Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

ӨКМдин куткаруучулары Жеңиш чокусунда жоголгон альпинисттерди издеп жатат


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.

19-июлдан бери дайынсыз болуп жаткан орусиялык альпинисттер Дмитрий Павленко, анын жубайы Светлана Великанова жана алар менен кеткен эки адамды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары издеп жатат.

Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Издөө ишине “Эдельвейс” тоодон куткаруу кошуунунун жети, министрликтин 16 куткаруучусу тартылган.

Буга чейин орусиялык үч жана литвалык бир жаран 13-июлда Жеңиш чокусуна жүрүшкө чыкканы, 19-июлда акыркы жолу байланышып, андан бери кабарсыз болуп жатканы маалым болгон.

Казакстандык альпинист Ярослав Сабырбаев "Азаттыкка" "бул команданын курамында болуп, бирок белгилүү себептерден улам чокуга чыкпай калганын" билдирген.

Сабырбаев Mountain.ru сайтына топ 19-июль күнү артка кайтканын, 7200 метр бийиктикти көрсөтүп жаткан трекери дароо 6579 метрди көрсөтүп калганын айтып берген. Мындан кийин алар менен байланышуу мүмкүн болгон эмес.

Орусиялык Дмитрий Павленко жана анын жубайы Светлана Великанова бир канча жылдан бери Кыргызстанда жашап келген.

Светлана менен Дмитрий былтыр 24-майда Чүй облусунун аймагындагы Путин чокусуна Украинанын желегин орноткон видеосун жарыялагандан кийин милицияга чакырылганын "Азатыкка" билдиришкен.

Алар Кыргызстандагы жашоосу, тоолорго болгон сүйүүсү жөнүндө "Азаттык+" программасында ой бөлүшкөн. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG