Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Алматыда көп кабаттуу үйдөгү өрттөн 30дан ашуун киши жабыркады


Алматыдагы өрт өчүрүүчү автоунаа. 17-август, 2012-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Алматыдагы өрт өчүрүүчү автоунаа. 17-август, 2012-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Алматы шаарынын Аккент кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде тутанган өрттөн отуздан ашуун киши жабыркады. Алардын көбү балдар экенин калаанын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди.

Тилсиз жоо 16 кабат үйдүн бешинчи кабатында тутанганын, учурда өрт өчүрүлгөнүн, тургундарды куткаруу жана эваукация иштери жүрүп жатканын Өзгөчө кырдаалдар департаменти маалымдады.

Социалдык тармактарга жарыяланган видеолордо үйдүн алдында турган адамдарды көрүүгө болот. Алар төшөк, килем жайып батирлеринен секирген тургундарды кармап калууга аракет кылып жатышат.

Өрткө эмне себеп болгону жана канча аянтты каптаганы белгисиз.

Бул окуядан кийин өрт коопсуздугу боюнча эрежелердин сакталышы боюнча талкуулар кайрадан көтөрүлдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG