Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Молдо Нияздын чыгармасы алгачкы жолу түрк тилинде жарык көрдү


Молдо Нияздын чыгармачылыгына арналган түрк тилиндеги китеп.
Молдо Нияздын чыгармачылыгына арналган түрк тилиндеги китеп.

Кыргыздын тунгуч жазма акындарынын бири, агартуучу Молдо Нияздын 200 жылдыгына карата эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун колдоосу менен биринчи жолу акындын чыгармасы жана ал жөнүндөгү изилдөө камтылган эмгек түрк тилинде жарык көрдү.

“Sanat-i Digar” (Astar) деп аталган китепти түркология илиминин доктору Гүлзада Нармаматова түзгөн.

Уюмдун баш катчысы Султан Раев буга чейин түрк окурмандарына Молдо Нияздын мурасы жетпей келсе, эми бул китеп акындын руханий дүйнөсүн кеңири таанытууга өбөлгө болот деген пикирин билдирди.

“Бул эмгек Молдо Ниязды изилдөө үчүн түрк окмуштууларына да пайдалуу болот деген үмүттөбүз. Азыркы күндө Молдо Нияз мурас таанытымын Анкаранын, Стамбулдун белгилүү университеттеринде, ТҮРКСОЙдун штаб-үйүндө коомчулук менен бирге өткөрүүнү мерчемдеп турабыз. Алдыда Барпы Алыкулов, Казыбек казалчы, Байдылда Сарногоевдин, ошондой эле бир топ азыркы адабият өкүлдөрүнүн чыгармаларын түрк тилинде басып чыгаруу планыбызда бар”.

Буга чейин ТҮРКСОЙдун колдоосу менен түрк тилинде Чыңгыз Айтматов, Касым Тыныстанов, Төлөгөн Касымбеков, Жолон Мамытов, Мар Байжиев, Атантай Акбаровдун китептери жана кыргыз жаштар поэзиясынын антологиясы жарык көргөн.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму азербайжан, казак, өзбек, түрк, түркмөн, мажар адабияты, дүйнөнүн ар кайсы булуңунда жашаган түрк тилдүү элдердин руханий баалуулуктарын иликтеген эмгектерди жарыялап келет. Жакында эле Иракта жашаган ирак түркмөндөрүнүн балдарына арнап 30 миң нускадагы китеп чыгарылды. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG