Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:10

Орусия Одессага катуу сокку урду, Беларуска өзөктүк курал жеткиргени ырасталды


Одессада бутага алынган Спасо-Преображенский чиркөөсүнүн абалы. 23-июль, 2023-жыл.
Одессада бутага алынган Спасо-Преображенский чиркөөсүнүн абалы. 23-июль, 2023-жыл.

Орус армиясы Одессанын тарыхый бөлүгүнө жекшембиде сокку урганда бир адам каза таап, 20дан ашыгы жараат алды. ЮНЕСКОнун коргоосуна алынган Спасо-Преображенский чиркөөсү зыян тартты. Киев менен Москва бул үчүн бири-бирин айыптап жатат. Запорожье облусундагы чабуулда Орусиянын аскердик кабарчысы каза болду. Ал арада АКШнын чалгын кызматы Москванын өзөктүк куралы Беларуска жеткирилгенин ырастады.

Тарыхый жайга урулган сокку

23-июлга караган түнү орус армиясы Украинанын Одесса шаарына кайрадан сокку урду. Дээрлик бир аптадан бери тынымсыз бутага алынып келаткан калаада жекшембидеги чабуул жергиликтүү 49 жаштагы тургундун өмүрүн кыйды. "Азаттыктын" украин кызматы 22 киши жараат алганын жазды.

Облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Кипер Телеграм каналында маалымдагандай, 14 киши ооруканага жеткирилди. Жабыркагандардын төртөө балдар.

Бул чабуулда Одессанын тарыхый бөлүгү бутага алынып, Спасо-Преображенский чиркөөсү да зыян тартты. 18-кылымга таандык чиркөө совет бийлиги учурунда талкаланып, кийин кайра калыбына келтирилген, ЮНЕСКОнун коргоосунда.

"Снаряд оң капталына тийген жана икона, шам жана китептер сатылчу жайды талкалаган. Ошол жерден өрт тутанган. Жалын өчүрүлдү" , - деди чиркөөнүн кызматкери Андрей Пальчук.

Соккудан кийинки көрүнүш
Соккудан кийинки көрүнүш

Орусиянын Коргоо министрлиги Одессага урулган акыркы сокку тууралуу маалымат берип, муну "Орусияга каршы даярдалып жаткан террордук актыларга каршы чабуул" деп атады.

Министрликтин өкүлү Игорь Конашенков орус армиясы "чет элдик жалданма аскерлер жайгашкан" делген объектилерге "жогорку тактыктагы куралдар" менен сокку уруп, бардык буталар жок кылынганын маалымдады.

Орусия Одессадагы чиркөөгө атайылап сокку урулбаганын белгилеп, муну Украинанын Аскердик-аба күчтөрү жасаган болушу мүмкүндүгүн айтууда.

Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко Орусия архитектуралык эстеликтерди гана эмес, көп кылымдык тарыхы бар түркүн түстүү шаарды ырайымсыздык менен талкалап жатканын Телеграмга жазды.

Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча комиссары Жозеп Боррел чиркөөгө урулган соккуну Москванын карасанатайлыгы деп атады.

Кабарчынын өлүмү

22-февралда Орусиянын мамлекеттик "РИА Новости" маалымат агенттигинин кабарчысы Ростислав Журавлев Украинада каза тапкан.

Орусиянын Коргоо министрлиги ал Запорожье облусунда Пятихатка кыштагында артиллериялык чабуулда мүрт кеткенин билдирди. Июнь айынын башынан бери бул айылда айыгышкан согуш жүрүүдө. Буга чейин украин тарап айылды ээлегени маалымдалган.

Журавлев "Нежурка" Телеграм каналында да Украинадагы согушту чагылдырып келген. 2014-жылы Крымды аннексиялоого жана Донбасстагы согушка жикчилдердин катарында катышкан.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова журналисттин өлүмүн Украинанын террордук кылмышы деп атады, бирок кабарчы украин аскерлеринин колунан каза тапканы тууралуу эч кандай далил келтирген жок. Захарова Журевлевдин өлүмү Украинага курал-жарактан жардам берип жаткан өлкөлөрдүн жоопкерчилигинде болорун белгиледи. Киев бул окуяга комментарий бере элек.

Ростислав Журавлев
Ростислав Журавлев

"РИА Новости" Журавлев менен кошо фотокабарчы Константин Михальчевский да жараат алганын кабарлады.

Орусиянын Журналисттер союзу "Известия" басылмасынын кабарчысы жана оператору Роман Польшаков менен Дмитрий Шиков дагы жарадар болгонун билдирди. ТАСС жана "Россия" телеканалдарынын кабарчылары ок атышууда калып калганы маалымдалды.

23-июлда Донецк облусунда Германиянын Deutsche Welle каналынын оператору Евгений Шилко жараат алганы кабарланды. Журналисттин айтымында, алар Украинанын аскер кызматкерлеринин Краматорск аймагындагы машыгуусун тартып жаткан маалда аткылоого кабылышкан. Шилко ооруканада жатат. Анын абалы туруктуу деп бааланууда.

Deutsche Welle билдиргендей, орус армиясы кассеталык бомбалар менен сокку урган. Анда бир украин аскери набыт болуп, дагы бир нечеси жараат алды.

Орусия Украинага согуш баштагандан бери ондогон журналист, блоггерлер ажал тапты. Орусиянын ракеталык чабуулунан өткөн жылы "Азаттыктын" украин кызматынын кабарчысы Вера Гирич көз жумган. Ага чейин украиналык фотограф Максим Левин орус аскерлеринин колунан каза тапкан. Киевди аткылоо учурунда орусиялык оппозициячыл журналист Оксана Баулина өмүр менен кош айтышкан.

Өзөктүк курал Беларуста

АКШнын Коргоо министрлигине караштуу чалгын кызматы орус президенти Владимир Путиндин тактикалык өзөктүк куралдын Беларуска жайгаштырганы жөнүндө сөзүнө "күмөн саноого негиз жок" экенин билдирди. Бул тууралуу аты аталбаган аткаминерлерге таянып CNN каналы билдирди.

Путин өзөктүк курал Беларуска жайгаштырылганын өткөн айда айткан. Батыш мамлекеттеринин расмий өкүлдөрү бул кабарды ырастап же төгүндөгөн эмес.

Буга чейин АКШ чалгын кызматы Беларуста тактикалык өзөктүк куралды сактоо үчүн атайын жайларды куруу иштери болуп же болбогонун тактай албаганы менен, алардын курулушу жөнүндө эки өлкөнүн тең башчылары билдирген. Америкалык чалгын кызматы Беларустун аймагында өзөктүк дүрмөттөрдү сактоого ылайыкташкан советтик мезгилден калган объектилер бар экенин маалымдады.


Чалгын кызматы Беларуска жайгаштырылган өзөктүк куралга Орусия толук көзөмөл кыларын белгилеген. Муну менен алар Лукашенконун "керектүү учурда өзөктүк куралды тоскоолдуксуз колдоно алары" жөнүндө айтканы күмөндүү экенин кошумчалаган. Путин да буга чейин өзөктүк курал Орусиянын көзөмөлүндө болорун айткан.

Беларуска канча өзөктүк курал жайгаштырылары белгисиз.

Вашингтондун пикиринде азыр өзөктүк курал колдонулат деген кооптонуу жок жана буга байланыштуу АКШ өзөктүк стратегиясы өзгөртпөйт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG