алган. Бир нече иш козголуп, 2019-жылдан бери камакта отурган Алмазбек Атамбаев быйыл 14-февралда абактан бошотулган жана 15-февралда дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткени айтылган. Бишкектин Биринчи май райондук соту анын чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарган.

Тергөө жана прокуратура органдары Кой-Таш окуясы боюнча коюлган айыптын далилдери жетиштүү экенин айтышкан.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG